Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

ММК калыстыктан тайдыбы?


БШК үгүт өнөктүгүн чагылдыруудагы калпыстыктар үчүн “Назар”, “Эл сөзү” басылмаларына эскертүү жолдоду.
БШК үгүт өнөктүгүн чагылдыруудагы калпыстыктар үчүн “Назар”, “Эл сөзү” басылмаларына эскертүү жолдоду.

Президенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгүнүн үчүнчү жумасы соңуна чыгууда. Өлкөдө үгүт маалында иш алып барууга 135 маалымдоо каражаттары мүмкүнчүлүк алган. Бүгүнкү күнгө алардын ичинен эки ММК Шайлоо кодексинин чегинде иш алып барбагандыгы үчүн БШК тарабынан эскертүү алышты.

Үгүт маалындагы ММК ишмердигин байкоого алган кээ бир уюмдар талапкерлерди чагылдырууда калыстык сакталып жатат дешсе, айрым медиа адистер учурда ММК эки жаатка бөлүнүп, шайлоочулар так, бейтарап маалыматтан кур калды деп тынчсызданышууда.

Медиа-эксперт Бакыт Орунбеков жергиликтүү ММКлардын ушул таптагы ишмердигине төмөндөгүчө баа берет.

- Азыр маалымат каражаттары эки жээкте иштеп атышат. Биринчиси бийлик тарабына, ал эми экинчиси оппозицияга кызмат кылып атат. Азыр ММКлар мыйзамдык чектен ашып, кыргызча айтканда, киндиктен ылдый түшүп кеткен да жагдайлар болуп атпайбы! Мына, УТРКны же 5-каналды караңыз. Бир тараптуу маалыматтар кетип жатат. Бир тарабын мактап, экинчисин таптакыр эле каралап жатат.

Бакыт Орунбековдун пикиринде, бүгүнкү күнгө шайлоо өнөктүгүн чагылдыруу талаптары медиа мейкиндигинде дээрлик аткарылбай жатат.

Кыргызстандын медиа өкүлү Акмат Алагушев дагы талапкерлерди чагылдырууда бейтараптуулук сакталбай, көбүнчө бул талаптан мамлекеттик ММКлар жаза тайып аткандыгын “Азаттыкка” билдирет.

- Мамлекеттик маалымат каражаттарынан кетип атат. Административдик ресурс колдонулуп жатабы? Же бул кимге канча убакыт бөлгөнүнө байланыштуу болуп атабы? Айтыш кыйын болуп атат.

Медиа өкүлчүлүктүн буга чейинки иликтөөсү УТРК жана ЭлТР каналдары эфир убактысынын сексенден ашык пайызын учурдагы президент тууралуу сөз кылаарын аныктаган. Бул Шайлоо кодексиндеги жоболорго туура келбейт.

Үгүт өнөктүгүнө байкоо салып, ар жумада анын жыйынтыгы боюнча өз баяндамасын жарыялап жаткан “Таза шайлоо үчүн” коомдук уюмунун жетекчиси Гүлмира Баратбаева тескерисинче ММКда президенттикке ат салышчулар үчүн таймаш тең салмакта жүрүп жаткандыгын белгилейт.

- Мен УТРКнын, 5-каналдын кечээки, жекшембилик маалымат программаларын көрдүм. Бардык тарапты көргөзүп атышат. Болгонун болгондой көргөзүп атышат. Толугу менен калыс эле көрсөтүшүп атышат.

Баратбаеванын билдиришинче, айрым оппозициялык маанайдагы жергиликтүү басылмалар үгүт маалында эч тоскоолсуз бийликти ашкере сынга алып, нускасын көтөрүп, аймактарда аларды бекер таратып жатат.

Боршайкомдун шайлоону маалыматтык камсыздоо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Самат Бөрүбаев үгүт иштери талапкердин шайлоо фондусунун эсебинен гана чыгымдалышы керек экендигин эске салып, бүгүнкү күнү бул шартты аткарбай жаткан ММКларга эскертүү берилгенин билдирет.

- Бизде ушул шартты сактабай эле авторлор үгүт материалдары экенин, алар талапкердин шайлоо фондусунун эсебинен экендигин көрсөтпөй эле чыгарып ийип атышат. Бул боюнча июнь айында эле эскертүү бергенбиз.

Самат Бөрүбаевдин билдиришинче, БШК жакында эле үгүт өнөктүгүн чагылдыруудагы калпыстыктар боюнча “Назар”, “Эл сөзү” басылмаларына эскертүү жолдогон.

XS
SM
MD
LG