Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Кыргызстанга кайта элек


"Манас" абамайданынын жанындагы авиакырсык.
"Манас" абамайданынын жанындагы авиакырсык.

Кыргызстандын авиация департаментинин жетекчиси Каныбек Акышев учак апаатынан бир сутка өтсө да өлкөгө келе элек. Ажылык сапарга байланышкан маселелер менен ал учурда Сауд Арабияда жүрөт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министринин орунбасары Гүлмира Абдралиева бүгүн парламенттеги Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.

16-январда Чүйдүн Дача айылына «Боинг 747-400» кулап, өлгөндөрдүн саны акыркы маалыматтар боюнча кырк кишиге чамалады. Көбү айылдын жайкын тургундары.

Учак Гонконг-Стамбул багытында учуп баратып, “Манас” эл аралык аэропортуна май куюу үчүн конуп жатканда кырсыкка кабылган. (SE/EBm)

XS
SM
MD
LG