Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Талант тагдыры: Улуу казак акыны Курмангазы


Казактын улуу домбырачысы, күүчү Курмангазы Сагырбаевдин туулган күнүнө 190 жыл толду.

Абалтан эле ар кандай доорлордо жашашкан алтын жаак, жез таңдай төкмө акындары, айтылуу домбырачылары “Кыргызым сен казагы жок жалкысың, кыргызы жок сен казагым жартысың”-дешип, коюн-колтук алыша бирге журушуп, эки эгиз элдин ырдаган ырлары, черткен күүлөрү, айтышкан дастандары менен эриктиришпей чечекейлерин чеч кыла жарпын жазып келишкен. Алар бири-биринин ырларын ырдашып, дастандарын айтышып, күүлөрүн чертишип “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышкан”.

Белгилүү комузчу, дастанчы, ырчы Асылбек Эшмамбетов өзүнүн эскерүүсүндө: “Казак, кыргыз бир тууган, ал экөөнү бир эне, бир ата тууган”-деп, бала чагымдан боордош казактардын, арасында жашап, ырларын ырдап, миң түркүн кайрыктарга бай күүлөрүн ушуп өстүм. Мага өзгөчө кыргыздын тоо булбулу атыккан Токтогулдай эркиндик, теңдик үчүн күрөшуп, ак жерден айдалып, түрмөдөн башы чыкпай, көрбөгон кордуктарды көруп, тартпаган азаптарды тартып өмүрүн өткөргөн казактын улуу домбырачысы Курмангазынын күүлөрү өтө жагат.

Комуз кармагандан баштап домбыра да черткенди үйрөндүм. Казактын белгилүү домбырачыларынан Курмангазынын эң бир татаал тагдырларын баяндаган “Сары Арка”, “Аман бол шешем, аман бол”, “Кишкинтай”, “Балбуран”, “Серпер”, “Кайран шешем” аттуу жана башка күүлөрүн үйрөндүм. Маркум домбырачы Жумабай Курмангазынын “Кишкентай” аттуу күүсүн черткенде эзилген казактын кедей-кембагалдарын эркиндик теңдикке чакырып “Истай менен Махамбет, өлдүңөрбү? Жок, өлгөн жоксуңар”, деп чертээр эле. Мен Курмангазынын жалындуу чакырыкты камтыган күүсүн Жумабайдан үйрөндүм эле, - деп эскерген эле.

Канатташ жашаган казактар туудай тутуп, тумардай урматтаган Курмангазы Сагырбаев Байыш Казакстандын Жийдели өрөөнүндөгү Бай уулу айылынын Кызыл-Курут уруусунан чыккан. Ал үстүнө үйрүп салаар кийими, үрүп чыгаар ити жок, кара таман кедей Сагырбайдын үй-бүлөсүндө мындан 190 жыл мурда жарык дүйнөгө келиптир. Курмангазы кендирди кескен күндөлүк жашоонун айынан алты жашынан байдын коюнун артынан түшөт.

Курмангазы алганы отун, бакканы кой болсо да бирөөгө жемин жедирбеген, айтканынан кайтпаган, намысын алдырбаган, жылаңач төөнү бучкакка чапкандай сүйлөгөн өзгөчө чыйрак, өткөрө бышык өсүптүр. Курмангазы кулактан кирип бойду алган күүгө болгон күйүп-жануусу айтылуу домбырачы Узакка жолуккандан, ага шакирт болгондон өнөрү өрт койгондой дүркүрөйт. Ал улуу устаты Узактан калк жүрөгүнүн кылы тагылган ар кандай маңыздагы күүлөрдүн түркүн гүлдөрүн, түрдүү бүрлөрүн үйрөнөт. Курмангазы бара-бара калктын муңу менен муңдашкандай, жан дүйнөсү менен сырдашкандай классик күүлөрдү биринен сала бирин чыгарат.

1830-жылы Букеев ордосунун кара таман кедейлери Жангир-хандын эзүүсүнө чыдай алышпай көтөрүлүш чыгарышат. Ага Истай Тойманов менен Махамбет жетекчилик кылат. Жангир Ханга жардамга мыкачы, башкесерлер Бек жетектеген жана Урал казактарынын согушчул отряддарынын жоокерлери жардамга келет. Алар начар куралданышкан көтөрүлүшчүлөрдү койдой кырышат. Истай набыт болот.

Суудай аккан кандуу көтөрүлушкө Курмангазы да жандуу катышат. Ал жазыксыз жерден жандары жаннаттан жай табышкан бей-бечералардын жана эркиндик, теңдик, карапайым калктын бактысы үчүн күрөшкөн Иситайдын жаркын элесине арнап өзөктү өрттөгөн “Кишкентай” аттуу кайрыктары муңга толгон күүсун чыгарат.

“Жигит шок болсун, шок болбосо жок болсун”-дегендей бала чагынан тың чыккан Курмангазы чоң тойдо далдайган узун бойлуу Жанша бай менен күрөшкө түшүп, аны үч жолу көтөрүп чапкандыгы, Калбан-Кулак аттуу күлүгү ат чабышта баш байгени жеңип алгандыгы үчүн Урду түрмөсүндө бир жыл жатып качып чыгат.

Ал абактан келери менен элдин канын митедей соргон жергиликтүү эзүүчү Абубакир Акбаевден атасынын акысын доолап, “Баш кесмек бар, тил кесмек жок”-деп, жаакташа кетип, Уралдын түрмөсүнө салынат. Кайрадан качып чыгат. Элинен жеринен безет. Ак падышанын тыңчысы Акбаев Курмангазыны “ат уурдадың, жылкыга тийдиң” деген жалган жалаа менен Оренбор, Иркутск түрмөлөрүнө салдырат.

Ал канча жолу сургүнгө айдалса да, кайратынан жанбай, колунан домбырасын түшүрбөй, чөкпөй, кыл аркандай чыйралып, күүдөн-күүнү чыгарып, хан ордосун титиретиптир. Курмангазы өзүнун көргон кордуктарын, тарткан азаптарын “Аман бол шешем, аман бол”, “Кишен ачкан”, “Эртең кетем”, “Көбүк чачкан” аттуу жана башка күүлөрүндө баяндап карапайым калкты эркиндикке, теңдикке чакырат.

Орустун саякатчысы И. Савичев Курмангазыга жолугуп, күүлөрүн угуп, анын туубаса шыгына, аткаруучулук чеберчилигине: “И.В. Бородин менен бүтүндөй Буккев ордосуна белгилүү биринчи балалайка черткен артист Курмангазы Сагырбаев менен тааныштырып кубанычтын кучагына бөлөдү. Ал орто бойлуу, орто жаштагы бетинен акылмандуулуктун нуру төгүлгөн, байдай, кедейдей кийим кийбеген адам экен. Ал скрипкада, гитарада, баарынан эң мыкты балалайка менен домбырады ойноду. Курмангазы эки кылдуу домбырага жан киргезе укмуштай чеберчиликте ойноду. Аны көзүңдү ирмебей карап эле отургуң, уккуң келет. Сагырбаев сейрек кездешүүчү жан. Эгер европалык билим алса, ал музыка дүйнөсүнүн чолпон жылдызы болоор эле”- деген баасын берген Савичев.

Шакирттеринин айтымында Курмангазыда нукура кайталангыс аткаруучулук чеберчилик өтө күчтүү болуптур. Ал күүлөрүн черткенде не бир укмуштай ыкмаларды, штрихтерди алып, колун аспабында ар бир угуучунун ооздорун ачыргандай кубулта ойношчу экен. Ошондон улам Курмангазынын колундагы домбырасы жыгач эмес эле ийлеген кайыштай балбырап кеткендей элести туудуруптур. Ысымы уламага айланган Курмангазынын күүлөрү шакирттери Дина Нурпейисованын, Ергали Ешановдун, Уахап Кабигожиндин, Гилман Хайрушевдин жана башкалардын чертүүсүндө казактын ар кандай муундарына көөнөрбөс мурас катары тартууланып келүүдө.

Ал эми 1935-жылдан Курмангазынын “Айдай”, “Балбраун”, “Сары-Арка” аттуу жана башка классикалык күүлөрү Курмангазы атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринде аткарылып, угуучулдардын жарпын жазууда.

Казактын улуу домбырачысы, күүчү Курмангазы Сагырбаевдин туулган күнүнүн 190 жана өлгөнүнун 120 жылдыгына арналган эскерүү музыкалык берүүнү уктуңуздар
XS
SM
MD
LG