Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:45

Кыргызстан эли мамлекеттик башкарууда парламенттик системаны тандап алдык. Бул чечимдин тарыхый маани-маңызы биз үчүн абдан чоң.

Муну түшүнүш үчүн эки суроого жооп берүүгө аракет жасайлы. Бул чечимдин кабыл алынышында кандай себептер жатат жана парламенттик башкаруу системасынын кандай таасирлери болушу мүмкүн?

Мамлекеттүүлүгүбүздүн акыркы жыйырма жылында кыргыздар абдан оор турмуш улантып жатат. Буга аргумент катары элдин үчтөн экисинин жакыр болушу жана бул жакырчылыктын эч азайбашы, жумушка жарай турган орто жаш катмардын негизги бөлүгүнүн чет өлкөлөрдө жалпысынан кор болуп жүрүшү, паракорчулуктун күн өткөн сайын күчөшү, куралдуу күчтөрүбүздүн алсыздыгы жана мамлекеттик эмес күч топторунун арбындап күчөшү, мамлекеттик тилибиздин жалпы жарандык тил болушунда жеткиликтүү өбөлгөлөрдүн түзүлбөшү ж.б.у.с. бир топ маселелерди үлгү катары көрсөтө алабыз.

Жыйырма жылдан бери мамлекетибизди президент жана анын айланасындагы чакан топ башкарып келе жатканы баарыбызга маалым. Бул нерсе бир гана Кыргыз мамлекетине таандык көрүнүш эместиги белгилүү. Коңшулаш жана шериктеш өлкөлөрдө да биздегидей эле бир канча эле киши бүт элдин тагдырын чечип, мал-мүлктү каалагандай колдонууда. Буга Кумтөр жана чек ара окуяларын көлдөгү тамчы ирээтиндеги, үлгү катары көрсөтсөк болот. Аталган ж.б.у.с. окуяларда элдин кызыкчылыгына жараша чечим алынган деп айтууга абдан кыйын. Коңшулаш өлкөлөрдө да акыбал биздикинен сонун деп айтууга кыйын. Нефттин шарапаты менен белдери бүгүлбөй жатат десек жаңылышпайбыз. Ал жерде Абрамович сымал кишилердин бир канча жылда 17 миллиард ДОЛЛАРДЫК мүлккө жетиши акыл-эске албетте шектенүүнү алып келет. Кыскасы биздеби же коңшулаш мамлекеттердеби элдин ырыскысы белгилүү катмар киши тарабынан эле сарпталып колдонулууда. Ошондон улам болсо керек Орусиянын президенти ачык эле парламенттик башкаруу системасына каршы экенин жарыя салды.

Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе кандайдыр бир күчтөрдүн Кыргыз жеринде (ОШ жана Жалал-Абатта) тополоң уюштуруусу болду. Бул провакация жалпы КМШ элинин көңүлүнөн революция аркылуу парламенттик башкаруу системасына өтөм деген Кыргызстандан көңүлүн буруу максатында жасалган. Бул провокациялык окуялардан кийин КМШ эли парламенттик башкаруунун кандай пайдалары болушу мүмкүн экендигине байланыштуу суроонун жообунан такыр алысташты. Бирок биз кыргыздар үчүн бул маселе андан да курчуду. Бир канча кишинин инсапсыздыгынын айынан жалпы эл адилетсиз мамлекеттик башкаруунун жыйынтыгында татыктуу эмес жашоого дуушар болуп олтурат. Элдин бийлиги президенттик башкаруу системасында эместиги белгилүү болду.

Нарындын Ат-Башы жергесиндеги, Баткендин Лейлегиндеги же болбосо Ордолуу Оштун Алайкуусундагы эл президентти кайдан таанысын, эмнеге тайанып ал кишини президент катары шайласын? Эң оболу биздин атыбыздан чечим ала турган кишинин аманат ойубузга кыйанат кылбай турганына ишене турган шарттын түзүлүшү керек. Ал кишини (депутатты) 1-2 айда жок дегенде көрүп, кандай гана проблема болбосун аны жеткизчүдөй болушубуз керек. Эң оболу партиялар арасындагы атаандаштыктын жыйынтыгында башкарууда конкуренция пайда болот. Атаандаштык болгон жерде албетте талап жогору койулат. Кыскасы бир үй-бүлө же бир топ башкарган мамлекеттен 120 эл өкүлү башкарган мамлекет артык болсо керек деген ойдомун.

Буйруса кыргыздар бир гана өзүнө эмес жалпы адам баласына пайдалуу болот!!!

Адылбек Турдубаев

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG