Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Ушу күндөрү кыргыз делегациясы Ташкентте өзбек тарап менен газдын баасын арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министри Ильяс Давыдовдун июлдун этегиндеги өкмөт жыйынында билдиргенине караганда, 2009-жылдын биринчи жарымы үчүн келишим түзүү маалында кийинки жарым жылдык үчүн газдын баасын арзандатууну тараптар макулдашкан. Ташкен жолугушуусу кандай тыянак берээри азырынча беймаалым. Ошол эле мезгилде көгүлтүр отту арзандатууга кыргыз тарап кызыкдар.

“Кыргызгаз” ишканасынын жетекчисинин орун басары Кубан Мырзаканов 10 долларга арзан болсо деле Кыргызстанга пайда болмоктугун, бирок Өзбекстан газды сатууда Орусияны карап иш кылаарын айтат:

- Арзандатпай деле коюшу мүмкүн. Орусияныкын карашат да. Алар жарым жыл бир баа менен, кийинки жарым жыл башка баа менен алышат. Жалпы санап келгенде газдын баасы ошол эле 240 долларга чыгып калып жатат. Алар 270тен, кайра 210 доллардан алышат. Учурда алар 210 доллардан алып жаткан болушу мүмкүн. Бирок коммерциялык жашыруун сыр деп айтылбайт.

Серепчи Жумакадыр Акенеев көгүлтүр оттун арзандашына көбүрөөк ишенет. Адис биринчи кезекте муну “Кыргызгаздын” көзөмөлдөөчү акциясынын Орусиянын “Газпром” ишканасына өтүшү менен негиздейт:

- Өзбекстан газды бербей кое албайт. Анткени газды бир жакка бериш керек. Алар бербей койгон күндө да аны Россияга беришет. Биз “Газпромго” өткөндөн кийин алар бизди газ менен камсыз кылат. Алар өздөрүнүн эсебинен болсо да газ берет. Алар муну туура түшүнүп турат. Бул экономикага тишелүү иш болуп жатат. Газ жок дегенде эле 150 менен 200 доллардын тегерегинде болуп калышы мүмкүн. Биз азыр өтө эле кымбат баа менен алып жатабыз.

Мындан тышкары Жумакадыр Акенеев кыргыз тарап газдын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдө суу маселесин да шарт кылып койсо болоорун белгилейт:

- Чындыгында Токтогул ГЭСинде суу аз болсо да Өзбекстанга бүгүнкү күнгө чейин сууну берүүдөбүз. Алар болбогондо ГЭС капкачан толмок. Сүйлөшүүдө ошону да сөз кылып ортого салып, газдын баасын төмөндөтүү маселесин койсо да болмок.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, “Кыргызгаздын” “Газпромго” өтүшү менен Өзбекстан Кыргызстанга абайлап мамиле кыла баштайт. Анткени Өзбекстан буга чейин Казакстанга атаандаш болуп, Кыргызстан менен Тажикистанга таасир көрсөтүп, региондо өзүн лидер сезип келген. Эми ага Орусия өңдүү чоң атаандаш пайда болгондо ал Кыргызстандагы рынокту колдон чыгарып жибербөө үчүн бул жолку сүйлөшүүлөрдө кысым жасай албайт. Мындай жагдайда баа арзандайт же калыбында калат:

- Геосаясат жагынан караганда Өзбекстан газдын баасын көтөрбөш керек. Ого бетер Кыргызстанды Россияга түртө бербеш керек. Ошондуктан Кыргызстан Россиянын канатына кетип калбасын деген ой менен Өзбекстан салмактап мамиле кылат деп ойлойм. Азыр Россия Борбор Азияга кире баштагандан кийин, Өзбекстандын кысым көрсөтүү рычагдары бошоңдой баштады.

Кубан Мырзаканов болсо, “Кыргызгаздын” “Газпромго” өтүшү Өзбекстанга кайра жакшы шартты түзүп бериши ыктымалдыгын белгилейт. Анын билдиришинче, мындай учурда Өзбекстан карыз маселесин оңой чечет. Аларга бир эле жак менен иштөө ыңгайлуу болуп калат:

- Өзбекстан бизди карызды качан төлөйт деп күтүп олтурбайт. Биздин 20 миллиондон ашык карызыбыз бар. Орустарга өтсөк, андай маселе жок болот да. Мунун экономикалык жагы бар да.

3 жыл мурун Кыргызстан Өзбекстандан газды 45 долларга, андан кийин 100, 145 доллар баага алып келген. Ал эми быйыл жыл башында Өзбекстан Кыргызстан үчүн газдын миң кубометрин 240 долларга баалаган.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG