Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Оппозиция: "Таласта элдик губернатор шайланды". ИИМ: "Акимчилик алынган жок"


Талас облустук акимчилигине кирип бараткан эл, 2010-жылдын 6-апрели.
Талас облустук акимчилигине кирип бараткан эл, 2010-жылдын 6-апрели.

Талас облусунун акимчилигинин алдына чогулган эл курчап турган милицияны жиреп акимчиликке кирип кетишти. Кирип барган эл дароо эле "Ата Мекен" партиясынын облустагы координатору Шералы Абдылдаевди элдик губернаторлукка шайлады. ИИМ болсо Таласта облустук акимчилик басып алынбаганын билдирди.

Шаршембиге белгиленген Элдик курултайга даярдык көрүү үчүн бүгүн эртең менен Таласка барган "Ата Мекен" партиясынын төрагасынын орун басары Болот Шерниязовду милиция кармаганы кабарланган. Бирок ИИМ Б.Шерниязов кармалбай эле Талас ШИИБине чакырылганын, эскертүү берилген соң кайра кеткенин билдирди.
Губернатор Бейшен Болотбеков

Бул арада Таласта чогулган элдин саны көбөйүп, облустук бийликтин алдына топтолушту. Андан соң Болот Шерниязов облус губернатору Бейшен Болотбеков менен сүйлөшүп, Элдик курултайды эртең шаардык стадиондо өткөрүүгө макулдашкан. Бирок чогулган эл ага көнбөй, жыйынды бүгүн өткөрүүнү талап кылышты.
Таластагы нааразылык, 2010-жылдын 6-апрели.

Элге чыккан губернатор Бейшен Болотбековду сүйлөтпөй, аны барымтага алууга аракет жасалды. Элдик курултайдын уюштуруучулары толкуган элди токтотууга аракет жасашты, бирок андан майнап чыккан жок. Облустук администрациянын алдында болжол менен эки миңдей адам чогулуп, жүз элүүдөй милиция турган.

Учурда эл Болот Шерниязовду ээрчип, облустук ички иштер башкармалыгынын имаратын көздөй жөнөштү. Уюштуруучулардын айтымында, учурда бул жерде 6 миңдей, облустук акимчиликтин маалымат катчысы Бакай Садыровдун "Азаттыкка" билдиришинче, 500дөй эл бар. Окуя болгон жерде жүргөн биздин кабарчыбыз Жанарбек Акаевдин баамында чогулган элдин саны азыр 3 миңдин тегерегинде.

Азыр болсо (саат 15:05) милиция чогулган элге көздөн жаш агызчу газ менен ата баштаганы кабарланууда. Мындан улам көзү ачышкан эл бир аз тарай түшүп, азыр кайра (15:20) ШИИБинин жанына чогула баштады. Ошондой эле эл милицияны көздөй таш ыргытууда. Элдин бир бөлүгү облустук акимчилик тарапта. Окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыз бир адамдын бутуна резина ок тийип, жаракат алганын жана азыр аны ооруканага алып кетишкенин кабарлады.
Эл облустук акимчиликтин алдында

Таластагы окуялар боюнча расмий тараптан азырынча эч кандай комментарий бериле элек. Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбеков кабарчыбызга аймактагы кырдаал боюнча жооп берүүдөн баш тартты. "Ак жол" фракциясынын башчысы Улукбек Ормонов болсо "Азаттыкка" Таластагы окуялардан кабары жок экенин билдирди.

Бул арада Ички иштер министрлиги Талас облустук бийлигинин имараты ээленип алынды деген маалыматтар чындыкка коошпостугун билдирди. Бул маалыматта башаламан топ, кээ бирөөлөрү мас абалда, облустук бийликтин имаратынын ичине кирип, кайра чыгып кеткени айтылат. Азыркы мезгилде тартип коргоо органдары, бийлик өкүлдөрү эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. ИИМ маалыматында тартип коргоо органдары тартип жана туруктуулукту камсыз кылууга аракеттенип жатканы да кабарланган.
Президент К. Бакиевдин сүрөтүн өрттөп атышат.

Талас шаарынын борбордук аянтына чогулган эл саат 16дан өткөндө президент Курманбек Бакиевдин облустук акимчиликтин маңдайындагы чоң сүрөтүн өрттөп киришти.

Жогорку Кеңештеги Социал-Демократтар фракциясынан депутат Роза Отунбаева Таластагы окуялар тууралуу буларды айтты:

- Милиция Кыргызстандын төрт тегерегинде элге абдан катуу мамиле жасап атат. Өткөндө Бекназаров ошол жакка барса “сен Таласка эмнеге келесиң” деген экен. Чагым жасап, элди иренжитип, элдин арасында атагы бар адамдарды коколоп, кекетип атат. Биз окуялардын ушундай нукта өнүгүп кеткенине өкүнүп атабыз. Биз курултай өтөт деп даярдыкта болчубуз, баары даяр болчу ага, булар болсо мындай чагымдарды айтышты.

Мен азыркы бийлик ошол жерде күч колдонбосо деп тилейт элем. Элге карата күч колдонбосун. Анткени кан төгүлсө жакшылык менен бүтпөйт. Биз ошол жерге атайын күчтөр жөнөтүлүптүр деп угуп атабыз. Бул эч жакшылыкка алып келбейт. Азыркы бийлик ошол жактагы элди аяп, эл менен тил табышканга аракет кылсын.

XS
SM
MD
LG