Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:12

Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу окуялардын себеп-жөнүн териштирүүгө эл аралык комиссия иликтөөгө алат. Кыргыз өкмөтү ведомстуктар ортолук комиссия түзүү чечимин кабыл алды. Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Полиция кеңеш тобу 4 айга келүү маселеси такталууда.

“Азаттыктын” талкуусуна катышкандар:



Темир Муратов
– пакистандык “Пульс” апталыгынын Борбор Азия боюнча кабарчысы








Карыбек Байбосунов
– саясат таануучу




“Азаттык”:
Ушунчалык көп комиссиялар, буга кошумча Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү түзгөн да комиссия бар. Мынча көп комиссия канчалык деңгээлде өзүн-өзү актай алат? Себеби кыргызда “көп суур ийин казбайт” деп коет. Ушул комиссиялардын иштери натыйжалуу болот дегенге ишене аласызбы?

Карыбек Байбосунов: Комиссиялардын иштери натыйжалуу боло алат, эгер алар иштеген жеринде түз, так маалыматтарды чогултуп, ошого жараша түздөн-түз юридикалык жана саясий жыйынтыктарды даана чыгара ала турган кесипкөйлөр иштесе, анда көп комиссиялар бири-бирин толуктап калат, бирине-бири тоскоолдук кылбайт.

“Азаттык”: Тимур мырза, комиссиялардын көптүгүнөн бири экинчисине тоскоолдук көрсөтүп, атаандаш болуп кетпейби?

Темир Муратов: Биринчиден, Кыргыз мамлекетинин ичиндеги комиссиялар эл аралык көз каранды эмес комиссиялардын түзүлүшүн мен колдойм. Себеби комиссиялардын бардыгы бири-бири менен эриш аркак болуп, комиссиялардын мүчөлөрүнүн бардыгы тажрыйбасы бар, аброю чоң болсо, комиссиянын курамына, мүчөлөрдүн деңгээлине жараша болот. Ошондуктан эл аралык деп түзүлгөн комиссиянын деңгээли кандай мүчөлөрдү, кайсы мамлекеттерден тартышат, эл аралык деген макамды алгандан кийин сөзсүз коогалаңга катышып, тажрыйбасы бар мүчөлөрдү чакырса алардын иштеген иши жемиштүү болот деп эсептейм. Эң негизгиси көз каранды эмес, так иликтей турган комиссия болуш керек.

“Азаттык”: Ушул комиссиялардын ичинде аябай көп талаш-тартышты жаратып аткан бул эл аралык полиция өкүлдөрү. Булар негизинен кеңеш берүүчү гана өкүлдөр катары, азырынча 52 киши төрт айга келе турганы боюнча маселе чечилип атат. Карыбек мырза, полиция өкүлдөрүн Европада тандоо жолу менен алынып аткан, белгилүү деңгээлде Кыргызстанды түшүнгөн, билген полиция күчтөрүнөн чогултуп атышыптыр. Канчалык деңгээлде ушул комиссиянын иши жыйынтыктуу болушу мүмкүн?

Карыбек Байбосунов: Дароо айтып коеюн, бул жерде коомчулуктун пикири ар кандай болуп атат, негизинен коомчулук каршы болуп атат. Себеби полиция деген сөз үркүтүп атат. Полиция десе эле бул куралдуу күчтүн айрым өкүлдөрү кирет болуш керек, адегенде полициясы келет, анан кийин армиясы кирет, анан биз Ооганстан, Косово болобуз деген чочулоолор жок эмес.

Чынын айтканда ЕККУ үчүн Орто Азиядагы тынчтык керек экен. Кечээ коопсуздук кеңешине кирген өлкөлөрдүн 56 өкүлү бир добуштан макул болду, бирөө да каршы эмес, ушуга кол койгондо кеп бар. Себеби биздин Конституциябызда жаңы өкмөтүбүздүн ишмердиги да Европа шериктештигинин колдоосунун алдында иштеп атат. Бул жагынан алып караганда мындай комиссия керек. Мындай комиссия биздин ички комиссия менен чогуу ишти алып барса болот.

Экинчи, коомчулукту чочутуп аткан маселе мунун артында эмне деген жыландын башы кылтыят, эмне деген ишке алып барат, ошол комиссия жыйынтык бербестен эле кийинки күч структураларын жана тынчтыктарды киргизе турган дарбаза эмеспи деген чочулоо бар. Алдыда талдай турган көп иштер бар. Бүгүн шашып бир нерсе деп айтыш өтө кооптуу.

“Азаттык”: Полиция кеңеш тобунун негизги иши бул курал жараксыз эле кеңеш берүүчү топ катары келе тургандыгы айтылып атат. Эң негизгиси ушул кеңеш тобунун мүчөлөрү Кыргызстандын ички иштер кызматкерлеринин адам укугунун сакталышына, эркиндиктерине, Конституциялык укуктарынын сакталышына чоң үлгү боло турган өзүнчө миссия катары сыпатталып атат. Канчалык деңгээлде ушундай айтышка негиз бар? Себеби Кыргызстанда адам укуктары көз көрүнөө эле бузула береби?

Темир Муратов: Биринчиден, коомчулук, кыргыз эли бир жумадан бери ЕККУнун полиция миссиясына каршы болуп атышат. Азыр саясий көз карашына карабай убактылуу бийликти колдогондорбу, же убактылуу бийликтин бүгүнкү жүргүзүп аткан иш аракеттерине каршыбы, бүт коомчулук түштүктөн, түндүктөн жаш-кары дебей, партиялар, мамлекеттик эмес уюмдардын бардыгы ушул күчтөрдүн киришине каршы. Себеби полиция дегенден кийин бул аскер кишиси.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери көп конвенцияларга, келишимдерге кол койгонбуз. Алардын өзгөчө макамдары боюнча сөзсүз мунун аркасында куралдуу күчтөр болот. Бүгүн коомчулуктун баары каршы болуп аткандан кийин биз ошону менен эсептешишибиз керек.

Кечээ, бүгүн ЕККУнун Бишкектеги уюмунун жанында жаштар, коомчулук атайын акцияга чыгып, каршы болуп атышат. Туура, Кыргызстан эл аралык келишимдерди сыйлашы керек, буга чейин кол койгон келишимдердин баарын аткарышыбыз керек. Бирок ЕККУнун Уставында “кандай гана чечим жогорку деңгээлде кабыл алынганы менен, ал чечим сунуш катарында кабыл алынат” деп жазылган. Ошон үчүн аны киргизүү, киргизбөө ал Кыргыз мамлекетинин жетекчилеринин колунда турат.

Ошондуктан менин жекече оюм, эгерде бул статусун полиция эмес, эл аралык эксперт, бул аскердик эмес, жарандык статусу болсо анда уруксат бериш керек. Эгерде анын статусу аскердик болсо алардын келечекте койгон максатына карабай, коомчулук каршы болуп аткандан кийин бул чечимди бүгүн кабыл алуу, менин оюмча, эрте деп эсептейм.

Экинчиден, эмне үчүн 52 киши? Биздин Конституцияда жазылган: кандай аскерий күч болсо, полиция деген бул ички куралдуу күч, анын келиши Жогорку Кеңештин укугу, биздин президентибиздин канчалык ушуга укугу бар экенине коомчулук күмөн санап атат. Биздин милицияга кеңеш берүүчү катары, адам укугун коргоого жардам берет деген дагы бир функцияны айтып атышат. Бул функция боюнча тренингди өткөрүшсүн, биздин милиция кызматкерлеринин көбү чет өлкөдө окуп келишкен, азыр глобалдык убакта маалымат технология, бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мен ойлойм, адам укугун, өзгөчө кыргыз жаранынын укугун коргоо бул биздин мамлекеттин бирден бир милдети. Конституцияда биринчи ошол жазылуу. Ошон үчүн мен коомчулукту колдоп, полициялардын Кыргызстанга киришине каршымын.

“Азаттык”: 7-апрелдеги иштерди иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Анын ишинин жыйынтыгы азырынча жарыя боло элек. Ошондой эле июнда түштүктөгү трагедия боюнча комиссия түзүлдү. Эми техникалык өкмөт уюшулгандан кийинки дагы бир түзүм болуп, бул ведомстволук ортолук комиссия түзүлүп атат. Билесиз түштүктөгү кыйраган шаараларды калыбына келтирүүчү мамлекеттик дирекция бар. Комиссиялардын көптүгү, чоновниктик аппараттын көбөйүшү бул ишке тоскоолдук келтирбейби?

Карыбек Байбосунов: Ишке тоскоолдук келтирбейт, эгерде алар бири-бири менен макулдашылса. Мисалы, прокуратуранын өзүнчө функциясы бар, мыйзамды аткарууну көзөмөлдөө. Финансы жагынан өзүнчө, адам укугун бузуу боюнча өзүнчө ведостволор, материалдык чыгымдар боюнча өзүнчө, талкаланган айыл, кыштак, шаарларды калыбына келтирүү боюнча өзүнчө комиссия иштеп атат. Кылмыштар болуп аткан учурларда, мисалы, адамдарды бей күнөө өлтүргөн учурларда, адамдарга кол салып, бири-бирине чагым уюштуруп, ошол аркылуу кылмышкер өзүнүн максаттарына жетишкен убактар бар. Ошону өзүнчө изилдеш керек. Бул жагынан алып караганда бул комиссиялар өзүнүн функцияларын так аткарып кетсе, биринин бутуна бири чалынбай, бардыгы тегиз иштесе эч кандай зыян болбойт.

Темир Муратов: Коогалаңдын себебептерин буга чейин көп серепчилер талдап келгенден кийин комиссиялардын көптүгү, анын деңгээли менен саны чоң роль ойнобойт. Себеби ар бир комиссиянын негизги максаты болуш керек. Мисалы, эл аралык комиссиянын көз карандысыз иликтөө. Коомчулук биздин мамлекеттик деңгээлдеги комиссияларга бири ишенсе, бири ишенбей атат. Себеби аны биз Интернет баракчалардан, ММКлардан угуп көрүп атабыз. Ошон үчүн мамлекеттин эң негизги функциясы, милдети ушул комиссияларды туура багытка коюп, ар бирин өзүнүн багыты, максаты менен иштетсе, булар бири бирин толуктайт. Эгерде комиссиялар бири-биринин ишин кайталай берсе бири бирине тоскоолдук кылышат.

Ошондуктан мен экиге бөлөт элем: биринчиси, адам укуктары сакталып атабы, жокпу. Экинчиси, коогалаңдын негизги себептерин иликтөө, аны жазалоо эмес, иликтөө, маалымат булактарын тактап, ошону коомчулукка жеткирүү. ЕККУнун атайын өкүлү айтып атпайбы, ушул комиссиянын иши качан бүтөөрү белгисиз деп. Полиция күчтөрү 3-4 айга кирет деп атат, анан белгисиз, ал 1-2 жылга созулуп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн ушул комиссиялардын максатын, функциясын, укуктарын Кыргыз мамлекети тактап коюш керек. Себеби иликтөө иши кыргыз мамлекетинин ичинде жүрүп атат.

“Азаттык”: Мен кошумча катары айта кетейин, эл аралык комиссия өзүнүн жыйынтыгын жылдын аягына чейин бериш керек кыргыз өкмөтүнө. Ал эми ЕККУнун полициялык кеңеш тобунун иши да ушул жылдын аягына чейин созулат. Карыбек мырза, Кыргызстандагы кайгылуу окуяларды эстегенде дайыма Убактылуу өкмөттөн да, коомчулукта да көп ой айтылып келатат. Буга сөзсүз саясий баа берилиш керек дейт. Билесиз, улуттар аралык жаңжал, кагылыш, тиреш бул аябай татаал маселе. 90-жылдардагы окуяга да ошонун негизинде ачык саясий баа берилбей калган. Бул ирет да саясий баа берилет деп атат. Эгер берилип калса бул улуттар ортолук жаңжалдын күчөшүнө алып келбейби, же жаңжалды биротоло болтурбоонун аргасы болуп калабы?

Карыбек Байбосунов: Бул жерде 90-жылдан бери биздин чогуу жашап аткан мамлекеттеги башка улуттун өкүлдөрү куралданып келиптир. Ошондон бери далай иштерди жасашыптыр, атайын жабдыктар менен согушка даярданышыптыр, акчанын баарын ошого иштешиптир, коңшу радио, телевидениенин бардыгы ошого иштептир, алардын улут, уруу башчылары келип алып телеге, радиого атайын чыгып чакырык жасашыптыр. Ошонун бардыгын изилдеп күнөөкөрү ким, булагы, чагымчылары кайдан, эмне жыйынтык болот, ошону элге ачык айтыш керек.

Темир Муратов: Ата-бабаларда сөз бар “ооруну жашырсаң өлүм ашкере” дейт. Ошондуктан коомчулук бүгүн саясий баага муктаж болуп атат. 90-жылы да саясий баа берилген эмес. Саясий баа деген бул ошол бийликтин башында тургандар, сепаратисттик жана башка үндөөлөрдүн тегерегинде тургандарга сөзсүз атын айтып, ММК аркылуу баа берүү ушунун өзү саясий баа деп эсептелинет. Кылмыш иштери, аны менен укук коргоо органдары өздөрү аны иликтеп, изилдеш керек. Мен саясатчы катары саясий баа берилиш керек, агын ак, карасын кара деп айтыш керек деп ойлойм. Карым катнаш кайра келет, ынтымак кайра болот, миңдеген жылдары кыргыз өзбек кошуна болуп жашаган.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG