Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

7-апрель окуясына бирдиктүү көз караш жок болуп турган шартта анын катышуучуларына бийликтин сыйлык таратып жатышы коомчулукта кандай кабыл алынууда?

"Азаттыктын" суроолоруна Бишкектеги кыргыз-түрк “Манас” университетинин мудариси Кусейин Исаев жооп берди.

-Мындан беш жыл мурда болгон 24-марттагы окуяга деле, 7-апрель окуясына деле коомчулукта эмдигиче бирдиктүү көз караш жок болуп турган шартта бийликтин сыйлык таратып жатышы коомчулукта кандай кабыл алынууда деп ойлойсуз?

- Негизинен коомчулук жакшы эле кабыл алмак, эгер бир-эки суроолор такталган болсо. Апрель окуяларынын активдүү катышуучулары деп атабыз, аларды ким тактаган, кандай чен-өлчөмдөр менен табылган. Алардын саясий көз караштарын, социалдык жүрүм-турумдарын ыңкылапка чейин, ыңкылаптан кийин бирөө жарым тактаганбы? Бул мендеги биринчи суроо.

Экинчиден, 24-марттагы окуяга жана 7-апрелдеги окуяга менимче коомчулукта эмес, бийлик чөйрөсүндө бирдиктүү көз караш жок. Эгерде 2005-жылдагы март ыңкылабын алып көрсөк, анда комиссия түзүлүп, мен анын жигердүү мүчөсү болуп иштегем. Коопсуздук кеңешинин секретариатында комиссиянын доклады июнь айынын башында талкууланып, Жогорку Кеңешке чечим кабыл алганга сунуштайлы деген сөз болгон. Ал ошол бойдон калып калды. Бир жылга жете электе мен ыңкылаптын негизги максаттарына эмне үчүн жетпей жатабыз деп макала жаздым.

Негизинен жанагы суроолордун баары такталган болсо, аны коомчулукта талкуулап туруп, коомчулукка билдирип туруп, курман болгондорго, накта каармандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып койсо, анын маани-маңызы алда канча жогору болот эле.

- Апрель окуясынын катышуучуларына миллион сомдон компенсация жана мамлекеттик сыйлыктар берилип жатканда июнь айында түштүктө болгон кандуу окуялардын курмандыктарына, ага катышкан адамдарга да ушундай эле компенсация, сыйлык берүүнү талап кылган үндөр чыгууда. Бул жерде эки окуяны бирдей кароого негиз барбы?

-Биз эч убакта эки окуяны катар койбошубуз керек. Апрел окуясы – бул социалдык акыйкаттык, социалдык теңдик үчүн, социалдык азаттык үчүн жалпы журтчулуктун күрөшү болгон. БЭКтин лидерлери мына ошол күнү баары түрмөгө камалган. Жалпы журт өзүнүн демилгеси менен каршы чыккан болчу.

Ал эми июнь айындагы Ош окуясы такыр башка. Бул жерде эмдигиче анын такталбагандыгы уят көрүнүш болуп жатат. Мына апрель окуясынан бери жети ай өттү, ошонун жыйынтыгын чыгара элекпиз. Эмдигиче комиссиянын справкасы коомчулукка дайын эмес. Бул эмне деген машакаттык, бул эмне үчүн болуп жатат? Муну менен атайын коомчулукта өйдө-төмөн ушактардын жайылышына шарт түзүп берип жатабыз. Муну ачык айтышыбыз керек. Ошон үчүн Жогорку Кеңештин биринчи сессиясында карап, так маалыматтарды беришибиз керек. Мына ошону менен биз акыйкаттыкка жетишебиз.

- Апрел окуясында окко учкан адамдардын бир тобу Ата-Бейитке коюлбадыбы. Алардын сталиндик режимдин курмандыгы болгон кыргыздын көрүнүктүү уулдарынын сөөгү жаткан жерге коюлганы коомчулуктун көңүлүнө ынаган чечим болдубу? Кандай деп ойлойсуз?

- Үстүртөн алып келгенде коомчулуктун пейлине туура келген эле көрүнүш болуп калды. Себеби отузунчу жылдардагы саясий бийликке каршы чыгып, кыргыздын эркиндиги үчүн күрөшкөн улуу инсандардын атылгандан кийин Ата-Бейитке атайын коюлганы тарыхый чоң окуя болгон.

Ал эми 2010-жылы апрелдеги окуяда каза болгон 87 жигитибиз, жанагы биринчи суроого жооп берип атып айтпадымбы, канчалык деңгээлде революционер болушкан? Алардын саясий көз караштары кандай болгон, социалдык жүрүм-турумдары кандай болгон? Кыргыздарда бир сөз бар “жөн эле келип калыптыр” деген. Чын-чынына келгенде ошолордун бир тобу жөн эле келип калышкан. Мен ошолордун арасында болдум беш саат. Мага деле мисалы ок тийип, мен деле кетмекмин. Политехникалык институтта 25 жыл иштедим эле, ошондо чогуу иштегендердин бир тобу келип, мага жардамдашып, ок аткандарды билет экен, мындай кылыңыз, андай кылыңыз деп калкалап жүрүштү. Бирок негизинен буларды тең карагандыгын мен туура эле көрүп атам, алар - элдин кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн курман болгондор.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG