Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Бүтүрүүчү, өзүңдү көрсөтө турган мезгил келди!


26-майдан 31-майга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында бүтүрүүчүлөр үчүн Жалпы республикалык тестирлөө өтөт. Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн саны 76 миңди түзгөнү менен алардын 40 миңге жакыны гана жалпы тестирлөөгө катышууда.

Жалпы республикалык тестирлөө буга чейин Чүй облусунда жүргүзүлүп, ага 10 миңден ашуун бүтүрүүчү катышкан. Бишкек шаарындагы № 93 мектептин бүтүрүүчүсү Алинанын айтымында, тест маалында учураган суроолор ал үчүн оор деле болгон жок.

- Мен үчүн тестке катышуу жеңил эле болду. Кызыктуу да өттү. Мен былтыркы тест жыйнактары менен даярдандым. Суроолор көбүнчө мектепте өткөн темалар боюнча эле келди. Бирок логикалык суроолордун жооптору туура болгондой сезиле берет экен. Ошондон кыйналдым.

Жалпы республикалык тестирлөө борборунун жетекчиси Инна Волкованын айтымында, региондордо тестирлөөгө катышып жаткан бүтүрүүчүлөрдүн так саны аныктала элек. Тестирлөө 31-майга чейин жүргүзүлгөндүктөн бүтүрүүчүлөрдү каттоо иштери өтүп жаткан маал:

- Региондордогу Жалпы республикалык тестирлөө 26-майда башталды. 31-майга чейин жүрөт. Катышуучулардын санын так айтуу кыйын. Анткени алар дагы эле катталып жатышат. Буга чейинки тестке катышкандардын саны 30 миңден ашат. Чүй облусу боюнча эле 10 миңге жакын бүтүрүүчү катышты.

Инна Волкованын айтымында, быйылкы тестирлөөнүн башка жылдардан айырмасы – милдеттүү түрдө тапшырылуучу бир гана предмет болсо, быйыл ага кошумча дагы бирөө киргизилген. Бүтүрүүчүлөр тандаган кесибине ылайык тарых, физика, чет тили жана биология-химия сабактарынын ичинен бирөөнү тандап алышы зарыл. Ошондой эле дагы бир өзгөчөлүк – келишимдин негиздеги окууларга бөлүнгөн орундардын 50 пайызына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат.

- Быйылкы жылдагы эң негизги айырмачылык - негизги тапшырылуучу сабактарга кошумча сабактар киргизилди. Бүтүрүүчүлөр тандаган кесибине жараша кошумча предметтен да тест тапшырышы керек. Алсак, техникалык билим алгысы келген бүтүрүүчү физикадан, гуманитардык билим алгысы келгендер тарыхтан жана медициналык окуу жайга тапшыргысы келгендер сөзсүз биология-химиядан кошумча тест тапшырышы керек.

2010-жылдагы тестирлөөнүн дагы бир айырмачылыгы – апрель окуяларында набыт болгондордун балдарын бюджеттик негиздеги окууга эч кандай сынаксыз кабыл алуу сунушу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Убактылуу өкмөткө жолдонду. Бул туурасында аталган министрликке караштуу кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Канат Садыков “Азаттыкка” билдирди:

- Бул маселе боюнча өкмөт менен сүйлөштүк. Алар буга байланыштуу буйругун даярдашы керек, мыйзамдуу болуш үчүн. Анткени азыркы мыйзам боюнча бюджеттик орундарга бир гана Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алуу каралган. Ал эми азыр болсо комиссия түзүп, бул маселени карап чыгышыбыз керек.

Буга чейин окуучулардын сабактарга жакшы даярданышы үчүн сынактардын санын азайтып, мамлекеттик жана жогорку окуу жайга өтүүчү экзаменди бириктирип койсо деген ойлор айтылып келген. Билим берүү академиясынын кызматкери Сейитбек Жаанбаевдин айтымында, 11-класстын окуучулары сентябрдан тартып эле экзаменге даярдана баштайт.

- Орусияда мамлекеттик экзамен менен жогорку окуу жайга тапшыруучу экзамен бириктирилип бир экзамен деп эле киргизилген. Бизде болсо он биринчи класстын окуучулары окуу жылы башталгандан тартып эле ар кайсы экзамендерди тапшырышат. Бул болсо алардын негизги сынакка даярданышына тоскоол болот.

Кошумчалай кетсек, быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 5705 бүтүрүүчү бюджеттик негиздеги окууга кабыл алынат.
XS
SM
MD
LG