Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Жол азабы: кыргыз мигранттарын текшерүү күчөдү


Бишкектен Орусия шаарлрына жол тарткан поезддер Казакстанды аралап өтөт.
Бишкектен Орусия шаарлрына жол тарткан поезддер Казакстанды аралап өтөт.

Апрель окуяларынын кийин Казакстан Кыргызстандын транзиттик поезд каттамдарын, кыргызстандык эмгек мигранттарын текшерүүнү күчөттү.

Бул тууралуу кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясынын Убактылуу өкмөт өкүлдөрүнө жолдогон кайрылуусунда айтылат. Бул маалыматты Казакстандан, Орусиядан келе жаткан айрым мигранттар да тастыктап жатышат.

Кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясынын кайрылуусунда мындан мурдараак мигранттарды кыргызстандык адвокаттар коштоп жүргөндүгү, ал убакта текшерүүлөр солгундап калганы айтылат. Ассоциация өкүлү Азамат Рахманов Убакттылуу өкмөттөн ушул маселеге көңүл буруп, маселени караштыруусун суранат. Ал мурда юристтердин маянасы мигранттардын билетке төлөгөн акчасынан чыгарылып берилгени, ал жеке фирма болгонун айтат.

- Убактылуу өкмөткө ушул маселени мыйзамдуу түрдө чечип бериңиз деп кайрылганбыз. Мигранттардын маселесин чечүүдө аларга кошулуп жардам берели дегенбиз. Бирок коштоп жүргөн юристтердин фирмасын ким башкарганын таппай койдум.


Жогоруда белгиленген жолдогу текшерүүлөр туурасында Москвага бир апта мурда кеткен Хамитжан Абдраимовдон маалымат алууга аракет кылдык. Ал түштүк Казакстанда жарандык кийимчен адамдар кирип, 100 рублден 1500 рублге чейин акча чогултуп кеткенин ырастады. Х.Абдыраимов мындай көрүнүш Кыргызстандагы соңку кырдаалдарды пайдаланып күчөп кетпесе деп кооптонот.

- Мен ошол нерсени өз көзүм менен көрүп келдим да. Жолдо эч кандай формасы жок адамдар поездге чыгып, кээ бирөөлөргө күбөлүгүн көрсөтүптүр, келип менин “долямы” чыгарып койгула деп 100-1500 рублдан чогултуп кетиптир. Бирок бизге эч нерсени көрсөткөн жок. 100-300 рублдан менин көзүмчө чогултуп кетти. Жаныбыздагы кыздар бербейбиз деди эле коркутуп-үркүтүп эле алардан да акча алып алды. Поездде жүргүнчүлөрдү коштоп жүргөндөр өздөрү товар ташыйт. Алар эч нерсе айта албайт, ооздору жабылып калган.

Ушундай эле пикирин Кыргызстанга үч күн мурда келген Орусиянын Саратов шаарындагы кыргыз диаспорасынан өкүлү Бексултан Асанов да билдирди:

- Мурда мындай эмес эле да. Токтогон жерде чыгып алып эле биздин мыйзамдын угушуң керек дейт. Мен угуп эле турам дедим. Кыскасы ал жерде сен кыйын экенсиң, мындай экенсиң дейт. Биз деле түшүнбөй калдык.

Өзүн Айбек деп тааныштырган поездде жүргүнчүлөрдү коштоп жүргөндөрдүн бири бул текшерүүлөрдү Кыргызстандагы апрель окуялары менен байланыштырбайт:

- Чек ара кызматкерлери, Бажы көзөмөлү өзүнүн иштерин аткарат да. Чек ара кызматкерлери паспорт текшерсе, экинчиси товар текшерет. Андай деле элди кыйнап, ашыкча эзген эч нерсе жок. Мурда кандай болсо ошондой эле. Жүргүнчүлөр өздөрүнүн документтерин эле туура алып чыкса оңой эле өтүшөт.

Деген менен апрель окуялары мигранттар менен ишкер чөйрөгө бир топ таасирин тийгизгендей. Анткени эки айга чукул убакыт жабык турган чек ара ачылгандан кийин деле тоскоолдуктар уланып жатканы айтылууда. Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азиядага ири базарларыдн бири “Дордойдун” профсоюз комитенин башчысы Дамира Дөөлаталиева ушул тапта оор жүк ташыган 54 унаа февраль айынан бери кармалып турганын айтты:

- Биздин товарлардын баары Харгостон өтөт. 8-февралдан бери казак-кыргыз чек арасында 54 унаа кармалып турат. Элдердин көбү банктарадн насыя алган. Товары болсо келбей атат. Товар айлануу да 30% түштү.

Жогоруда айтылган маселер боюнча Казак тараптан жооп алуу мүмкүн болгон жок. Эмгек, жумуштуулук жана миграция министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова Убактылуу өкмөт мигранттардын укуктарын коргоо жаатында аракеттерди көрүп жатканын белгиледи:

- Мигранттарды юристтер коштоп жүргөнүн мамлекет өзү колго алыш керек. Ошол эле темир жол өзүнө жоопкерчиликти алып, жургүнчүлөрдүн коопсуздугуна жооп берип, жетер-жерине жеткирем десе мигранттар деле кошумча акча чыгарып бергенге каршы чыкпайт болуш керек. Юристтер үчүн деп билетке кошумча алынган каражат мамлекеттик кассага түшүш керек. Кээ бир мигранттар тескерисинче ошол юристтердин өздөрү акча алып жатканын айтышкан. Акча жеке бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөш керек да.

XS
SM
MD
LG