Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Б. Орунбеков: Партияларды ирилештирүү мезгили келди


Саясий серепчи Бакыт Орунбеков саясий партияларды ирилештирүү зарыл, чакан өлкө үчүн жүздөн ашуун партия өтө эле көптүк кылат деп эсептейт.

- Бириккен элдик кыймылдын курамына кирген саясатчылар жетектеген эки таасирдүү партия - “Ата Мекен” менен СДП биригүү аракеттерин баштаганы маалым болууда. Оппозициядагы таасирдүү бул эки партиянын биригүүгө моюн сунушу саясий күрөштүн бүгүнкү шартындагы зарылдыкпы, же бышып жетилген табигый көрүнүшпү?

- Менимче, бышып жетилген табигый көрүнүш го. Анткени демократиялык мамлекеттердин салтында ушундай көрүнүштөр көп болуп келген, партиялар көз караштарына, жалпы максаттарына ылайык бириккен учурлар болгон. Акыркы жылдардагы саясий процесстин өзү дагы кошумча айтып тургандай, турмуштун өзү буга түртүп отурганы көрүнүп турат да. Бул жалпы идеянын биригели дегени жакшы, бирок кандай жол менен, кайсы максаттар менен биригет, ушул жагынан чоң максат-тилекти далилдеш керек го.

- Бакыт мырза, ушул партиялардын биригишине ишенесизби? Экинчиси, эгер ушул партия бириксе ал азыр элдешкис оппозиция болуп турган оппозициянын кайра күчтөнүшүнө өбөлгө түзө алабы?

- Кыргыз менталитетинин көз карашы менен, кыргыздын реалдуу турмушунан караганда бул биригүү процесси бир топко созулушу мүмкүн, ортодо ар кандай пикир келишпөөчүлүктөр болушу мүмкүн. Эгерде ошол эки партиянын ортосундагы пикир келишпөөчүлүктөр көпкө уланып кете турган болсо анда бул оппозициянын дагы алсырашына негиз түзүп берет да. Ошондуктан бул маселеге өтө кылдаттык менен карап жана эки партиядан тең жумушчу топторду түзүп, жалпы багыттарды аныктайлы, же болбосо караштыралы дегендей иштерди жүргүзүш керек. Бул эки партия эле эмес, Кыргызстандагы бардык эле партиялардын ирилешүү, биригүү процесси башталыш керек деп ойлойм да. Анткени 5 миллион калкы бар өлкөдө 106 партиянын болушу өтө кызык көрүнүш.

- Кыргызстанда партиялардын биригүүсү мурдагы бийликтин тушунда, “Алга, Кыргызстан” партиясынан башталган эле. Андан кийин “Ак жол” партиясы түзүлгөндө да бир канча партияларды бириктиребиз дешкен. Бирок акырында келип эле жүздөн ашык партиянын саны ошол бойдон калып атпайбы. Партиялар эмне үчүн бириге албай жатат?

- Бул жерде эми табигый процесстин жүрүшү менен биригүү болгон жок, ошол партиялардын лидерлери “мен сизди колдоймун” деп эле билдирүү жасап коюп ошондой процедура менен кетип атпайбы. Бул өзү туура эмес көрүнүш, анткени шайлоо бүткөндөн кийин мурдагы эле калыбында калып атпайбы. Эгерде бир партияга экинчи партия бириге турган болсо ачык-айкын маселелер болушу керек, айтылып такталыш керек. Кайсы бир партиянын съездинде ошондой чечим кабыл аланышы керек. А, бизде болсо саясий кеңештин же болбосо лидердин билдирүүсү менен эле бир партия бир партияга шайлоо алдында кошулуп калып атпайбы, бул дагы накта демократиялык процесске төп келбеген же болбосо жалгашпаган бир көрүнүш деп эсептесек болот.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG