Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

Э.Каптагаев: Элдик курултайда олуттуу маселелер көтөрүлөт


17-мартка белгиленген Элдик курултай, анда көтөрүлө турган маселелер, саясий абал, бийлик менен оппозициянын тиреши тууралуу Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлеринин бири Эмил Каптагаев “Азаттыкка” маек курду.

- Эмил мырза, оппозиция 17-мартка Элдик курултайды чакырууну белгилеп жатат. 17-февралда бийликтин Ынтымак курултайын уюштуруу комитети оппозиция өкүлдөрү да ага президенттин квотасы аркылуу делегат болуп катышуусу мүмкүн экенин билдирди. Сиздерден кандай жооп болот?

Эмил Каптагаев: Бул курултайга катышууга эч негиз жок. Анткени курултай эмне максат менен чакырылып жатканы белгисиз. Башында Ынтымак курултайы деп атаганы менен, ынтымак деген нерсенин өзү бул чоң жаңжал, же чоң согуш чыгып аткан болсо, ошол согушка катышып аткандарды ынтымакка келели деп чакырат.

Ынтымак курултайы деп чакырып атканда делегаттарды аныктоо принциби өзү кызык болуп атпайбы. Биринчиден, өлкөдөгү саясатты аныктап турган Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттарын, оппозициянын, саясий партиялардын баарын булар делегат болбойт деп сыртка чыгарып коюшту. Өлкөдөгү саясий кырдаалды аныктаганга түздөн түз тиешеси жок адамдарды чогултуп, кандай, эмне менен ынтымак кылган атканы түшүнүксүз болуп атат.

- Бийликтин акыркы күнү оппозицияны “силер да квота аркылуу делегат боло аласыңар” деп чакырып калышына эмне себеп болду?

Эмил Каптагаев: Эл ичинде аябай көп сөз болуп кетти. Анын үстүнө көп бейөкмөт уюмдар ачык айтып чыгышты, “бейөкмөт уюмдарды чакырбай эле койгула, биздин курултайга катышабыз деген деле ниетибиз жок, анткени эч ким менен чатакташкан жокпуз, бийлик чатакташып аткан саясий күчтөр, партияларды чакырып ошол менен ынтымакка келгиле, ошолор менен ынтымакка келсеңер коомдо туруктуулук, тынчтык болот” деген сөз көп айтылып кетти. Ошондон улам “мына, чакырдык” деген сыяктуу гана иш-чара болуп атат.

- Оппозициянын катышуусу үчүн кандай шарт керек?

Эмил Каптагаев: Курултай чакырылардан мурда анда каралчу маселе так болуш керек. Бир, же эки маселе алып чыгыш керек да, анан “ушул маселени талкуулайлы, келгиле сүйлөшөлү” деген болуш керек.

Экинчиден, курултайга делегаттарды шайлоонун принциби так болуш керек. Азыр “өзүңөрдүн делегаттарды көрсөткүлө, анан биз тандап алабыз” деп айтып атышпайбы. Бул жөн гана элге “оппозициялык саясий күчтөрдү чакырдык, келбей койду” деген шылтоо кылганга гана керек болуп атат. Эмне сөз болорун, кандай тартипте делегаттар шайланаарын билбей туруп биздин делегаттарды киргизип койгула деп бергендин өзү туура эмес болуп калат.

- БЭК 17-мартка өзүнүн курултайын белгилеп жатат. Анда төрткө жакын маселе каралып жатат. Ошолор тууралуу айтып берсеңиз?

Эмил Каптагаев: Биз төрт маселени коюп атабыз. Бул - элдик курултай болот, бул - оппозициянын курултайы эмес, жалпы коомдогу бардык күчтөрдүн жигердүү жарандардын курултайы болот.

Бул жерде азыркы өкмөт жүргүзүп аткан социалдык-экономикалык саясатка байланыштуу, тариф саясаты, кыргыз элинин энчиси, байлыгы богон объектилерди талап-тоноп сатып аткан маселе, Конституцияны өзгөртүү, мамлекеттик түзүлүштү кайсы жакка алып баратканы жөнүндө маселе, анан азыркы өлкөдө кеңири жайылып бараткан саясий репрессия маселеси каралат. Мына, ушул төрт гана маселени биз курултайга коюп, ушуга карата элдин пикирин, мүдөөсүн, тыянак чечимин көрөлү, ошону коомго алып чыгалы деп турабыз.

- Рахмат.
Ынтымак курултайы көпүрө боло алабы? 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG