Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Мамлекеттик кызматкерлер кантип тандалат?


Бүгүн Кыргызстанда Мамлекеттик кызматкерлердин күнү белгиленүүдө. Бул күн өлкөдө 3 жылдан бери белгиленип келет. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин директору Айдар Керимкуловду бул күн кандай белгиленээри тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда сөзгө тарттык.

- Айдар мырза, мамлекеттик кызматкерлердин күнүнө карата бүгүн кандай иш чаралар өткөрүлгөнү турат?

- Чындыгын айтсак, майрамдык күндү майрамдык маанайда өткөрсөк болмок эле. Бирок жетишкендиктер аз болуп аткандыктан, иш жыйынын эле өткөрөлү деп атабыз. Статс-катчыларды, биздин кызматкерлерди, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чакырып кайсы маселелер чечилбей атат, кандай маселелердин үстүндө иштешип, мамлекеттик кызматкердин статусун кантип көтөрсөк деген багытта бүгүнкү жыйынды өткөрөбүз.

- Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттик коррупцияга каршы күрөшүүдө кандай иштерди аткарып атат?

- Коррупция менен күрөшүүнүн жолдору абдан көп. Бирок биздин агенттиктиктин багыты боюнча карай турган болсок, бир эң негизги маселе бар, кадрларды тандоодо коррупциялык жолго кирбей, мамлекеттик ишке профессионалдуу, компетенттүү адамдар келсе экен деген бизге багыт берилген. Аны ишке ашырыш үчүн конкурс өткөрүүдө абдан таза, объективдүү болсун деген багытта ошого бөтөнчө басым жасайбыз. Анан турмуш көрсөткөндөй, конкурс аркылуу коррупцияга жол берилбейт деп айтсак болот. Болбосо мурункуга карганда азыр 80-90 пайыз компетенттүү адамдар мамлекеттик кызматка келип жатат деп.

- Айдар мырза, ушул 5 млн. кыргыз калкы үчүн азыр мамлекеттик кызматтагы чиновниктер өтө эле көп деген да маалыматтар айтылууда. Жалпы жонунан Кыргызстанда канча мамлекеттик кызматкер бар?

- Өзүңүздөр билесиздер, мамлекет өсүш, өнүгүш үчүн адегенде мамлекеттик кызматкерлер болуш керек. Кыргызстан боюнча азыр 18 миңге жакын мамлекеттик кызматкер иштейт.

- Жаштарды мамлекеттик кызматка тартуу маселеси кандай чечилүүдө?

- Ушул багыт боюнча президент Курманбек Бакиев бизге абдан катуу тапшырма берди эле, мамлекеттик кызматка, бөтөнчө жетекчи орундарга жаштарды, компетенттүү кадрларды тартасыңар деп. Ошол багытта биз абдан көп иштерди жасаганга аракет кылып жатабыз. Жакында эле статс-катчылардын институтун абдан жогору көтөрүп, ошол жака жаш жетекчилер келсе экен деген ой менен, каржы министрлигине, тышкы иштер министрлигине конкурс өткөрүп, жаш жетекчилер гана тандалып алынып атат. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарга жаш кызматкерлер келип атат, окууга жөнөтүп атабыз, Жапонияга жакында Кыргызстандын келечеги болчу 20 улан-кыздарды окууга жөнөтүп, окуусун бүткөндө дагы аларды көзөмөлгө алып, кызматынан жогорулай тургандай иштерди көп жасаганга аракет кылабыз, саясий жактан да колдоого алабыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG