Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:21

Жоопсуз суроолордун артында ким турат?


31-мартта "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы эки темада - Баткен жана Талас эли менен айыл тургундарынын маалымат алуусу жана уюлдук байланышка кошулган 60 тыйын тууралуу - видео-диалог уюштурду.

Видео-диалогдун катышуучулары 60 тыйын тууралуу эч бир бийлик өкүлдөрү да, оператор кызматкерлери да түшүндүрмө бербей жатканына наарызы болуп, ага каршы акция өткөрө тургандарын билдиришти.

Гүлсанам Исакова
Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургуну. Ак-Сай кыргыз-тажик чегиндеги четки айылдардын бири болгондуктан өлкөдөгү болуп жаткан окуялар менен таанышуу алар үчүн өтө кыйын.

Ак-Сайда Кыргыз улуттук телекөрсөтүүсү тартканы менен сапаты начар. Ошол себептүү да айылдын тургундары тажик телеканалдарынан жаңылык, сериалдарды көрүүгө мажбур. Ал эми гезиттери кечигип жеткендиктен, аны окуганга эмес отту тутандыруу үчүн пайдаланышат.

- Биз “Азаттык” радиосун деле укпайбыз. Биз чек арада жашагандыктан, ал да бизде тартпайт. Телевизорду да жакшы көрө албайбыз, ал да жакшы көрсөтпөйт. Гезитти бир ай кечигип алабыз да, бир эле көз жүгүртүп коёбуз. Аны от жагуу үчүн тутурук кылып коёбуз. Башка айлабыз жок. Чындыгында өлкөдөгү маалыматты билбейбиз.

Жакында көз карандысыз уюмдар ушул аймакта социалдык иликтөө жүргүзүп, анда көпчүлүк эл маалыматты мугалимдерден, чек арачылардан, айыл өкмөт кызматкерлеринен, жыйындардан же тойлордон оозеки гана түрдө угушаарын аныктаган.

Баткен шаарында интернет аркылуу “Азаттыктын” сайтынан маалымат алышат. Диалогдун катышуучулары башка гезиттер жок болгондуктан мажбур түрдө почтадан “Эркин Тоо”, “Кыргыз Туусу” гезиттерине пенсия, пособиенин эсебинен жазылышарын белгилешти.

Акыйкатчынын Баткендеги өкүлү Хаит Айкыновдун айтымында, көп учурда маалыматтар толук жетпейт.

- Мисалы, Нарында премьер-министр Данияр Үсөновдун эл менен жолугушуусу тууралуу толук, расмий маалымат бербей жатат.

Диалогго катышкан “Алиби” гезитинин ээси Бабырбек Жээнбеков айрыкча айыл жергеси өлкөдөгү маалыматтар менен толук тааныш эместигин, Евгений Гуревич жөнүндө, стратегиялык объекттердин арзыбаган баага сатылып кеткени тууралуу элдин кабары жок экенин белгиледи. Ал бийлик мындай маалыматтарды элге жеткирүүнү каалабайт деген пикирин айтты.

Ал эми “Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Мээри Бекешова маалымат алуу укугун эл өзү гана чече турганын айтат.

- Мына ушундай азыркы абалды Кыргызстандын жалпы эли оңдобосо, мисалы, Гуревич келип оңдоп бербейт.

Бул маселе боюнча Президенттик катчылыктан, президенттин басма сөз кызматынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Коалиция уюштурган экинчи талкуу таластыктар менен болду. Анда уюлдук байланышка 60 тыйындын кошулушу тууралуу талкуу жүрдү. Бул талкууга Мамлекеттик байланыш агенттигинен, байланыш операторлордун өкүлдөрү чакырылганы менен алардын келбегендиги айтылды.

Ал эми Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин өкүлү Лариса Шустикованын айтымында, жеке ишканаларга алар кийлигише албайт. Ошол себептүү учурда мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор иштелип чыгып, ал Жогорку Кеңешке, Экономикалык жөнгө салуу агенттигине жиберилген.

Талкууга катышкан Талас тургуну Мурат Шамил 60 тыйын тууралуу эч бир бийлик өкүлдөрү да, оператор кызматкерлери да жүйөөлүү себептерин айтпай жатканына нааразы болуп, ага каршы акция өткөрүү ниетин билдирди.

- Биз сөзсүз түрдө бул акцияны уюштурабыз. Бизде башка вариант жок. Анктени биз байланыш операторлорго смс да жөнөтүп көрдүк. Эч бир натыйжа чыккан жок, көңүл да бурушкан жок. Алар коомчулукка, өздөрүнүн абоненттерине байлыныш үчүн эмнеге, эмненин негизинде 60 тыйын кошуп койгонун түшүндүрүшкөн да жок.

“Мегаком” компаниясынын маалымат кызматынын жетекчиси Оксана Бедаштын айтымында, уюлдук байланыштын баасынын кымбатташына тарифтердин көтөрүлүшү менен Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин акыркы чечимдери да себеп болгондугун айткан эле.

- Агенттиктин ушул буйругу, бул - байланышка болгон баалардын кымбатташына себепчи болгон факторлордун бири. Негизи мындай чечимди кабыл алуу, рыноктогу бардык кымбаттоолордон да улам болду. Электр энергиясына, кара майга болгон баалар кымбаттап кетти. Бул биздин иштерге түз таасирин тийгизет. Андан тышкары биз менен кызматташкан бардык компаниялар өз кызматтарын көтөрүштү. Ошол эле маалымат каражаттарындагы жарнак баалары, кире акысы, жабдыктарды алып келчү ортомчу ишканалардын акылары да кымбаттап кетти. Албетте биз чыгашага иштей албайбыз.

Мурда Байланыш агенттиги буга тиешеси жок экенин, ал операторлордун өзүнүн чечими экенин айткан. Ошентип жоопсуз суроолордун арасында “чайналган” эл кайрадан жооп издөөдөн тажабай тургандыгын айтып жатышат. Жыйынга катышкандар ушул эле маселени кийинки айларда кайрадан талкуулоону сунушташты.

XS
SM
MD
LG