Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

Мамлекеттик кеңеш - бийликти узурпациялоо амалыбы?


“Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбору Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган Конституциянын долбоору атуулдардын саясий укугуна коркунуч туудурган, бир ууч топтун бийликти узурпация кыла турган саясий коррупциясы катары эсептейт.

Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзамда президенттин милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы, ал аткара албай калган шартта Премьер-министр аткарат деп жазылган болсо, бул жоболор президенттин милдетин аткарчу адамды Мамлекеттик Кеңеш аныктайт деп өзгөргөртүлдү. Дал ушул маселе коомчулуктун, айрыкча саясий чөйрөнүн кызуу талкуусуна алынып, бүйүрүн кызытууда.

Ушуга байланыштуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбору массалык маалымат каражаттары аркылуу өзгөчө пикирин таратты. Анда Жогорку Кеңешти Конституцияны бузбоого, аталган долбоорду мындан ары карабоого чакырган. Аталган уюмдун укук-эксперти Абдыкерим Ашыров дегеле Конституциянын бат-баттан өзгөрүшү өлкөнүн стибилдүүлүгүн көрсөтпөйт деген пикирде.

- Президенттик кеңеш үч күндүн ичинде чогулуп, президенттин убактылуу милдетин аткарган кишини дайындайт дегени юрист катары мен үчүн түшүнүксүз. Анткени кеңештер чогулуп алып чечсе, аны ким бекитет, бардык кеңеш толук бекитеби. Көпчүлук жоопкерчилик болуп кетпейби деген суроо туулат. Бул бир жагынан саясий, коомдук стабилдүүлүк жактан опурталдуу, экинчиден тушүнүксүз, - дейт А.Ашыров.

Ушундай эле мүнөздөгү суроолорду депуттар да көп узатышкан. Аларга жооп кылып Юстиция минисри Курмантай Абдиев парламент отурумунда президенттин милдетин убактылуу аткарган адам Мамлекеттик кеңеш тарабынан аныкталышын демократиялуу көрүнүш деп сыпаттаган эле.

- Төрага өзүнүн укуктарына президенттин укуктары кошулганда тең салмактуулукту жоготот, дисбаланска алып келет деген ой болгон. Бул биринчи жагдай. Экинчи жагдай, негизгиси, Мамлекеттик Кеңеш тарабынан президенттин убактылуу милдетин аткаруучу адамды аныктоо азыр кыйла демократиялуу формада болуп атат дагы, тандап алуу мүмкүнчүлүгү кеңири болуп атат. Ошону эске алып бул мыйзам долбоору даярдалган, - дейт К.Абдиев.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев, бийликти сактап калыш үчүн эле Баш мыйзамды өзгөртө берүү бийликке деле, бийликтин тегерегиндегилерге деле аброй алып келбейт деген пикирде. Анын айтымында, мындай түшүнүксүз, бүдөмүк нерселер саясий абалды курчутушу ыктымал.

- Биз Конституцияны оюнчук кылып алдык. Эптеп-септеп Мамлекеттик Кеңеш деген органды түзө коюп, аны Баш мыйзамга киргизип. Кыргызда “Эл эмне дейт” деген сөз бар эле, ошол унутулуп калды. Бийликти бир колго топтоонун эле аракетиндеги иштер болуп атат. Өкмөт турса, Жогорку Кеңеш турса түзүлгөн органдарды жыбыратпай эле өкмөткө берип койсо аткарат эле да. Эгер өкмөт жасай албаса, анын эмне кереги бар деп өкмөт жоюлат да бул структуралар калып калат. Ошого келип атпайбы, - деди О.Молдалиев.

Деген менен “Ак Жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов Конституцияга өзгөртүү киргизүү замандын талабы экенин белгилейт. Ал түрдүү сын-пикирлерди кылдан кыйкым тапкысы келгендер айтып жатат деген пикирин билдирген.

- Оппозиция конструктивдүү болушу керек. Мен бу жерин түшүнбөй атам, бу кандай эле деген суроолордун бардыгы жумурткада кыр бар эле ошону таппай атам дегендей мааниге алып келип атат. Оппозиция болгондо эле сөзсүз биз сындашыбыз керек, сөзсүз каршы болуп турушубуз керек деген ойдон алыс болуп, өлкөбүздүн өнүгүшү, элдин биримдиги үчүн чогуу болсок жакшы болот эле, - дейт У.Ормонов.

Ал эми саясий чөйрө азыр ачыкталбай, бүдөмүк турган маселелер президент чакырган Ынтамак курултайында айтылып, бир топ суроого жооп табылат го деп үмүт кылышууда. Аны да көрө жатарбыз…

XS
SM
MD
LG