Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

Чочко тумоосунан сактануу чаралары жетиштүү көрүлдүбү?


Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева мектептерди бир дем алышка жаап, чочко тумоосунун алдын алуу боюнча чараларды көрүү зарылдыгын белгилейт.

- Чочко тумоосуна чалдыккандардын саны Кыргызстанда 30дан ашты деп айтылып атат соңку маалыматтар боюнча. Учурда бул тумоону ооздуктоону, жайылтпоону мамлекет толук көзөмөлүнө алды деп айтса болобу?

- Мүмкүн азыркы учурда алды. Анткени азыр бир топ киши ушундай оору менен ооруп калганы бул өтө өкүнүчтүү. Өкмөттүн көзөмөлгө албагандан башка чарасы жок. Бирок алдын алуу чарасы көрүлгөн эмес да.

- Беткаптар боюнча маселе келип чыгып атат. Дарыканалар да аябай кымбаттатып жиберди. Ушул тумоодон пайда тапкандарга катуу чара көрүш керек деп да айтып атышат. Сиз буга кошуласызбы?

- Бир четинен айтса туура, бир четинен туура эмес маселе болот да. Эмне дегенде, дарыканалардын баары жеке менчик, алар өздөрүнүн акчасына иштеп атышат, алар кандай баа коюп сатканды өздөрү билет. Булар мыйзамды бузган жок.

Экинчи четинен карап көргөндө, элдин баары кыйналып турган кезде атайын бааны көтөрүп жиберүү туура эмес. Ошон үчүн менин оюмча, бизде Монополияга каршы комитет деген бар, департамент бар, ошолор көзөмөлгө алып бул маселени чечсе болот.

Ал маскалар өтө арзан эле турат. Анын кымбаттап аткан себеби, алар жок азыр биздин Кыргызстанда. Баарын сатып жиберишкен дагы, жаны партиялары келе элек. Саламаттык сактоо министрлиги айтып атат 1-5 млн. келет деп, ал качан келет белгисиз, элге азыр керек.

Бирок 2-3 күн аралыгында марли маскалары болгон атат, анын баасы 10 сомдон ашпайт деп ойлойм.

- Мектептерде, эл көп чогулган жайларда дагы милдеттүү түрдө беткап кийгизүү тууралуу сунуштар кирип атпайбы. Бул туурабы?

- Ал өтө туура маселе, антпесе болбойт. Анткени чочко тумоосу маска кийгендерге көп жукпайт. Ошон үчүн, биздин мектептердеги балдарды абдан караш керек, андан тышкары студенттер бар. Көп кишилер чогулган жайларга маскасы жок киргизбеш керек.

Экинчиден, мүмкүн тез арада эпидемиялык абал болгондо мектептерди жок дегенде бир дем алышка жабыш керек. Эгерде бир дем алыш ичинде канча бала ооруса кандай зыян келет элибизге. Бир дем алыш окууну кийин жайында деле окуса болот. Азыр ошолордун баарын жаап, чараларды тез арада кабыл албаса, мына бизде 30 адам болуп кетти, он күн боло элек башталганына.

XS
SM
MD
LG