Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Кыргызстанда аэропорттор жайкы учуу жадыбалына өттү


Ош аба бекети.
Ош аба бекети.

Кыргызстанда аэропорттор 26-марттан тарта жайкы учуу жадыбалына өттү. Бул тууралуу өлкөдөгү авиакомпаниялар жана аэропорттор маалымат таратышты.

Учуулар жыл сайын эки жадыбалда аткарылып, күз-кыш, жаз-жай болуп өзгөрөт. Күн ысыганда сааттар алмашып, каттамдар көбөйөт.

Андан тышкары, 3-апрелден тарта Бишкек-Исфана-Бишкек аба каттамы кайра жанданат. Учууларды "ТезЖет" авиакомпаниясынын БАЭ-146-200 учагы аткарат.

Бул учуу багыты үч жыл мурун Кыргызстандагы эң пайдалуу ички каттам болгон. Ал аркылуу Тажикстандын Согди облусунун тургундары Бишкек аркылуу Орусияга жана башка чет мамлекеттерге катташкан. Кийинчерээк токтоп калган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG