Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

2008-жылы Кыргызстандын оппозициясы эмне иш менен алектенди жана андан кандай майнап чыгарды? Жыл жыйынтыгына арналган “Азаттыктын” кезектеги түрмөгү ушул маселени козгойт.

Адегенде белгилеп койчу жагдай: март ыңкылабынын арты менен бийликке келген президент Курманбек Бакиевге каршы оппозициялык топ 2006-жылы түптөлүп, ошол эле жылы ноябрда президентти өз укуктарын чектеген Баш мыйзамга кол коюуга аргасыз кылган. Бирок кийинки жылдын этегинде президент демилгени колго алып, референдум аркылуу Конституцияны өз кызыкчылыгына буруп, дээрлик өзү түзгөн “Ак жол” партиясынан куралган парламент түзүүгө жетишкен. 2007-жылы 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жетпей калган оппозициялык күчтөр 2008-жылы биригүүгө бет алып, февраль айында “Акыйкат үчүн” кыймылы деген ат менен алгачкы жыйынын өткөргөн.

Парламенттик шайлоону тааныбай тургандыгын жарыялаган бул кыймылдын курамына «Ата мекен», «Ар намыс», «Асаба», “Ак шумкар”, «Таза коом» сыяктуу парламенттик шайлоодо мандатка жетпей калган 18 саясий уюм, 49 коомдук-саясий ишмерлер киришкен. Кыймыл өзүнүн алдында Коомдук парламент да түзгөн. Күзгө жуук бул кыймылга бириккендигин парламентте өзүнүн фракциясы бар Алмаз Атамбаевдин Социал-демократтар партиясы да жарыялады. Бул аралыкта чакан ГЭСтерди өнүктүү боюнча ишкана директору болуп дайындалып кеткен мурдагы премьер министр Феликс Куловдун “Ар-намыс” партиясынын карааны оппозицияда көрүнбөй калды.

Ошол эле мезгилде ыңкылапчы, радикалдык көз карашты тутунган Азимбек Бекназаров “Акыйкат үчүн” кыймылынан да, өзү башкарган “Асаба” партиясынан да бөлүнүп, Кыргызстан Элдик революциялык кыймыл аттуу радикалдык уюм түздү, алдыга президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кетирүү максатын койду. Бул кыймылга Топчубек Тургуналиев өңдүү ыңкылапчылардын жоон тобу кирди. Аскар Акаевдин тушунда бийик кызматтарда иштеген мамлекеттик ишмерлер да ушул жылы Бириккен Кыргызстан кыймылын түзүштү. Белгилүү саясий ишмер Турдакун Усубалиев кыймылдын жетекчилеринин бири болду. Бул аралыкта Назарбек Нышановдун Элдик патриоттук деп аталган кыймылы президентке импичмент жарыялоо боюнча кол топтоо менен алектенди.

Президенттин командасында аталык катары саналган Үсөн Сыдыков түптөгөн “Жаңы Кыргызстан” партиясынын таасирдүү жетекчиси Исмаил Исаков президенттин саясатын сындап, Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматынан ачык баш тартты. Бул оппозициянын аракеттеринин жанданышына таасир этти.

3-ноябрда оппозициялык күчтөрдүн, коомдук-саясий ишмерлердин жоон тобу бийлик системасын алмаштырабыз деген чакырыктын алдында меморандум кабыл алышты. Бакиевге жумшак мамиледе болуп атат деп, меморандумга тилектештигин Азимбек Бекназаровдун кыймылы билдирбей койду. Меморандумду жыл башынан бери “Акыйкат үчүн” кыймылында келаткан Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов да колдогон жок. Кийинчерээк ал оппозициянын бийликти радикалдуу жол менен алуу, парламенттик башкаруу системасын орнотуу демилгесин кескин сынга алып чыкты. Мамлекеттин тагдыры менен ойноону каалабай тургандыгын айтты.

Анткен менен оппозициялык күчтөрдүн жалпы катышуусунда өткөн “Акыйкат үчүн” кыймылынын ноябрь курултайы Кыргызстандын жаңы саясий системасынын Концепциясын кабыл алып, аны айрым лидерлер АКШдагы коомдук-саясий чөйрө менен талкуулап келгенге үлгүрүштү.

Декабрда бардык оппозициялык саясий күчтөр баш тоголотуп, жаңы коалиция түзүштү. Бул ирет коалицияга кол койгондордун катарына Азимбек Бакназаровдун Кыргызстан Элдик революциялык кыймылы, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков баштаган “Жаңы Кыргызстан” партиясы кошулду. Ошентип, жаңы оппозициянын курамы азыр дээрлик 24-март окуясынын алдындагы саясий күчтөрдөн туруп, аларды Аскар Акаевдин тушундагы мамлекеттик кызматкерлер толуктап калышты. Мындай тыянакты саясий лидерлер өздөрү оппозициянын жаңы деңгээлге көтөрүлүшү, саясий күрөштөгү олуттуу утушу деп баалашты.

- Бириккен оппозиция эки чоң курултай өткөрдү. Ал курултайларда бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелери талкууланды. Жыйынтыгында оппозициянын бир бөлүгү саясий түзүлүш боюнча бир пикирге келип, концепциясын сунуштады. Бул маанилүү. Анткени, биринчи жолу ушунча көп партия, коомдук уюмдар саясий түзүлүш боюнча бир пикирге келишти. Башкача пикирдеги саясий партиялар менен да биз кечээ жакында тактикалык союз түздүк. Реформа жүргүзүш үчүн бүгүнкү бийликти алмаштырыш керек деген – бүгүнкү күндүн тапшырмасы. Бир четинен муну радикалдашуу деп айтса да болот, - деди “Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Оппозиция бийликти мамлекетти башкарууга жөндөмсүздүгүн көрсөттү, энергетика тармагын кургуйга салды, коорупциялык башкаруу системасынан баш тарткан жок, адам укуктарын коргоодон, демократиялык баалуулуктардан оолактап, тоталитардык башкарууга бет алды, сөз эркиндигин чектеп, саясий куугунтукту күчөттү деп айыптап келатат.

Казак-кыргыз чегарасындагы Каркыра жайлоосуна байланышкан 2008-жылкы Түп жүрүшүн жана ага жасалган тоскоолдуктарды оппозициячылар ой атуу эркиндигине жасаган бийликтин катаал кысымы дешти.

Жыл ичинде тиешелүү органдар мурдагы мамлекеттик мүлк башчысы Равшан Жээнбековго, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго каршы кылмыш иштери козголуп, Жекшенкуловдун уулун журналист Алишер Саиповду өлтүрүүдө колдонулган курал катышкан чатакта болгон деген шекти жарыялады. Оппозициялык маанайдагы “Де-факто”, “Алиби” гезиттерине каршы кылмыш иштери козголуп, гезиттер жабылды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубатбек Байболов салык жашырды деп, облус губернаторунун мурдагы орун басары Эмил Каптагаев кызматынан аша чапты деп мурда коюлган кинелер жанданды. Элдик революциялык кыймыл жайгашып турган “Жашылдар” партиясынын кеңсеси кароодон өткөрүлүп, лидерлерге президенттин абийир, ар-намысына шек келтирилип жаткандыгы эскертилди.

Президент Курманбек Бакиевге ыктаган саясий чөйрө болсо жылы бою дээрлик оппозициялык лидерлерди бийлик талашкандардын жана мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен саясат аркылуу кутулууга аракеттенгендердин тобу деп сындагандан жазган жок. Мындай көз караштагы саясатчылардын айтымында оппозиция “арадай жерде чарадай чуу чыгаруу” аркылуу коомчулукту өзүнө буруп жатат. Алардын бири, “Ак жол” партиясынын лидери Бейшен Абдырасаков бийлик оппозицияны куугунтуктаган жери жок, болгону мыйзамды аткарып жатат дейт:

- Мыйзамда жазылып турат. Аны бийлик аткарышы керек. Кыргызстанда 5 миллиондон ашык эл бар. Ошол жарандардын укуктары бир 50 киши үчүн бузулбашы керек. Бийлик ошону сакташ керек, милдети ошол.

Ошондой эле Бейшен Абдырасаков оппозиция кандайдыр бир бирдиккен, таасирдүү саясий күч болоруна ишенбейт:

- Оппозициянын ичинде ар түрдүү адамдар бар жана алардын башы эч убакта бирикпейт. Ар биринин дымагы күч. Оппозициянын алдыңкы сабында жүз киши болсо, ошол жүзү тең президент болом дегендер. А президенттик орун бирөө гана.

Президенттин администрациясы расмий бийлик саясатка эмес, экономикага артыкчылык берерин эскертип, оппозицияны көңүл сыртында калтырган түр көрсөтүп келатат. Президент Курманбек Бакиев өзү да мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу таратылган Исмаил Исаковго дооматын эске албаганда, оппозициянын аракеттерине быйыл атайылап баа берген жок. Мурдагы тилектеши Исаковго таандык пикиринде кыйытканга караганда президенттин ички-тышкы саясаты оппозиция сындагандай эмес, тескерисинче туура нукта баратат:

- Жеке өзүнүн таарынычын мамлекеттик деңгээлге алып чыкты. Андайды мен күткөн жок элем бу кишиден. Президенттин жүргүзүп жаткан тышкы саясатынын жыйынтыгын мына турмуш өзү көрсөтүп атат. Президенттин жүргүзүп аткан ички саясатын да турмуш көрсөтүп атат. Бардык жерде. Ошондуктан бу жерде жеке таарынычты мындай деңгээлге алып чыкпаш керек эле да.

Оппозицияга үмүт артпагандардын катарында мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов да бар. Муну ишмер оппозициянын бийлик сыяктуу эле элден алыс тургандыгы менен негиздейт:

- Эл бийликтен четтетилген. Ал эми саясий күрөш - саясатчылардын күрөшү. Мунун демократияга анча деле тиешеси жок. Эгерде оппозиция элди бийликке алып келем деп көтөрүлүп чыкса бул демократияга жакын болот эле. Оппозиция деле элден алыстап атпайбы.

Оппозициялык күчтөр болсо тескерисинче эл менен бирге экендигин, азыркы бийликтен элдин көңүлү кайт болгондугун, ошого жараша элдин бардык талаптарын аткаруу үчүн жан үрөп келатканын үзбөй кайталашууда. Таасирдүү саясий лидерлердин катарында саналган Өмүрбек Текебаев оппозиция катачылыктарды кетирип жаткандыгын моюнга алуу менен, ал бара-бара жоюларын эскертти:

- Биз баарыбыз келечектеги саясий түзүлүш боюнча бир пикирде эмеспиз. Бул биздин кемчиликтердин бир чети болушу мүмкүн. Экинчиден, биз эркин сөз укугуна, саясий куугунтуктоолорго баарыбыз бирдиктүү натыйжалуу каршылык көргөзө албадык. Бирок, бара-бара партиялар, саясий кыймылдыр түптөлүп, бекемделсе, саясий оппозиция реалдуу күч катары өзүн көргөзө алат деп ойлойм.

Текебаев белгилегенге караганда, оппозиция бийлик менен конструктивдүү кызматташтыкка барбайт, анткени ал өз жемишин берерине ишенбейт. Байкоочулар өз кезегинде президент Бакиевдин бийлиги Акаевдин бийлигинен айырмаланып, саясий күрөштө оппозицияга демилгени алдыргыдай жагдайга кирептер боло элек, ошондуктан, ал оппозиция менен эсептешүүгө кызыкдар эмес деп жатышат.

Ошол эле мезгилде оппозиция да таасирин күчөтүүнүн жолдорун издөө менен алек. Бул максатта күзгө жуук Орусияга, андан кийин АКШга барып, Кыргызстан эсептешпей кое албай турган өлкөлөрдөгү чөйрөлөрдүн кыргыз оппозицияга мамилесин байкап кайтышты. Муну бир топ байкоочулар оппозициянын быйылкы батыл аракеттеринин бири катары баалашты. Алардын бири саясат таануучу Кубан Абдымен “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди:

- Быйыл оппозиция ишмердүүлүгүндө эмне өзгөчөлүк байкалды?

- 2006-2007-жылдардагы активдүү иш чараларында оппозициянын салмактуураак, көбүрөөк анализ жүргүзгөн, бир нукта иштейли деген аракеттери байкалды. Мунун апогейи, туу чокусу 2008-жылы оппозициячылардын Кыргызстандын сыртына чыгып, Россиядан баштап Америкага чейин өзүнүн жаңы концепциясын, жаңы саясий түзүлүштүн долбоорун тартуулап, ага эл аралык деңгээлде колдоо алабыз деген аракеттери десек болот. Муну менен оппозиция өзгөчөлүгүн, бышып жетилгендигин көрсөттү.

- Оппозиция тыштан колдоо таба алабы?

- Колдоо табат деп айтыш кыйын, албетте. Бирок, Кыргызстанда түзүлгөн азыркы кырдаалды алыскы Америка эмес, биринчи кезекте жакынкы өлкөлөр түшүнүп, көрүп турушат. Ошондуктан ар бир мамлекет өзүнүн максатына ылайык мамиле кылат. Мисалы Россия, Казакстан, Өзбекстан өндүү мамлекеттердин бийлик башчылары Кыргызстанда азыркы стабилдүү абалды сактап турганга кызыкдар. Ал эми демократиялык нуктагы саясатын башкаларга таратабыз дегендер да бар да. Алар Кыргызстандын оппозициясына колдоо көрсөткөнгө кызыкдар. Ушундай эле кызыкчылыктар боюнча Америкада деле, Европада деле саясий топтордун экиге бөлүнгөнүн көрүүгө болот. Бирок азыркы 2008-жылдын жыйынтыгы менен айтканда кыргыз өкмөтүн, кыргыз бийлигин сындагандардын саны көбөйүп баратканы байкалат. Алардын бияктагы өзгөрүүлөргө көз салып, кызыгып аткандыгы оппозицияга дем берип атат. Ошондуктан, баары болбосо да кээ бир саясий топтор батыштан болобу, коңшу өлкөлөрдөн болобу, колунан келерлик колдоору талашсыз.

- Бийлик менен оппозиция ортосундагы саясий күчтөрдүн тең салмактуулугу кандай? Дегеле салыштырууга болобу?

- Кээ бир батыш эксперттеринин айткандарын эске алганда Кыргызстандын шартында азыр өзүнүн бийлигин сактап калуу үчүн күч колдонууга бийлик барары талашсыз экенин моюнга алуу керек. Бийликти сактап калам дегенге жакында эле парламенттин чечими менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрү саясий бир чараларды көрүүгө укуктуу болгону далил. Ошондуктан салыштыруу мүмкүн эмес. Албетте логикалык жактан алганда оппозицияда интеллектуалдуу күчтөрдүн топтолгону байкалып атат. Бирок расмий бийлиги, расмий укугу бар күчтөрдүн бардыгы бийлик тарапта болгондуктан, алар мыйзамга таянып, каршылаштарынын бардыгын унчукпоого, аракеттеринин бардыгын токтотууга жол ачып алган. Ошондуктан тең салмактуулук болушу мүмкүн эмес.

- Лидерлер өздөрү да оппозиция радикалдашкан нукта биригип атканын айтып атышат. Бул келаткан жылы кармаштарды пайда кылбайбы?

- Бул табийгый нерсе дейм. Эгер конфронтация болсо ал оппозициянын өтө эле радикалдашканынын кесепетинен деп айтууга болбойт. Тескерисинче Кыргызстандагы саясий абалдын курчуп бараткандагысы болот. Дүйнөлүк экономикалык кризистин коштошу коомчулукта нааразычылыктарды жаратып, анын ичинен чыккан күчтөрдү радикалдаштырууга түртүп атат.

- Рахмат. маегиңизге.

Оппозициянын азыркы маанайына караганда Кыргызстандын башкаруу системасын Конституцияда көрсөтүлгөн жол менен алмаштыруу үчүн күрөштү президенттик шайлоого даярдыктар кызуу башталары күтүлүп жаткан 2009-жылы да улантат.

Азимбек Бекназаровдун акыркы жыйындардын биринде ишендиргенине караганда оппозиция лидерликке жетүүгө эмес, үй-бүлөлүк системаны алмаштырууга кызыкдар. Ошол эле мезгилде оппозиция үчүн бир лидерди тандоо бул жылы талылуу маселе бойдон калды. Байкоочулар келерки жыл да оппозиция үчүн бул башкы баш оору болорун айтып жатышат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG