Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Казакстанда иштеген жүздөн ашуун кыргызстандык мигранттар Бишкекте нааразылык акциясына чыкты. Алар Казакстанда соңку бир жылда соода кылууга таптакыр мүмкүн болбой калганын айтып даттанышты, бул маселени чечип берүүгө бийликке эки жумадай убакыт беришти.

1-февралда акцияга чыккандардын айтымында, Казакстанда чет өлкөлүктөргө соода кылууга уруксат берилбей, мигранттар мыйзамсыз иштегенге аргасыз болууда. Казак тартип коргоо органдарынын кызматкерлери мигранттарды кармап кубалап, убактылуу камоочу жайларга камаган учурлары көбөйдү.

Алматада базарлардын биринде соода кылган Мелис аттуу жигит Казакстандын милициялар жүдөтүп, кыйнап жибергенин, бул маселени кыргыз өкмөтү кийлигишип чече алабы, же жокпу деген суроого жооп алганы келгени айтты:

- Бизге экинчи сорттогу адамдардай мамиле кылып жатышат. Казак милициялары алтүгүл боюнда бар аялдарды, апаларды сүйрөп камашат.

Сагындык Чомоев да Казакстанда соода кылат. Анын айтымында, мигранттар көйгөйлөрүн айтып бир нече жолу кыргыз бийлигине арыз менен кайрылышкан. Бирок жооп болгон эмес:

- Бул жерге азыр соодагерлер гана келди. Куруучулар болсо калды. Бирок баардыгында бирдей көйгөй. Эгер ошол маселени бир ыктай кылып чечип берсе жакшы болот эле. Бул жеке эле мен үчүн, же тууганым үчүн эмес, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жакшы болот эле.

Мигранттар бийликке арыз-дартын айтып, маселени чечүүгө эки жума убакыт беришти. Арстан Турдумаматов алар Казакстанда мындан ары соода кылууга уруксат берилеби же жокпу деген түз суроого жооп күтүп жатышканын, болбосо Казакстандан миңдеген мигранттар кайтып келип өлкөдө абал курчуп кетиши ыктымал экенин эскертти:

- Бул маселенин чечилишин дагы эки жумадай күтөбүз деп атышат. Бул убакыт аралыгында чечилбесе анда баардыгыбыз келебиз. Биздин маселебизди чечип, соода кылууга уруксатты алып берсин. Бизге ошол эле керек. Биз мамлекеттен акча сурабайбыз.

Нааразылык акциясына чыккандар менен эмгек жана миграция министри Айгүл Рыскулова жолукту. Чогулгандарга алардын маселелери курулай эле сөз болуп калбашы үчүн атайын кат жазып, эмгек укугу бузулган фактыларды тизмектеп көрсөтүүсүн сунуштады:

- Бул иштер сот менен каралып атат да, туурабы? Алар “мына мыйам бузуу бар, соттун чечими боюнча доо арыз жазгыла”, деп туруп алышы мүмкүн. Ошон үчүн биз Казакстандагы Кыргызстандын элчисин, тышкы иштер министрин чакырып, расмий түрдө өзүбүздүн позициябызды билдиришибиз керек. Ошон үчүн бизге фактылар керек.

Айгүл Рыскулова кечке маал мигранттар менен дагы бир сыйра жолукту. Ал Алматыдагы консул менен сүйлөшкөнүн билдирип, Казакстанда кыргыздардын соода кылуу маселеси жакын арада оң жагына чечилиши ыктымал экенин айтып, казак милициясынан запкы жеп каржалган мигранттарга үмүт берди.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Гүлнара Дербишова кыргыз парламенти өткөн жылдын аягы жана ушул жылдын башында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимдерди карап ратификациялаганын айтты. Депутаттар кыргызстандык мигранттардын арыздарынан улам бул маселени бир нече жолу карашканын, бул жаатта чынында эле көйгөйлөр бар экенин баса белгиледи:

- Эмгек укутарын бузуу, маянаны бербей койуу учурлары дагы эле бар. Эмгек жана миграция министрлиги биз бул маселени толук көзөмөлдөп атабыз деп жооп берип жатышты. Бирок эгер эл көтөрүлүп атса, бул анда алардын акыркы аргасы болуп калды окшойт. Ошон үчүн биз депутат катары ошол келишимдин аткарылышын сөзсүз түрдө көзөмөлдөп бекемдешибиз керек.

Көз карандысыз талодоочулар кыргыз бийлиги расмий Астана менен теңата сүйлөшө албайт, ошондуктан көп маселелер кыргыз тараптын пайдасына чечилбейт деп сындап келишет.

Расмий маалымат боюнча Казакстанда элүү миңдей кыргызстандык жаран жашап эмгектенет. Өлкө экономикасына мигранттардын кошкон салымы опол тоодой экени белгиленип жүрөт.

Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дүйнөлүк каржы каатчылыктын айынан өткөн жылы мигранттар маселеси ансыз да оорлой түшкөнүн белгилешет. Эл аралык кризис тобу четте жумуш кыскарып мекенине кайткан мигранттар көбөйгөнүн, акча которуу да азайганын маалымдаган. Ушундан улам аймакта эмгек базарлары реформалоого муктаж экенин айткан. Болбосо ишсиз мигранттар карайлап өз өлкөсүндө да жумуш таппай туруксуздук пайда болушу ыктамал экенин баса белгилеген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG