Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Максим Бакиев Лондондо Березовскийди коргогон адвокаттарды жалдады


Максим Бакиев
Максим Бакиев

Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Максим Бакиев 13-июнда Лондондон анча алыс эмес майда аэропорттордун биринде кармалган. Ушу тапта ал Британиядан саясий башпаанек алуу аракетин көрүп жаткан кез.

Ал максатта Максим убагында орусиялык олигарх Борис Березовскийди Москванын каарынан калкалап калган адвокаттык контораны жалдаганы маалым болду.

Максим Бакиевдин ишин Лондондо саясий башпаанек издеген бай жана таасирдүү адамдардын укугун коргоо жагынан аты чыккан Carter-Ruck аттуу адвокаттык фирма алып барат. Бул фирма убагында орусиялык олигарх Борис Березовский, бир катар араб шейхтери, чечендердин бозгун лидери Ахмед Закаев жана башка мурдагы мамлекет башчылары, саясатчы, бизнесмендерге юридикалык жактан жардам берип, Британияда туруктуу жашоо шартын түзүп берип келатат.

Маселен, Березовскийди Москва кайра кайтарып берүүнү талап кылганда, Женева келишими баш болгон эл аралык документтерге таяп, олигархты сотто калкалап калган. Carter-Ruck жалаң гана саясий башкалка издегендерди коргоого адистешпейт, анын башкы жетишкендиги - өзүлөрү тууралуу жарыяланган маалыматка арызданып, прессадан акча өндүрүп алууну каалагандардын таламын сотто талашуу жагынан атагы алыска тараган.

Боб Стюарт
“Эмне үчүн Максим Бакиев башкалка издеп дал Британияга барды?” – деген сурообузга британ парламентинин мүчөсү, жакында Кыргызстанга келип кеткен Боб Стюарт төмөнкүдөй жообун узатты:

Максим Бакиевдин кийинки тагдырын сот гана чече алат. Ага окшогон адамдар эмне үчүн Британияга барышат? Анткени алар ошол жакта бейкапар жашай алам деп ишенет. Бирок дайыма эле алар ойлогондой боло бербейт. Сот кандай чечим чыгарса, дал ошондой болот”.

Ошентип, мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиевге Британияда башпаанек берүү ишин мындай иштерге дасыккан адвокаттык фирма колго алды. Атын атабоону өтүнгөн Лондондогу коопсуздук компаниясынын кызматкери: “Лондондун тегерегиндеги аймакты камтыган картаны ачып көрсөңүз, Максим Бакиев эмне үчүн Фарнборо деген чакан шаарчага учуп барды деген суроого жооп табасыз. Анткени дал ушул аэродром Борис Березовскийдин вилласына эң жакын жайгашкан, ошондуктан экөөнүн байланышы бар деп кээ бир Лондондук маалымат каражатары жазганына ишенем”, - деп кошумчалайт.

Таирбек Сарпашев
Максим Бакиев менен орусиялык олигарх Борис Березовскийдин байланыш-катышы бар экени 2006-жылы кыргыз парламентинде чуу чыгарып, кызуу талкуу болгон. Ал кезде Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп турган Тайырбек Сарпашев кызуу талкуу аягына чыкпай калганын айтат.

Биз айтылуу “Матрешка” чатагын иликтеп жатканда парламент дагы эки тапшырма берген. Березовский менен байланышты тактап бергиле, анан буюртма киши өлтүрүү көбөйүп кетти, аны да иликтегиле деп. Биз болгону Еленин деген ысым алдында бир киши чек арадан өтүп, кийин кайра чыгып кеткенин тактаган маалымат алалганбыз. Бирок аэропортко орнотулган видеокамераларга жазылган тасмаларды карап чыгып, ошондой ысым алдында Березовский келип кеткен деген кынтыксыз далил таба алган эмеспиз, ошол иш бүдөмүк бойдон калган”, - дейт мурдагы депутат Т.Сарпашев.

Эмнеси болсо да, чет элдик байкоочулар Британия Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берээринен ишенич жокко эсе деген пикирде. Ал үчүн Кыргызстан менен Британия ортосунда айыпталуучуларды экстрадициялоо тууралуу келишимге кол коюлушу керек. Эки өлкө ортосунда андай келишим жок. Андай документ жок учурда Кыргызстан - кайтарып берүүнү суранып жаткан айыпкердин күнөөсүн таасын далилдеп, ал мекенине кайткандан кийин жарандык укуктары сакталып, мыйзам эч жеринен бузулбаарын кепилдеши керек.

Дал ушул маселеге келгенде, Кыргызстандын кайсы бир айыпталуучуну Лондондон өткөрүп алуу мүмкүндүгү өтө төмөн, дейт Москвалык эксперт Владимир Прибыловский:

Максим Бакиевге кандай олуттуу кинелер тагылса да, Англия аны Кыргызстанга баары бир өткөрүп бербейт деген ойдомун. Анткени биздин өлкөлөрдө түрмөгө түшкөн киши аман калаарына эч ким кепил боло албайт. Орусияда түрмөгө түшкөндүн өзү барып турган азап-тозок. Кыргызстандагы жагдай андан көп деле айырмаланбайт”.

Москвадагы “Панорама” маалымат борборунун жетекчиси Владимир Прибыловский көп жылдардан бери саясий бозгундардын тагдырын иликтеп келатат .

32 жаштагы Максим Бакиев Кыргызстанда өзүнүн шериктери менен бирге миллиондогон долларлык мамлекеттик каражатты мыйзамсыз которуп алып, өз кызыкчылыгында жүгүрткөн жана кийин жакында өлкөдө болгон кутумчул окуяларга кыйыр тийешеси бар деп айыпталууда. Мурдагы кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин экинчи уулу бардык айыптоолорду четке кагып, күнөөм жок деп актанып келатат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG