Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:44

Жыргалбек Касаболотов: Бизде толук кандуу партия жок


Кыргызстанда каттоодон өткөн 140тан ашык саясий партиялар бар.

Кыргызстанда каттоодон өткөн 140тан ашык саясий партиялар бар.

Күздө өтчү парламенттик шайлоого даярдыктар, парламентаризмге болгон алгачкы кадамдар тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна конфликтолог-талдоочу Жыргалбек Касаболотов жооп берди.

- Ушул тапта каттоодон өткөн 140тан ашык саясий партиялар бар экен. Булар күздө болчу парламенттик шайлоого карата биригүү процессинде турушат. Кандай ойлойсуз, парламентаризмге карай алгачкы кадамдар кандай болуп атат?

Жыргалбек Касаболотов: Чынын айтыш керек, бизде сөздүн толук маанисинде партия деген жок. Анткени партия деген бирдей пикирдеги адамдардын тобу дегенди билдирет, партия деген бөлүк деген сөз - коомдун бөлүгү. Бизде болсо көпчүлүк партиялардын программалык документтерин карасаңар көпчүлүгү коендой окшош.

Биригүү процесстери азыр эки багытта жүрүп атат. Биринчиден, платформалары окшош, мурунку эски партиялар биригип атат, анан лидерлердин тегергинде биригип аткандар да көп. Мисалы, шарттуу түрдө бөлө турган болсок үч чоң топтогу партиялар бири-бирин издеп, биригүү аракетинде болуп атат. Биринчиси, улутчул багыттагы партиялар. Экинчиси, социалисттик багыттагы партиялар. Үчүнчүсү, либералдык багыттагы партиялар. Булар негизинен же лидердин, же платформасынын тегерегинде биригип атат. Ортосунда өзүнүн буга чейинки программалык документтерин кайра башынан карап чыгып аткандар да бар, элге эмне менен чыгабыз деп. Жалпы жонунан толук кандуу партиялар бизде бир, же эки шайлоо өткөндөн кийин калыптанат го деген ойдомун.

- Айрым партия лидерлери азыртадан эле “күздө өтчү шайлоо таза өтпөйт, чыр чыгат, уруш болот” деген сөздөрдү айтышууда. Ушундайга негиз барбы?

Жыргалбек Касаболотов: Бул кандай мааниде айтып атканына байланыштуу. Шайлоо кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө каршы чыккан партиялар болуп атат. Экинчиси, “эгерде биз өтпөй кала турган болсок, ушундай маселени кабыргасынан койгонго шарт болуп калсын” деп эмитеден алдын ала ой менен айтып аткан болушу мүмкүн.

Бирок кеп шайлоонун канчалык таза, же таза эмес өткөнүндө эмес, элдин азыр эмнени тандарын билбей калганында болуп атат. Анткени бирикпей турган адамдар биригип, кээде бирикпей турган партиялар биригип, кээде бириге тургандар бирикпей калган учурлар көп болуп атат. Эл деле көп биле бербейт кимисинин платформасы кандай экенин. Анан чыгып аткан адамдар аябай көп. Шайлоо жакындаганда ушундай темп менен кете берсе, кимисин шайларын деле билбей калышы мүмкүн.

- Демек жанагы айтылып аткандай булардын көбү идеологиялык жактан эмес, эптеп парламентке келүү ниетинде болуп атат деген маселе болуп атабы?

Жыргалбек Касаболотов: Ага чейин өздөрүнүн каталарын оңдоп, идеологиялык багытта биригиши да мүмкүн. Ал эми акчасына карап туруп, ар кандай башка факторлордун негизинде биригип да кетиши мүмкүн. Эгерде андай боло турган болсо элдин даана башы айланат. Кээ бир партиялар өзүнүн тизмесин көрсөткөнгө кызыктар болушу мүмкүн, кээ бири кызыктар эмес болушу мүмкүн.

Колдон келсе өздөрүнүн тизмесин ачык көрсөтсө болмок. Анткени элдин баары алардын программаларын окуй бербейт, жок деген айтылып аткан сөзүнө тизмесине кирип аткан адамдар туура келеби, келбейби, ошону да билип алса жакшы болмок.

Экинчиден, регионалдык жарым пайыз болуш керек деп атышат, ошону 3 пайызга жеткирсе жакшы болмок. Ошондо көпчүлүк элге тааныла элек партиялар кийинки шайлоого даярданып, таанылып калгандардан 3-4, ашып кетсе 5-6 партия келмек парламентке. Үчүнчү жагынан, партиянын негизиндеги регионализм, вождизм сыяктуу көрүнүштөрдү жок кылганга да өбөлгө түзмөк.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG