Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:57

1919-жылы мугалим болгон Жусуп Иманалиев учурунда Нарын, Ысык-Көл облустарында отузга жакын мектептин ачылышына салым кошкон. Жусуп Иманалиевди анын уулу Жумабек Жусупов эскерет.

- Жумабек мырза, атаңыз Жусуп Иманалиев 1919-жылы мугалим болгон экен. 1947-жылы Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим деген ардак наамга арзыган экен. Доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов менен репрессия учурунда сиздин атаңызды бир камерада жаткан дешет. "Биринчи мугалим" атыккан атаңызды эскере кетпейсизби?

Жумабек Жусупов: Атам жөнүндө айтса көп сөз, узун сабак аңгеме болот. Ал 1900-жылы туулган экен. Быйыл 110 жылдыгын белгилейли деп тилек кылып турабыз. Окууга дилгир болгондуктан, сабатсыздыгын молдолордон окуп, жойгон экен.

Маштай, Садык деген молдолордон окуган дешет. Алгач арабча кат таанып, кийин латынча окуп, андан кийин орус тамгалары менен кыргызча билим алган экен. Дээринде бар болсо керек, зээндүү болгондуктан 19 жашында кайра балдарды окутуп, Жусуп молдо аталган тура. Жашында эле жепирейген тамдарда балдарды окуткан экен. Атамдан таалим-тарбия алгандар кийин өлкөгө таанылган инсан болушту.

- Жусуп Иманалиев учурунда башка район, аймактарда да иштеп, агартуучулук кылса керек?

Жумабек Жусупов: Өткөн кылымдын отузунчу жылдары Коммунисттик партиянын катарына өткөндөн кийин райондук аткаруу комитеттеринде кызмат кылган. Партиялык тапшырма менен ар кайсы жерге жиберип, Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондорунда иштеген экен. Ысык-Көл облусунун борбору Караколдо бир топ жыл райондук аткаруу комитетинде иштептир. Ошол учурда бир нече мектептин ачылышына салым кошкон экен.
Жашында эле жепирейген тамдарда балдарды окуткан экен. Атамдан таалим-тарбия алгандар кийин өлкөгө таанылган инсан болушту.


Андан кийин кайра айылы Он-Арчага келип, мугалим, мектеп директору, партиялык жергиликтүү уюмдун катчысы болуп иштеген. Атамдын таржымалын айта берсе, өзүнчө эле тарыхый окуялар. Анын мээнети бааланып, айылдагы мурдагы «Коммунизм» орто мектебине ысымы берилип, Жусуп Иманалиев атындагы орто мектеп аталган. Мектепте чакан музей ачылган.

Быйыл ошол музейди кеңейтип, күзүндө 110 жылдыгын белгилейли деген демилге көтөрүлүп жатат. Музейге көп экспонаттарды чогултуп, өзү жана окуучулары тууралуу кеңири маалыматтарды чогултууга аракет кылып жатабыз.

- Жусуп Иманалиевден билим-таалим алган окуучулары, шакирттери атайын агайын эскерип жатышабы? Демилгени колдоого алгандар болуудабы?

Жумабек Жусупов: Ошол убакта бирге иштеп калган эмгек ардагери Күмүш Суранова баш болгон айыл аксакалдары эскерип турушат. Жалпы эл да колдоп жүрөт. Учурда мектептин директору Жыргалбек Өмүров демилге көтөрүп, музейин кеңейтели, 110 жылдыгын белгилейли деп азыртадан камылга көрүүгө аракет кылып жатат.

- Жусуп Иманалиевдин артында канча баласы, небере-чөбөрөсү калды?

Жумабек Жусупов: Бала-бакырасы өзүнчө эле бир шаар болуп калды. Атамдан алты эркек, бир кыз калган элек. Андан учурда үч эркек, бир кыз калдык. Небере-чөбөрөсү элүүгө чамалап калды.
Атабыздын өмүр таржымалы, документтери эле бир музейге арзыйт.


- Жусуп Иманалиевдин жолун жолдоп, мугалимдик кесипти аркалаган небере-чөбөрөлөрү барбы?

Жумабек Жусупов: Атамдын жолун жолдогон неберелери бар. Менин улуу кызым Анар Жусупова Чүй облусунун Ивановка айылындагы мектептин жетекчисинин орун басары болуп иштейт. Айылда дагы бир кызым жогорку окуу жайын быйыл бүтүрүп келди. Ал да мугалимдик кесипти тандап алган. Экөө тең чоң атасынын жолун жолдоого дилгирленип, мугалимдик кесипти өз эрки менен тандап алышкан.

- Мектептеги музейге кандай экспонаттарды коюп, кандай материалдарды топтоого ниет кылып жатасыздар?

Жумабек Жусупов: Атабыздын өмүр таржымалы, документтери эле бир музейге арзыйт. Жалпы эле 1919-жылдан берки тарыхый окуяларды атамдын өмүрү менен бирге карап, талдоого алуу зарыл. Жалпы Кыргызстандын тарыхын камтый турган экспонаттарды жыйноо милдети турат.
Окуткан окуучуларынын, шакирттеринин пикирлерин да жазып алуу зарыл болуп турат.


1916-жылкы Үркүн, андан кийинки Октябрь ыңкылабы, кийинки колхоздоштуруу, Ата мекендик согуш, бир нече мектептерди уюштурганы, мугалимдик ишмердиги тууралуу абдан көп экспонаттарды жыйноо милдеттери турат.

Көп материалдарды издеп, архивде отурууга туура келет. Окуткан окуучуларынын, шакирттеринин пикирлерин да жазып алуу зарыл болуп турат. Ошондой чоң табылгаларды музейге алып келүү керек. Мындай экспонаттарды тапсак, музейдин баркы көтөрүлүп, тарыхый окуяларды баяндаган жайга айланат эле.

- "Биринчи мугалим" аталган Жусуп Иманалиевден таалим-тарбия алган өлкөгө таанымал окуучулары кимдер?

Жумабек Жусупов: Өзүнүн уулу, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов кыргыз журтчулугуна таанымал. Учурунда мамлекеттик жана ички иштер тармагында иштеп, генерал даражасына жеткен Бейше Молдогазиев, белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиев, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Сайыргазы Түркмөнов менен Султан Мамбетбаев, таланттуу акын, маркум Жумакан Тынымсейитова, тарых илимдеринин кандидаты Какен Мамбеталиева, Жогорку кеңештин депутаты, маркум Мукаш Абдараев, Эрмек Кудайбергенов, Курманбек Нурмухамбетов, Жумамүдүн Кадырмамбетов жана башка окуучулары бар. Мындан сырткары өзү окуткан Кулум Нурмухамбетов, Өмүр Абдыкадыров, Самүдүн Шайкыев кийин мектептин жетекчилери болуп, далай жаштарга билим берип, уядан учурган.

"Азаттыктын" архивинен: 21-кылымдын мектеби

Кара-Суу районунун Савай-Арык айылынын окуучулары жаңы окуу жылынан тарта айылдагы турак үйлөрдүн биринде окуусун улантууга аргасыз болушту. JAk. MiT.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG