Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:18

БШК курамына кимдер кызыкдар?


Убактылуу өкмөт парламенттик жана президенттик шайлоолорду 10-октябрга белгиледи.
Убактылуу өкмөт парламенттик жана президенттик шайлоолорду 10-октябрга белгиледи.

Убактылуу өкмөт алдыдагы референдум жана шайлоолорду өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын утурумдук жаңы курамын дайындоо эрежелерин жана анын иштөө тартибин аныктай албай убара. Мындай туңгуюктук айрым жарандык коом өкүлдөрүнүн жана саясатчылардын сынына кабылды.

Убактылуу өкмөттүн демилгеси менен БШК курамы 19 адамдан туруп, анын жетөө саясий партиялардан, алты мүчөсү бейөкмөт уюмдардан жана калган алты адам Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрүнөн турмакчы. Мындай кадам сыртынан тең салмактуу көрүнгөнү менен, иш жүзүндө ири саясий оюнчулардын БШК курамына өз адамдарын киргизип калуу аракетин күчөттү. Анткени мүчөлүккө тандоонун ачык-айкын чаралары такталган эмес.

Мындай мыйзамдык эрежелерге эмес, өз ара түшүнүктөргө негизделген шарт Төлөйкан Исмаилованын БШК төрайымдыгынан баш тартуусуна себеп болду. Анын айтымында, шайлоо калыстарына саясий күчтөрдүн кызыкчылыгынын таңууланышы жакшылыкка алып келбейт:

- БШК мүчөлүгүнө сөзсүз түрдө процедуралардан ачык-айкын өтүп, мурунку шайлоолордогу бурмалоолорго катышпаган таза адамдар келиши керек. Анткени сиздер көрдүңүздөр, сунушталып жаткан мүчөлөрдүн ичинде Акаевдин, Бакиевдин тушундагы шайлоолордогу шайлоо жыйынтыктарын бурмалоолорго катышкан Акматов мырза, Бапанова айым, Галия айым бар. Алардын баары мындан мурунку парламенттик жана президенттик шайлоолордо коррупциялык иш-аракеттерге жана бурмалоолорго катышкан адамдар. Мына ошондуктан мындан ары таза шайлоолорду кааласак ал жакка таза адамдарды ачык-айкын шайлап алышыбыз керек болчу. Ошондой эле Убактылуу БШКнын иштөө жобосу мыйзамдык эрежелерге таянган атайын экспертизадан өтүүгө тийиш.

Анткен менен Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев мындай жүйөө менен макул эмес. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн бекитүү эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жүргүзүлүп жатат.

- Он үч мүчөнүн он экиси бар. Алар кагаз жүзүндө макулдуктарын беришкен. Алар жоопкерчилик менен бул миссияны аягына чейин чыгарат деп ишенем, токтом чыккан. Аларга кечээ угуздук. Кагаз жүзүндө каттоодон өткөндөн кийин ар кандай процедуралардан кийин гана ал жакка жөнөтүлөт. Жогорку Кеңештин кеңсесинде турат. Ким кайсы партиядан жылдырылгандыгы боюнча.

Бир катар саясатчылар Убактылуу өкмөттүн утурумдук БШК курамын бекитүүдөгү иш-аракеттерин эскиден келе жаткан одоно кемчилик катары сындап чыгышты. Нарын облусунун мурдагы губернатору Өмүрбек Суваналиев азыркы Убактылуу өкмөттө олтурган үч саясий партия жетекчилери ар кимиси өз алдынча өздөрүнө ыңгайлуу, алдыдагы шайлоодо иштеп бере турган адамдарды жең ичинен Борбордук шайлоо комиссиясына киргизүүгө далбас уруп жатат деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай көрүнүштөр шайлоо маалында аягы көрүнбөгөн талаш-тартыштарга жана чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн. Мына ошондуктан эски шайлоо машинасын толугу менен алмаштыруу зарылдыгы келип чыгууда.

-Төлөйкан Исмаилова жакшы айтты. Мүмкүн ал кийин деле бул кызматка бараттыр. Бирок дайындоо эрежелерин так аныктабай туруп, мага жең ичинен бул кызматты сунуштабагыла деп айтты. “Мен жең ичинен силер тарапта болбойм, мен калыс туруп, эл тарапта болом” дегени жакты.

“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова БШК төрайымдыгынан баш тарткандан кийин Убактылуу өкмөт бейөкмөт уюмдарга кайрадан кайрылып, алар биригип туруп, бирдиктүү талапкер көрсөтүүнү сунуштады. А бирок мүчөлүккө тандоо критерийлери дагы деле болсо көңүл сырттында калды дешет бир катар талдоочулар. Алардын айтымында, БШК мүчөлөрүн тандоо адилетүү болушу үчүн, аларды көрсөтүү, колго салуу жана бекитүү механизмдери так иштелип чыгууга тийиш. Бирок мындай аракеттер анчейин байкалбайт.

Убактылуу өкмөт Конституциянын жаңы долбоору боюнча жалпы элдик референдумду 27-июнга, парламенттик жана президенттик шайлоолорду 10-октябрга белгилеген.

XS
SM
MD
LG