Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Соттордун коопсуздугу колго алынбай жатабы?


Ош шаарына чогулган түштүк аймагынын судьялары соттук системаны реформалоо жана кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары сот бийлигинин өкүлдөрүнүн өмүрүнө соңку убакта коркунуч келип жатканына тынчсыздануулар айтылды.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунун колдоосу аркасында уюштурулган эки күндүк семинардын жүрүшүндө соттук реформанын күңгөй-тескейи талкууланды. Мында баш коргоо чарасын аныктоо санкциясын прокуратурадан сот органдарына өткөрүп берүү прогрессивдүү кадам катары бааланды. Ошондой эле кылмышкерлерди эркинен ажыратпастан туруп жазалоо демилгеси да кубатталды.

Жогорку Соттун судьясы Низамидин Азимжановдун пикиринче, өлкөдө Судьялар Кеңешинин өкүм сүрүшү айрым профессионал эмес адистерден арылууга шарт жаратып олтурат.

Ал эми жергиликтүү судьялардын айтымында, айрыкча алыскы райондордогу соттордун материалдык-техникалык базасынын начардыгы жараяндарды ачык-айкын жүргүзүүгө кесепетин тийгизүүдө.

Баткен райондук сотунун судьясы Исмаил Каримжанов жер-жерлерде арачы соттор институтун эртелетип ишке киргизүү оң натыйжасын берерин белгиледи.

Кеп арасында акыркы жылдары сот бийлигинин өкүлдөрүнүн коопсуздугу көңүлгө алынбай жаткандыгы айтылды. Массалык маалымат каражаттарында байма-бай чагылдырылгандай, Кадамжай районунда судьялардын бири шектелүүүчү тарабынан муш жеген. Жакында эле Баткен облустук сотунун төрагасы Табылды Жусубалиевди Өзгөндө белгисиз адамдар кармап кетип, өмүрүнө коркунуч туудурган.

Талкуунун катышууучулары өлкөдөгү кылмыш-жаза мыйзамдарынын гумандаштырылышын демократиянын жемиши сыңары сыпатташты. Маселен, Жалал-Абат шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова мындай кадам дүйнөлүк укуктук документтерге ылайыкталып жасалгандыгын билдирди.

Кылмыш-жазага тиешелүү мыйзамдардын ашкере гумандаштырылышы айрым кыйынчылыктарды жаратып жатканын Жогорку Соттун судьясы Низамидин Азимжанов айта кетти.

Талкууну уюштурган бейөкмөт уюмдардын баамында, калыс чечимдердин кабыл алынышы үчүн аталган системаны реформалоо же кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруу аздык кылат. Ушуга удаа арачы соттор иниститиутун жандандыруу зарыл.

XS
SM
MD
LG