Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Эгемендиктин он тогуз жылы: өксүгү жана өнүмү


7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Кыргызстандын туусун Ала-Тоо аянтына көтөрүү алдында, 2010-жылдын 29-апрели.
7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Кыргызстандын туусун Ала-Тоо аянтына көтөрүү алдында, 2010-жылдын 29-апрели.

Кыргызстан эгемендик алган он тогуз жыл аралыгында кандай жетишкендиктер, мүчүлүштүктөр болду? Дегеле оңой эмес бул жылдары Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн сактап калуу үчүн кандай кадамдарды жасоо туура? Бул суроолор 30-августта Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө талкууланды.

Эгемендүүлүктүн жетишкендик жактары катары элдин өз алдынча эмгек кылууга үйрөнүп, жеке менчиктин даамын татып, анын арты менен тейлөө, кызмат көрсөтүү, соода-сатык тармагы алдыга өскөндүгү белгиленип жүрөт. Ошондой эле эгемен жылдары Кыргызстан саясий-руханий жактан ийгиликтерге жетишип, демократияны түптөп, жарандык коомдун өнүккөнү айтылууда.

Оңой эмес он тогуз жыл

7-апрелдеги окуядан бир көрүнүш, Бишкек.
Ошону менен катар Кыргызстан он тогуз жыл аралыгында оңой эмес жылдарды башынан кечирди. Бул аралыкта маанилүү маселелелер көмүскөдө калып, өлкөнү кыйла артка тартканы айтылып жүрөт. Байкоочулардын баамында, Кыргызстан артта калган айыл-чарба өлкөсүнө айланды. Мындан сырткары өлкөдө коррупция, кылмыш дүйнөсү гүлдөп өнүктү. Ушундан улам айрым серепечилер Кыргызстан он тогуз жыл аралыгында толук эгемендүлүккө ээ болгон жок дешет. Кээ бир серепчилердин баамында, бир убакта “Демократия аралчасы” атыккан Кыргызстан соңку жылдары демократиянын принциптеринен тайыды.

Эгемен Кыргызстанды дагы кандай тагдырлар күтүп турат? Бүгүн бишкекте бир катар саясий партиялар, жарандык коомдун өкүлдөрү, серепчилердин катышуусунда тегерк үстөлдө ушул маселени талкуулады.

“Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын” жетекчиси Токтайым Үмөталиева Кыргызстандагы биринчи ыңкылаптын кесепети дале кете элек деп эсептейт. Ал айрым маанилүү социалдык маселелер артта калып, кыргыздын нукура салты унутулду деген пикирде:

- Кыргызстан эмнени уттурду? Биринчиден, кыргыздын нукура өзгөчөлүктөрүн унуттук. Улууларды укканды, аксакалдарды сыйлоону жоготтук. Бири-бирин сыйлоо дегенди унуттук. Кыргыздын нукура касиеттерин унуткандыктын себебинен маңкурттукка келип отурабыз. Тилекке каршы, акыркы беш жылда Кыргызстан сөз эркиндигин кыскан, адам укугун тепсеген өлкөлөргө кирдик. Бул багытта айрым мамлекеттерден ашып кеттик. Коркунучтуусу Кыргызстан демократия деген түшүнүктү жоготуп коюшубуз мүмкүн.

Белгисиз багыт

Тарыхчы Кыяз Молдокасымов бул жалдар аралыгында Кыргызстан эгемен өлкө катары таанылып, көз карандысыз өлкө катары айрым бир жакшы кадамдарды жасады деген ойдо. Анткен менен Кыяз мырза Кыргызстанды эгемендүү өлкө деген деңгээлге өсүп чыга албаган, орто жолдо турган, буйдаланган мамлекет катары сыпаттады:

- Биз өзүбүздүн багытыбызды эмдигичекти толук аныктай элекпиз. Өзүбүз чоң максатты алдыга коюп, анын артында иш жүргүзгөндү үйрөнө элекпиз. Кыргыз эли эгемендүүлүк эмне экенин көкүрөгү менен аңдап билүүгө жете элек. Жалгыз бийлик аракет кылбай жалпы эл менен бирге эгемендүүлүктүн түпкү максатында тартылганда гана өлкө күчтүү өз алдынча, эгемен мамлекетке айланарын тарых далилдеп келе жатат. Биз азырынча ошол жолго түшө албай, орто жолдо улам-улам чайналып, буйдалактап турган учурубуз.

Ал эми “Таза табигат” коомдук уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева Кыргызстан өнүгүп, толук кандуу көз карандысыз жана эгемен өлкө болушу үчүн саясий эрк керектигин белгиледи. Ал бийлик жаңы жана таза, жаш адистерге көңүл бурбагандыктан ушундай татаал жолго кептелдик деп эсептейт.

- Бизге эмне жетишпейт? Биз өзүбүздүн эң негизги байлыгыбыз - эл ресурсубуз бар. Андан сырткары жаманбы, жакшыбы билимдик ресурстар бар. Канчалаган мыкты адистер бар. Аларга эч көңүл бурулган жок.

Совет Биримдиги кулагандан кийин Кыргызстан да башка өлкөлөр менен катар саясий эгемендүүлүккө жетишти. Ошол кездеги легендарлуу парламент тарабынан 1990-жылы декабарь айында алгач эгемендүүлүк тууралуу декларация, андан соң 1991-жылы 31-августа көз карандысыздык тууралуу мамлекеттик мыйзам кабыл алынды. Анын арты менен Кыргызстан өзүнүн Конституциясына, ага ылайык туу, герб, гимн, мөөр сыяктуу белгилерге ээ болуп, дүйнөлүк картада өзүнчө мамлекет катары орун алды.

Эртең, 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүк күнүн белгилейт. Буга байланыштуу расмий иш чара Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтүп, ага президент Роза Отунбаева баш болгон расмий адамдар катышат. Мындан сырткары борбордо майрамдык концерт, оюн-зооктор, спорттук мелдештер да уюштурулмакчы.

XS
SM
MD
LG