Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Н. Мусаев: Кыргызстанга барып иштеп берүүгө даярмын


Түркияда окуган кыргыз студенттери
Түркияда окуган кыргыз студенттери

Премьер-министр Д.Үсөновдун Кыргызстандын өкмөтү сыртка жиберип окуткан жаштардын тизмесин тактап, аларды мамлекеттик кызматка тартуу же аларды окутууга жумшалган мамлекеттик каражатты компенсациялоо жөнүндө билдирүүсүнө Түркияда окуп билим алган, азыркы учурда Москвада иштеп жаткан кыргыз жигити Нурланбек Мусаев “Азаттыктын” дарегине жооп жазып жибериптир.

"Урматтуу Данияр Агай!

Кичи пейилдикке айтсаңыз, Кыргыз мамлекетинин бюджетинен кайсы жылдары, мамлекет кимге канча акча берип окутту эле?

Мен Түркияда он жыл окудум. 1992-1996-жылдары Түркия Жумуриятынын Билим Берүү министирлигинен орто мектептер үчүн болгон айына 15 АКШ долларына тең келген стипендия алдым.

1996-2000-жылдары Түркия Жумуруятынын Билим Берүү министирлигинен 100 АКШ долларына тең келген стипендия, Түркия премер-министринин стипендиясы - 80$, Ыстамбул мэриясы стипендиясы - 65$, Ыстамбул акимчилигинин стипендиясы - 50$, Шахиндер холдин фондусунун жетишкендиктер үчүн берилген стипендиясы - 50$, "Гайе Фондусунун" орто азиялык студенттер үчүн берилген стипендиясын - 50$ алганмын.

Жогорудагы Шахиндер жана Гайе фонддору өкмөттүк эмес уюдардын стипендиялары. Мен Кыргыз өкмөтүнөн бир тыйын стипендия алган эмесмин.

1992-1996- жылдары орто азиялык жана азербайжандык курсташтарыбызды, досторубузду өздөрүнүн мамлекети акысыз жыл сайын каникулда үйлөрүнө алып кетип турчу.

Биздин кыргыз өкмөтү 1992-жылы гана алгачкы жана акыркы жолу студенттерин Бишкектен Ыстамбулга акысыз алып барган, болгону ошо. Биз кыргызстандык студенттер жыл сайын үйгө баруу үчүн, ата энеден жок акчаны сурай албай, үйгө барууну токтоткон элек. Эки жылда бир стипендиядан чогулткан акчабыз менен барып келчүбүз.

Окууну бүтүрүп 2002-жылы Ыстамбулдагы жумушумду тыштап, өлкөм үчүн иштейм деп Кыргызстанга барганмын. Ыстамбул университетинин экономикалык факультетинин эл аралык карым-катнаштар бөлүмүнөн алган дипломумдун Кыргызстандагы "теңдигин" (эквалентность ) үч ай чуркап атып араң алгам жана Кыргыз Билим берүү министирлигине жана бир топ өкмөттүк органдарга иш издеп кайрылганмын.

Кийин бишкектик бир түрк фирмасында бир жыл иштеп, "кайрылып оңой менен иштөө үчүн келбейм" деп Кыргызстандан кеткенмин.

Мен өкмөттук структураларда эң аз айлык акы менен иштөөгө ыраазы болчумун. Азыр да ыраазымын.

Мен азыр дүнүйөдө атагы чыккан эл аралык фирмалардын биринде Москвада жакшы айлык менен иштеп атам. Фирманын Россиянын Түштүк Россия жана Түндүк Кавказ аймактары боюнча сатуу иштерин карайм. Он жылдык иш тажырыйбам бар. Орусча, англисче жана кыргызча сүйлөй да жаза да алам.

Мага окшогон Түркиядан дипломун алып, Кыргызстанга барып иш таппай учурда Москванын эң алдыңкы фирмаларында иштеп аткан жүздөгөн досторубуз бар. Алардын баары тең мекенине кызмат кылууга дайым даяр турат.

Бирок сиз Кыргызстан Республикасынын премьер-министри катары тышта окуган, тажрыйбалуу, өнөрү бар, эл аралык стандарттарда иш билген жүздөгөн, миңдеген кыргыз жаштарын иш менен камсыз кыла албагандан кийин, кайсы акчаны кимден доолап турасыз?

Эр болсоңуз тышта окуусун бүтүрүп, азыр тышта иштеп жүргөндөрдү чакырыңыз, иш менен камсыз кылыңыз! Мен жекече өзүм үчүн айтайын, келип мекеним үчүн иштеп бергенге даярмын!

Нурланбек Мусаев
XS
SM
MD
LG