Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:42

С. Урманаев: Көлдөгү окуя - тоталитардык бийликтин күч алып баратканын көрсөтүүдө


Бириккен элдик кыймыл кечээ Түп районунда өткөрмөкчү болгон курултай ар кандай тоскоолдуктардан улам үзгүлтүккө учурады. Кыймылдын лидерлери жана мүчөлөрүн жолдон милиция күчтөрү жана башка уюшкан топтор тосуп, басмырлап, көл аймагынан сүрүп чыгарышкан. Бул окуяга байланыштуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султан Урманаевди кепке тарттык.

- Сиздин көз карашыңыз боюнча, Түп жана Балыкчыда эмне болду? Алгач ошол окуялардын күбөсү катары маалымат бере кетсеңиз.

- Мен ал окуялардын күбөсү болгон жокмун. Себеби мен жүйөөлүү себептер менен кечээки митингдерге катыша алган жокмун. Бирок кечинде “Азаттыктын” интернет барагына чыккан ошол окуя боюнча макалаларды окуп капа болдум. Чынын айтканда Ысык-Көлдүн жараны катары, Ысык-Көлдө төрөлүп, ошол жерде иштеп жаткан адам катары мен бийликтин кылган мындай иштерине уялдым.

- Султан мырза, курултай өткөрүүгө маалымдама арыздар өз убагында берилген беле, сиз дагы оппозициялык саясатчы катары бул ишке катыштыңыз беле?

- Мен бул тууралуу билбейт экемин, менден эч ким сураган жок.

- Мындан беш жыл илгери, 2004-жылы азыркы президент, ал кездеги оппозиционер Курманбек Бакиев дагы пикирлештери менен Балыкчыга барып, ушундай эле окуяга кабылганы бизге белгилүү. Анда сиз ошондо Бакиевге имарат берип, жайын өткөрүүгө шарт түзүп бергендей болдуңуз эле? Ошол окуя кандай болду эле?

- Ооба, ошондой болгон. Мен өзүм табиятыман адамдарга жакшылык болсо экен, Кыргызстанда демократия болсо экен деген ой менен жашап келатам. Ага чейин деле биз Жалал-Абат облусунда жүргөндө оппозициянын эң ана башы Апсамат Масалиев да Жалал-Абат облусуна киргенде, Таш-Көмүрдө болобу, Көк-Жаңгакта болобу жыйын өткөргөнгө эч кандай тоскоолдук кылган жок элек, жогору жактан деле мындай буйрук болгон жок эле. Андан тышкары 2004-жылдын декабрында биздин Ысык-Көлдө дагы кечээгидей окуя болгон экен. Мен ошондо Ак-Суу районуна барып, жаманчылыкка катышып кеч келип калып, бирок жогорудагы окуянын күбөсү болдум. Ошондо да оппозиция өкүлдөрү көчөдө калган экен, ошолордун баарын Эчки-Бел ишканасынын жыйындар залын берип, ага өзүм да катышып, кечинде жакшылап узатып койдук эле. Мен ойлойм, эгерде кечээ көзөмөлдөп, туура эмес болсо туура эмес болуп атат деп айтып жыйын өткөрдүрүп койсо Кыргызстан, жалпы эл, демократия утат эле.

- Ысык-Көлдө ушундай окуялар үчүнчү ирет кайталанып жатат. Бул эмнеден кабар берет, көл калаасы саясаттан алыспы, же жергиликтүү бийликтин ушундай чагымдарды уюштуруучу жөндөмү күчтүүбү?

- Бул жөндөмдөн эмес. Бул жалпы Кыргызстанда болуп аткан тоталитардык бийликтин күндөн-күнгө күч алышы деп эсептейм. Себеби Акаевдин убагында, же Бакиевдин учурунда саясатка көңүл бурсак, кийинки кездерде көп саясатчыларды өлтүрүп кетип атат, коркутуп-үркүтүүлөр болуп атат. Мен Балыкчыдан “мени прокуратура эч жакка чыкпа” деген көп эле кишилерди учуратып жатам. Ушундай саясаттарды биз көрүп атабыз. Анын үстүнө менин өзүмдүн башымдан деле мындай окуя өтпөдүбү. Мисалы депутат катары кол тийбестигимен пайдаланып, президентти сындап койгонум үчүн мен деле бир жарым жыл сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен Жалал-Абатта соттолуп жүрдүм.

- Рахмат маегиңизге.


БЭКти Ысык-Көлдөн басмырлап кууп чыгышты
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG