Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Айлакер саясатчы Ак үйдөн кетти


Президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов 8-январда өз каалоосу менен кызматынан кетти. Жаңырган жылдын алгачкы аптасы бийлик төрүндөгү ушундай дүңгүрөгөн окуя менен башталды.

Президент Курманбек Бакиевдин администрациясын Медет Садыркулов эки жарым жыл жетектеди. Адегенде орун басар, андан кийин башчы болуп иштеди.

Аны президент Курманбек Бакиев “мамлекеттик кызматкердин чыныгы үлгүсүн көрсөттү, өлкөнүн өнүгүүсүнө көп салым кошту” деп өз администрациясындагы үлкөн жетекчилердин көзүнчө мактап, кызматтан кетүүгө макулдук бергенин ачыктады.

Кийинчерээк “Азаттыкка” берген интервьюсунда Садыркулов дагы бул кызматтан кетүүгө мезгил жеткенин, ошондуктан бул чечимди өзү кабыл алганын билдирди:

- Бул – менин өзүмдүн чечимим. Чоң иштерди жасадык. Аны эл билет. Курманбек Салиевич (Бакиев – авт.) өзү дагы ырахматын айтты. Ошондуктан бул жерде эч кандай проблема жок.

Анткен менен Медет Садыркуловдун кызматтан кетиши саясий чөйрө үчүн бүйүр кызыткан талкууларга жем таштаган окуя болду. Анын кызматтан кетишин талап кылып жүргөндөр президентке ыраазы болушса, көз карандысыз саясатчылар муну оппозициялык күчтөрдүн президентти кызматтан кетирүү талабына жооп катары кабылдашууда.

U
Оппозициядагы таасирдүү саясатчылардын бири саналган Өмүрбек Текебаев Медет Садыркуловду президенттин командасынын ынтымагы үчүн садага чабылды деди:

- Президенттин командасын эл көзүнчө сактап калуунун баасы канчага турары көрүндү. Садыркулов президенттин кланынын ички ынтымагын сактоо үчүн садага катары чабылды.

Бул - саясий чөйрө Садыркуловдун кетишине байланыштуу көшөгө артында талкуулап жаткан негизги аргументтердин бири. Президенттин ишенимине кирип алып, хансарайда чалмакей чалып, өз билгенин жасап жатат деген саясатчылар акыркы мезгилдери Садыркуловду кызматтан кетирүүгө ынтызарлыгы байкала баштаган.

Баткен окуясынын маалында мамлекеттик казынадан Аскар Акаевге берген 420 миң доллар Садыркуловду коррупциячыл катары айыптоого негиз берген башкы факт болуп келатат. Бул маселе март ыңкылабынан кийин козголгон кылмыш ишинин негизинде сотто каралып, бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкерлер акталышкан.

Бирок саясий чөйрөдө Садыркуловду жазалоого толук негиз бар деген көз караштар маал-маалы менен айтылып, талаптар коюлуп келатат. Ушу тапта аны 420 миң доллар үчүн жоопко тартуу керек деген көз карашты жактагандардын бири "Эркиндик" партиясынын негиздөөчүсү Топчубек Тургуналиев болууда. Бул маселени Садыркулов администрацияга келгенден кийин алгачкылардан болуп мурдагы Жогорку Кеңештин депутаттар тобу көтөргөн.

Көшөгө артындагы мындай жөөлөшүүлөрдү былтыр май айында Жогорку Кеңеште чыккан жаңгак уюлунун чатагы күчөткөндөй болду. Ушул чатактан кызматынан кетүүгө аргасыз болгон ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров буга Садыркуловдун таасири барын парламентте ачык эле айтып чыккан:

- Президенттик администрация башчысы баш болгон шайтандар тобу бар. “А” десең, “Б” деди деп көрсөтөт... Алга карай шилтесең, бутуңа чаап турган азаматтар бар. Аркы системанын да түбүнө жеткирген жигит ошол. Бул системанын да түбүнө жеткиргени калды.

Жеке кызыкчылыгын алдыга коюп, популисттик аракеттерди жасап жатат деген Мадумаров Садыркуловдун бул кызматтан кетишин каалап тургандыгын да айткан:

- Садыркулов жөнүндө айтып атам. Баса белгилеп айтам: ошо киши турганда эч качан биздин ишибиз алдыга жылбайт. Ошо киши турганда адилеттүү маалымат эч качан президенттин кулагына жетпейт.

Садыркулов болсо бул чатакта күнөөсү жогун, президенттин тапшырмасын аткарып жатканын “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирген. Байкоочулар болсо жаңгак уюлун саясий чатактын шылтоосу дешкен.

Садыркуловдун кызматтан кетишин ачык талап кылган “Жаңы Кыргызстан” партиясы болду. Партиянын бир катар мүчөлөрү өкмөттө мүчө, бийик даражалуу кызматтарда. Анын үстүнө президент эсептешпей кое албай турган өңүтү – март ыңкылабында Бакиевдин бийликке келишине бул партия лидерлери олуттуу салым кошкон.

Исмаил Исаков.
Анткен менен партиянын баш катчысы Исмаил Исаков Ак үйдөгү кызматын таштап кетип калды. Айрым булактарда анын кызматтан баш тартышына дал ушул президенттик администрация башчысынын саясатына макул эместик таасир этти деп айтылып жүрөт.

Былтыр сентябрда БШКнын төрайымы Клара Кабилованын өлкөдөн чыгып кетип жаткандагы
БШКнын мурдагы төрайымы Калара Кабилова.
билдирүүсү Садыркуловго урулган дагы бир сокку болду. Видеотасмада калтырган билдирүүсүндө Кабилова мындай чечимге келишине жеке эле президенттин уулу Максим Бакиевден көргөн моралдык запкысы эмес, Садыркуловдун ишмердүүлүгү менен келише албастыгы да таасир эткендигин белгилеген:

- Бул кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун шайлоо укугу боюнча маселелерине макул эместигимди билдирүү иретинде мен милдетимден өз каалоом менен баш тартам. Мен Садыркуловдун эки жүздүү ишмердиги менен келишким келбейт.

Кабилованын Садыркуловго шайлоо тууралуу койгон дооматынын өзөгү эмнеде экендиги коомчулукка билинбеген бойдон калды. Оппозиция күткөндөй Кабилова шайлоого байланыштуу кошумча билдирүү менен чыккан жок. Парламенттик шайлоону дүйнөдөгү эң ыплас шайлоо болду деп, көңүлү кайт болгон Топчубек Тургуналиев буга президент Бакиев менен кошо Садыркуловду күнөөлөп келатат.

Бирок шайлоого байланыштуу белгилүү жагы - 2007-жылы 16-декабрдагы парламенттик шайлоо саясий чөйрөдө президенттин администрация башчысысы баштаган саясий технологдордун күжүрмөн аракеттеринин туундусу катары таанылды. Шайлоодон кийин жаңыланган оппозиция бул шайлоону тааныбай тургандыгын жарыялап, кийинчерээк бул күч радикалдык маанайга ыктады.

Парламенттик шайлоо алдында негизделген президенттин “Ак жол” партиясынан 71 мүчө мандат алды. Ошол эле мезгилде шайлоочулар арасында кадыры бар деп эсептелип, өзүн карылуу сезип турган оппозициялык “Ата мекен” партиясына бир да орун тийбей калды. Бул саясий чөйрөдө Садыркуловдун оппозицияны бийликке жолотпоонун кылдат саясий жүрүшүнүн тыянагы катары бааланды. “Ак жол” партиясынын ыкчам курулушуна, анын шайлоого катышуусунун чебер уюштурулушуна жана жеңишке жетишине Садыркулов өзгөчө таасир эткендиги ушу күнгө чейин саясатка тикелей жана кыйыр тиешеси бар чөйрөлөрдө кеңири айтылып келатат.

“Ак жол” партиясына Садыркулов “Менин өлкөм” партиясын да кошкон. “Ак жол” фракциясына кирген бул партиянын жоон топ лидерлеринин бири “Менин өлкөмдүн” мурдагы координаторлорунун бири Галина Куликова Медет Садыркуловдун мыкты уюштургуч экендигинен кенедей да шек санабайт:

- Шайлоонун пропорционалдык системасын ишке киргизүү Медет Чокановичтин катышуусундагы президенттин эмгеги болду. Азыр парламентте ар улуттун, жаштардын, аялдардын болушу, парламенттин ишкер болуп чыгышы дагы менимче Медет Чокановичтин эмгеги.

Медет Садыркулов – айлакер саясатчы катары досторунун да, душмандарынын да оозунда жүрөт. Куликова болсо 2008-жылдын ар кандай саясий чыңалуулардан оолак болушунда өзүнүн устатынын салымы бар экенин кошумчалады:

- Ал бийлик өкүлдөрү менен да, оппозиция өкүлдөрү менен да тил табыша алды. Биздин өлкөнүн кадрдык мүмкүнчүлүгүн да ал абдан жакшы билет. Ал ким эмне менен дем алат, ким кайсы жактан, кимден эмнени күтсө болот, ким эмнеге жөндөмдүү абдан жакшы билет. Бул жагынан анын эмгеги баа жеткис.

Анткен менен акыркы бир жыл аралыгында маалымат саясатындагы демократиялык талаптардан артка чегинүүлөрдү укук коргоочулар дал ушул Медет Садыркуловдун ысымы менен тыгыз байланыштырып жүрүшөт. Айрыкча көз карандысыз “Де факто” гезитине каршы административдик жана кылмыш иштеринин, бир нече миллион сом айыппулдун артында президенттин администрация башчысы тургандыгы жөнүндөгү маалыматтар анын аброюна көлөкө түшүргөн көрүнүштөрдүн бири болду.

Талдоочулар ишмердүүлүгү мына ушундай карама-каршылыктар менен коштолгон Садыркуловдун кызматтан кетиши анын өз каалоосу экендигинен шек туудурарын белгилешүүдө.

- Мунун кете турганы эчак эле бышып калган. Анткени бул командада эмес. Эски тажрыйбасын колдонуу үчүн гана командага кошулган адам болчу. Ошондуктан Шекспирдин “мавр ишин жасап бүттү, мавр кете берсе болот” деген кырдаалга келди, - дейт саясат таануучу Орозбек Молдалиев.

Советтик башкаруу системасынан тарбия алган Медет Садыркулов эгемен Кыргызстан учурунда райондук деңгээлдеги жетекчиликтен баштап мурдагы президент Аскар Акаевдин президенттик администрация башчылыгына чейин жеткен. Бирок ошол кезде да хансарай оюндарынын таасири менен ал Эсеп палатасынын башчылыгына жылган. Саясатчынын Акаевдин тушундагы ишмердүүлүгү Ирандагы элчилик кызмат менен аяктаган.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев тарыхта көшөгө артында жашаган таасири күчтүү саясатчынын тагдыры башкача болушу мүмкүн эмес дейт. Талдоочунун баамында Садыркуловдун Акаевдин учурундагы тагдыры кайталанды:

- “Серый кардиналдардын” тагдыры ушундай болот. Булардын колунан баары эле келе бербейт. Бийликтеги жөөлөшүүлөр болгон кезде садага чабыла берет.

Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда Садыркулов кайсы кызматка барары жарым айдан кийин белгилүү болот. Бул аралыкта ага жан тарткан саясатчылар акылы, билими, тажрыйбасы мол, айлакер бул саясатчынын күчүн президент дагы пайдаланарын бөркүндөй көрүп турушат. “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуев кайсы кызматта болсо да Садыркуловдун бийлик сересиндеги таасири бөксөрбөйт дейт.

Бул аралыкта коомдук-саясий чөйрөдө мурдагы администрация башчы Медет Садыркулов чет өлкөлөрдүн бирине элчилик кызматка жиберилери тууралуу божомолдор айтылып жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG