Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:07

АКЫЙКАТЧЫ ЖЕГЕН НАНЫН АКТАП ИШТЕП АТАБЫ?


Бүгүн акыйкатчы Турсунбек Акун Бишкекте укук коргоочуларды чакырып, жыйын курганы жатат. “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова ушул жыйында карала турган маселелер жөнүндө “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

-Алгач бүгүн Акыйкатчы институтунда өтө турган жыйынга токтоло кетсеңиз. Анда эмне маселелер каралат?

- Акыйкатчы институтунда бүгүн укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн кичинекей жыйыны, кеңеши өтмөкчү. Анда негизинен Акыйкатчы институтунун өткөн беш жылдагы жана келечектеги беш жылдыктагы иш-аракеттерине байкоо жүргүзүү жана ошого укук коргоо уюмдарынын баасын берүү маселесине токтолмокчобуз.

- Акыйкатчы институтун реформалоо керектиги айтылып жатат, кандай реформа жүрүшү керек?

-Негизинен Акыйкатчы институту жаңы түзүлүп жатканда биз мыйзамдарды карап, ошону анализдеген иштерди жүргүзгөнбүз. Акыйкатчы институту Кыргызстанда ачылганда укук коргоочулардын өтө чоң үмүтү бар болчу. Биз беш жылдын ичинде Акыйкатчы институтунун иш аракеттерине байкоо жүргүзүп туруп, аны реформалоо зарылдыгына токтоло кетмекчибиз. Эң негизинен мыйзамдык реформа керек болуп турат. Башкача айтканда Акыйкатчы институту тууралуу мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү керек. Ошол эле убакта өзүлөрүнүн иш аракеттерине, миссия-багыттарына дагы реформалоо жүргүзбөсө, жөнөкөй эле катардагы институтка айланып калып атат. Жалпы республикалык багытта иш алып барууга жөндөмсүз болуп калып атат.

- Акыйкатчы институтунда кадрдык өзгөрүүлөр жана штаттык кыскартуулар тууралуу маалыматтар да бар. Муну аталган институтта реформа катары да бааласа болобу?

- Ал институттун ички иши болуп атпайбы. Бирок ал канчалык деңгээлде институттун адам укуктар жаатында иш алып баруусуна оң же терс таасирин тийгизет, бүгүнkү жолугушууда ошол маселени да карамакчыбыз. Кадрдык маселе канчалык деңгээлде оң таасирин берип атат. Биз ошол эле убакта өзүбүздүн дагы кандайдыр бир сунуштарыбызды даярдап атабыз.

- Акыйкатчы институтунун алдында коомдук кеңеш түзүлүп жатыптыр. Ушул тууралуу да айта кетсеңиз?

Коомдук Кеңеш түзүү боюнча маселени мындан 5-6 жыл мурун Турсунбек Акун баштаган. Ошолордун арасында Төлөйкан Исмаилова, биз бар болчубуз. Жаңы институт ачылып Турсунбай Бакир уулу омбудсмен болгондо, биз ушул сунуш менен кайрылганбыз, Коомдук кеңеш түзүп, бардык укук коргоочулардын башын бириктирип, ушул институттун айланасында өзүбүздүн күчүбүздү, потенциалыбызды берип иштеп берели деген сунушубуз бар болчу. Тилекке каршы ал сунушубуз Турсунбай Бакир уулу тарабынан кабыл алынган эмес. Биз өтө узак мөөнөткө чейин өзүбүздүн концепциябызды, жоболорубузду даярдап кайра-кайра кайрылганбыз. Бүгүн Турсунбек Акун өзү ушул институттун башына келип калгандан кийин ошол демилгени биз көтөрүп чыктык. Турсунбек Акун аны өтө кубануу менен кабыл алды. Кыскача айтканда жалпы Кыргызстандагы укук коргоо уюмдары, укук коргоочулар башыбыз биригип, кайсы жерде кандай проблемалар болуп атат, кайсы проблемага институт көбүрөөк көңүл бөлүш керек жана мамлекеттин деңгээлде Кыргызстандын адам укуктарындагы принциптерин, позицияларын аныктоо жаатында иштейбиз.

Ошол эле убакта көйгөйлүү маселелер бар. Мисалы Бишкек шаардык кеңешинин токтому, убактылуу кармоочу жайлар тууралуу өтө көйгөйлүү маселелерде институт менен биргелешип иштешүү. Ошол эле убакта реформага биздин бир сунушубуз болуп атат, мурун эгерде Омбудсмен институтунун сунуштары жөн гана сунуш катары гана кабыл алынып келсе, азыр милдеттүү түрдө кабыл алынышы керек, болбосо эч кандай жыйынтык чыкпайт. Муну жасагыла деп эле сунуш киргизип коюп ал жасалбай калып атат. Ал эми милдеттүү түрдө болсо, анда иституттун аброю да көтөрүлмөк жана адам укуктарынын бузулушу дагы кескин кыскармак.

-Бүгүн институттун беш жылдык ишмердүүлүгү боюнча мониторинг талкууланат экен. Дегеле ушул аралыкта ишмердүүлүктү эске алып салыштырмалуу жаңы акыйкатчы институтунун ишине кандайдыр бир өзүңүздүн жеке сунушуңуз барбы. Адам укугу жаатында кандай иш алып барыш керек?

- Албетте менин сунуштарым бар. Биринчиден, Омбудсмен институту ачык-айкын болуш керек, бардык көйгөйгөйү бар жарандар үчүн ачык болуш керек. Ар бир проблемасы бар жаран кыйынчылыксыз кайрылгандай болуш керек. Андан тышкары Омбудсмен институтунун иши жеткиликтүү, түшүнүктүү болуш керек жана Омбудсмен институту эч убакта саясатташып кетиши керек эмес жана бир партияга, же коомдун бир эле бөлүгүнө кызмат кылып калышы керек эмес.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG