Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Ош: шайлоо алдында коопсуздук кыл учунда


Парламенттик шайлоо жакындаган сайын Оштогу шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өздөрүнүн коопсуздугунан кабатырланышууда. Мурдагы шайлоолордо ар бир участкада 2ден милиция коргоого алган болсо, эми алар 5-6дан сакчы берүүсүн тартип коргоо органдарынан суранууда.

Ал эми жергиликтүү серепчилер айрыкча шайлоо күнү ар түрдүү чатактардан улам комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч тууларын белгилешүүдө.

Расул Маматов учурда Ош мамлекеттик юридикалык институтунда 4-курста окуйт. Ал сабакта шайлоо процесси тууралуу көп окуп, кызыккандыктан жакында боло турган шайлоодо Оштогу участкалык комиссияга мүчө болуп кирген эле. Бирок ал ар кандай сөздөрдөн улам кооптонуп комиссия мүчөлүгүнөн кайра чыкканы жатат:

- Мен өзүм юридикалык тармакта окугандыктан шайлоо процессине катышууга абдан кызыгам. Ошон үчүн көп нерселерди үйрөнөйүн деп, атайын шаардык шайлоо комиссиясына мүчөлүккө кирдим эле. Бирок ар кандай сөздөрдөн улам кооптонуп, кайра чыгайын деп чечтим. Анткени шайлоо өтүүчү күнү ар түрдүү окуялар болуп кетиши мүмкүн деп жатышат. Өмүрүмө зыян келтирип албайын дедим.

Шайлоо коммиссиянын дагы бир мүчөсү Эсенгелди Адамов кооптуу жагдай болсо да шайлоо аяктагыча толук иштей турганын айтууда. Анткени ал кечээги коогалаңдан кийин жергиликтүү бийлик эсине келип, эми эртеңки шайлоодо коопсуздукту жакшы камсыз кылат деп ишенүүдө:

- Мен азыр Оштогу №311 шайлоо участогунда иштеп жатам. Эми ошондой кооптонуулар бар экендиги деле чын. Бирок “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегендей, кечээги коогалаңдан сабак алып, жергиликтүү бийлик шайлоо күнү коопсуздукту жакшы сактайт деп ишенем. Мен жеке өзүм эч нерседен коркпой эле турам. Шайлоого чейин да, шайлоо күнү да кадимкидей иштей берем.

Кооптонуу бар, абал тынч эмес

Деген менен шаардагы шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү айрыкча, шайлоо өткөн күнү ар кандай коркунучтар болушу ыктымалдыгын айтышууда. Шайлоо иштерине көп жылдан бери көз салып келген адис Идирис Кубатбеков, кээ бир көп улуттуу участоктордо шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн же партиялардын ишенимдүү өкүлдөрүнүн коопсуздугу курч абалда тургандыгын “Азаттыкка” билдирди:

- Албетте бир беткей, коопсуздук маселелери толук чечилген, аларга эч кандай коркунуч жок деп айткандан мен алысмын. Кээ бир участоктордо, айрыкча бир тектүү улуттар жайгашкан участоктордо башка улуттан болгон шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, же башка улуттан болгон, бирок ошол участокко барган байкоочулардын, же талапкердин өкүлдөрүнүн коопсуздук маселеси азыр да курч бойдон калып жатат.

Ошондой эле “Адам укугу жан демократия” борборунун директору Идирис Кубатбеков саясий партиялардын бири бирине болгон мамилелери да шайлоо күнүн козголсо, шайлоо участокторунда иштегендерге күч келерин белгиледи.

Июндагы коогалаңдан кийин кооптуу абалда турган Оштогу комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздук маселеси буга чейинки өткөн жыйындарда такай айтылып келет. Мурунку шайлоолордо ар бир участокко 2ден милиция көзөмөл кылган болсо, эми Ош шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Жамшит Мамытов шаардык ички иштер башкармалыгынан шайлоо күнү ар бир участокко 5-6дан милиция берүүсүн суранууда:

- Биз азыр участкалык комиссиянын мүчөлөрүнүн коопсуздугуна колубуздан келишинче кам көрүп жатабыз. Аларга кепилдик бериш үчүн Ош шаардык ички иштер органдары ар бир участокко мурун 2 милиция берген болсо, быйыл 5-6дан сакчы беребиз деп жатышат. Ошолор коопсуздукту сактап берет.

Кошумча күч тартылат

Ал эми шаардык ички иштер башкармалыгы башка аймактардан кошумча күчтөр келсе да, ар бир шайлоо участокто 5-6дан сакчы берүү мүмкүнчүлүгүн жоктугун ачыктоодо. Бирок ошого карабай шаардын коопсуздугу толук сакталат деп укук коргоо органдары убада кылышууда. Ошондой эле 10-октябрь күнү шайлоо өтүүчү жерлерде тартипти сактоо үчүн элдик кошуун тартыларын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков айтып берди:

- Саясий маанилүү шайлоо өнөктүгүнө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы да катуу даярданып жатат. Шаарда жайгашкан ар бир шайлоо участогуна тиешелүү милиция кызматкерлери бөлүнөт. Андан сырткары аларга элдик кошуундар да кошулуп, жер-жерлердеги тартипти сактоого жардам беришет.

Анткен менен жергиликтүү серепчилер парламентке депутаттарды тандоо күнү Оштогу шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугу коркунучта кала берерин айтышууда. Айрыкча кечкисин үйүнө кайтып жаткан мезгилде алардын өмүрлөрүнө коркунуч болушу мүмкүн. Ошол себептүү шайлоо сааты аяктагандан кийин аларды ташуу үчүн атайын автобусттук каттамдарды уюштуруп коюу зарыл, дешет серепчилер.

10-октябрда боло турган парламенттик шайлоого карата Ош шаардык шайлоо комиссиясында 921 адам иштеп жатса, алардын 299у саясий партиялардан сунушталган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG