Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Түштүктө коменданттык саат жоюлат


Президент Роза Отунбаеванын Оштогу сапары
Президент Роза Отунбаеванын Оштогу сапары

Түштүк жергесинде тогузунчу же онунчу августта коменданттык саат жоюлат. Муну жергиликтүү бийлик парламенттик шайлоо жарыяланаары, ал аркылуу өлкөдөгү ар кандай талаш-тартыштарга жана чыр-чатактарга чекит коюлаары менен түшүндүрүүдө. Ошол эле учурда өзгөчө кырдаал тартибинин алынып салышы туруктуу эмес абалды ого бетер курчутат дегендер дагы аз эмес.

Өзгөчө кырдаал шартында парламенттик шайлоо жарыялоо мүмкүн эмес. Ошол себептүү түштүк жергесинде тогузунчу же онунчу августта коменданттык саат жоюлат. Бул туурасында “Азаттыкка” кабарлаган Ош облус губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун ынанымында, жаңы Жогорку Кеңештин ишке кириши аркылуу өлкөдөгү ар кандай талаш-тартыштарга жана чыр-чатактарга чекит коюлмакчы.

- Айрым күчтөр Жогорку Кеңештин шайлоосун болтурбоо аракетин жасап жатышат. Демек, өлкө жаңы парламенттүү болмоюнча, чыр-чатак токтобойт, тескерисинче, уланат. Ошон үчүн бардык кыйынчылыктарга чыдап, канеткен күндө да, шайлоону өткөрүүбүз абзел. Менимче, жогорку бийлик дагы бул туурасында ойлонуп атса керек. А биздеги маалыматка караганда, ушул айдын тогуз-онунда коменданттык саат алынат жана укук коргоо органдары адаттагысындай күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантышат, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошол эле учурда өзгөчө кырдаал эрежесинин алынып салышы али турукташа элек абалды ого бетер курчутат дегендер дагы аз эмес. Маселен, Ош шаарынын тургуну Паашагүл Суракматова коменданттык сааттын жоюлушуна караманча каршы экендигин төмөнкүчө туюндурду:

- Анткени, азыр деле акыбал анчалык чеке жылытаарлык эмес. Имиштер мурдагыдан беш бетер көбөйдү. “Өзбектер кыргыздарды, тескерисинче, кыргыздар өзбектерди уурдап кетип атыптыр” деген ушактардын аягы тыйыла элек. Ошондуктан, өзгөчө кырдаалды парламенттик шайлоодон кийин гана алып ташташса, элдин сообуна калышмак.

Мындай пикирди жергиликтүү коомдук ишмер Манас Эргешов дагы кубаттады:

- Июнь коогалаңынан кийин эки тараптын тең каны кайнап турат. Дал ушундай учурдан криминалдык элементтер, диний экстремисттер же башка дагы арам күчтөр куп пайдаланып, тополоң уюштурушу толук ыктымал. Ошол себептүү бүгүн-эртең коменданттык саатты жойгонго эртелик кылат.

Манас Эргешовдун көз карашынча, өлкөнүн коопсуздугун жана бүтүндүгүн ойлогон саясий күчтөр биригип, азырынча өткөөл президенттин тегерегине баш кошуп, мамлекетте туруктуулукту орнотууга көмөктөшүүсү абзел. Ал эми Жогорку Кеңешке шайлоону эмдиги жылдын күзүнө дайындоо максатка ылайыктуу.

Анткени менен Кара-Суу районунун жашоочусу, жаш саясатчы Юруслан Истанов аймакта акыбал жакшырып калгандыгын белгилеп, коменданттык сааттын жоюлушунан трагедия жасоонун кажети жок деп эсептейт.

- Бул жерде кыйлага чейин улуттар аралык жаңжал болбойт. Ага негиз деле калган жок. Бирок этностор ортосунда эмес бийлик менен элдин арасында пикир келишпестиктер барган сайын курчуп атат. Анкени, жаңы бийлик адегенде эле убадаларын унутуп, калк менен эсептешпегендей таасир калтырууда, - дейт Юруслан Истанов.

Ал эми Кара-Суу шаарынын тургуну Азизилла Эшенханов Юруслан Истановдун айткандарын четке кагып, жердештери ушул тапта коркунучтун кучагында жашап жатышкандыгын ачыктады:

- Жергебизде коменданттардын турганы жакшы эле. Адамдар ынтымакташып, эч нерседен чочулабай жашап жатышкан. Жоокерлер жана милиция күчтөрү айыл-шаарларды аралап жүрүшкөндө, коркпойт элек. Беймарал ишибизди бүтүрчүбүз. Эгерде өзгөчө кырдаал тартиби токтотулса, мына беш кол тең эмес, кыргыз же өзбек жаш балдар дагы чатакташып, кайрадан калаба болушу мүмкүн.

Буга дейре Ош аймагынын коменданты Бакыт Алымбеков коомдук-саясий кырдаал бекем турукташа электигин айтып, ошентсе да, Ош жергесиндеги шаарлар жана райондор Өкмөттүн толук көзөмөлүндө экендигин жар салган.

XS
SM
MD
LG