Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

“Манас” транзиттик борборунун мөөнөтү дагы бир жылга узартылды


Бул маалыматты “Манас” транзиттик борборунун басма сөз катчысы Айгүл Карымшакова “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, транзиттик борбордун мөөнөтүн узартуу боюнча мындай келишим ушул жай ичинде жетишилген.

2009-жылдын июль айында Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосунда жыл сайын узартылып туруу шарты менен беш жылга түзүлгөн келишимге ылайык, “Манас” аба базасы транзиттик борбор болуп өзгөргөн. Келишимдин шарттары боюнча транзиттик борбордун мөөнөтү эки тарап келишимди токтотууну каалабаган учурда жыл сайын автоматтык түрдө узарып турат. “Манас” транзиттик борбору үчүн АКШ тарап Кыргызстанга жыл сайын 60 миллион доллар төлөп берип турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG