Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Жаңы парламент ишин баштады


Жаңы чакырылыштагы парламент.
Жаңы чакырылыштагы парламент.

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган бешинчи чакырылышы бүгүн алгачкы отурумун өткөрдү.

Жогорку Кеңештин алгачкы отурумун мыйзам боюнча жаңы чакырылштагы эң аксакал депутат Ташболот Балтабаеав ачты. Жыйын башында Ташболот Балтабаев парламентке өткөн беш партия өз-өзүнчө фракция түзгөнүн билдирди.

Андан соң президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңештин депутаттарын куттуктап сөз сүйлөп, кыргыз өкмөтү шайлоодон оолак болуу тууралуу убадасында туруп, Кыргызстандын эгемен тарыхында биринчи жолу парламенттик шайлоо таза акыйкат өткөнүн, өлкө туура жолду тандаганын дагы бир жолу баса белгиледи. Апрелде эл толкуп бийлик алмашканын айтуу менен ишке киришип жатка депутаттарды ушул күнгө жеткирген адамдардын эрдиктерине жана эмгектерине татыктуу баа берүүгө чакырды. “Эң таттал жана оор мезгил артта калды. Учурдун сыноосуна туруштук бере алдык. Убактылуу өкмөт өз милдеттерин толук аткарды, элдин талаптарын орундаттык”, - деди президент. Роза Отунбаева азыр кайра президенттик бийликти эңсегендер бар экенин айтып, мындай аракеттерди сынга алды. "Парламенттик башкарууну тандап, эл даанышмандыгын далилдеди", - деди президент.

Президент ошондо эле Жогорку Кеңештин азыркы курамы коомдогу көз караштардын чагылышы деп билдирди. Бул чындык менен эсептешүү керектигин, биринчи жолу Жогорку Кеңешке бийликчил эмес партия көп добуш алып келгенин айтты. “Азыр өкмөттүк коалиция кандай түзүлөрүн эч ким билбейт, чыныгы демократия ушундай болушу керек”, - деди Р. Отунбаева. Президент мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жеке кызыкчылактардан баш тарта билүү, жеке амбицияларды тыюу зарылдыгын айтты. Р. Отунбаева шайлоодо жеңген партияларды ымалага келип, 27-ноябрга чейин премьер-министрди бекитип, өкмөттүн иштешине тезирээк шарт түзүп берүүгө чакырды. Жеңген партиялар өздөрүнүн мүчөлөрү менен чектелбей, өкмөткө дасыккан адистерди да тартуусу керектигин белгиледи.

Андан кийин Жогорку Кеңеште коалициялык өкмөт боюнча фракциялык кеңешүүлөрдү өткөрүү үчүн тыныгуу жарыяланды.

10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында парламентке беш партия өткөн. Алар: "Ата-Журт", КСДП, "Ар-намыс", "Республика" жана "Ата Мекен" партиялары. Жаңы парламентте 120 орун бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG