Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:29

А. Шыкмаматов: Конституцияны өзгөртүү Ак үй үчүн зарыл болуп турат


Алмамбет Шыкмаматов партиянын жыйынында (оңдон биринчи)
Алмамбет Шыкмаматов партиянын жыйынында (оңдон биринчи)

Конституциялык сот бүгүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча президенттин сунушун караганы жатат. Мындай өзгөртүү киргизүүгө байланыштуу "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешчиси Алмамбет Шыкмаматовду сөзгө тарттык.

- Алмамбет мырза, бүгүн Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча президенттин сунушун карайт. Кандай чечим күтүп жатасыз?

Албетте Конституциялык сот президент киргизген Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду Конституцияга карама-каршы келбейт, бул Конституцияга ылайык деп таап, аны Жогорку Кеңешке жөнөтүшү ыктымал. Бул процедуранын талабы боюнча. Бирок менин оюмча, Жогорку Кеңеш муну кароодо ар кандай маселе туурлушу мүмкүн. Себеби Конституциянын талаптарына ылайык, бул өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн эки окуу талап кылынат, ал эми биринчи менен экинчи окуунун ортосунда кеминде үч айлык мөөнөт өтүш керек деген талап бар.

Ошону эске алганда бул өзгөрүү майга барып, анан күчүнө кирет экен. Ошондуктан кээ бир депутаттардын демилгеси менен майга чейин ар кандай коомчулукта шектенүү туулуп атат. Себеби Конституциялык эмес органдар иштеп атканда эл аралык жана коомчулукта ар кандай күмөн саноо болуп атат. Ошондуктан муну референдум аркылуу кабыл алалы деп, бир айдын ичинде референдум аркылуу кабыл алып коюшу да мүмкүн. Себеби майга чейин болгондо Конституцияда каралбаган жогорку кызматтагы органдар иштеп, расмий иш сапарлар менен керек болсо сырт жака чейин чыгып келип атат. Ошондуктан Ак үйдүн муну эртерээк мыйзамдаштырыш керек деген кызыкчылыгы бар.

-“Ата Мекен” партиясы президент тарабынан Конституциянын талаптары бузулду деп, Консотко арыз берилген эле. Бирок ал кабыл алынган эмес. Андан кийин Акман айыл өкмөтүнүн депутаттары берген. Бул арыздын тагдыры тууралуу айта кетсеңиз?

- Акман айылдык кеңешинин депутаттары бир добуштан колдоп, арызды Конституциялык сотко берип жатышат. Азыр Конституциялык сотко кагаздарды тапшыруу иш аракети жүрүп жатат. Бирок чечим кабыл алынып, райондук кеңеш арызын жөнөткөн.

- Алмамбет мырза, сиз бир нече күндөн бери саясий ачкачылык акциясын кармап келатасыз. Кечээ күнү Исмаил Исаков бул акцияны токтотууга үндөдү эле. Сиздер бул чакырыкты кандай кабыл алдыңыздар?

- Биз ачкачылык акциясын токтотпойбуз деген чечимди кечээ бул жердеги И. Исаковду коргоо комитети менен бир добуштан кабыл алдык. Сопу-Коргондо дагы, Бишкекте дагы жана ошондой эле Кыргызстандын баардык аймактарында И. Исаковду коргоо иш чаралары улантыла берет.

- Демек акция токтобойт экен да?

- Акция токтобойт.

- Конституцияга өзгөртүү киргизүү иши май айларында жыйынтыкталышы мүмкүн. Бийлик тараптан андан кийин кандай кадамдар болушу ыктымал?

- Азыр сыртынан караганда баары эле жымжырт болуп турат. Бирок кандайдыр бир кадамдар болуп кетишин кырдаал өзү айтып атат. Себеби кандайдыр бир себептер менен президент өзүнүн өз милдетин аткаралбай калса, өлкө башчысынын милдетин убактылуу аткаруучуну президенттик кеңешме көрсөтөт деген өзгөртүү бүгүн Ак үй үчүн эң маанилүү болуп турат. Ошону эртерээк өткөрүү үчүн алар майга чейин күтпөстөн рефрендум аркылуу бир айда өткөрүүгө аракет жасашы мүмкүн. Бирок эл бойкот жарыялап коюшу мүмкүн да референдумга барбай, аны эл аралык коомчулук көрөт. Референдум дагы шек туудуруп коюшу мүмкүн деп, ага экинчи башка дагы бир маселе кошо киргизилиши мүмкүн.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG