Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:01

У. Барктабасовдун курултайы бийликти басып алууга айланбайбы?


"Мекен туу" партиясынын лидери Урмат Барктабасов 5-августта Бишкекте эски өкмөт аянтында көп адам катышкан курултай өткөргөн жатат. Бишкектин бир катар тургундары курултай учурунда чыр-чатак чыгып, талоончулук аракеттери уюштурулушу мүмкүн деп чочулап жатышат. Аталган партиянын төрагасы Кенжалы Сарымсаков "Азаттыктагы" маегинде мындай тынчсызданууларга орчундуу себеп жок экенин билдирди.

- 5-августта Урмат Барктабасов курултайды Жогорку Кеңештин алдындагы аянтта өткөрүүнү болжоп жатат деген маалымат болуп атат. Эмне үчүн спорт сарайында же филармонияда өткөрбөйт деген суроо туулат?

- Кайсы жерде болсо баары бир. Кичине жакынырак болсун деп ошол жерге өткөрүү пландаштырылган экен. Эгерде башка жактан уруксат берсе, стадионго же башка жерден өткөрө беришке толук мүмкүнчүлүк бар. Сөзсүз түрдө ошол жерде өткөрүштүн анчалык зарылчылыгы деле жок.

- Курултай учурунда чагым уюштурулбастыгына, чогулгандар Жогорку Кеңешке кирип барып бийликти басып албастыгына кепилдик барбы?

- Эч кандай андай шектенүү болушу мүмкүн эмес, бизде андай ой да жок. Кечээтен бери теледен айтылып атат, тирукмуштай кырдаал түзүлүп, элдин психологиясына таасир берген сөздөр айтылып атат. Мен таң калып атам, эмне үчүн андай сөздөр айтылып атат.

- Бишкектин тургундары дагы курултайда чагым уюштурулушу мүмкүн, талоончулук, башаламандык уюштурулушу мүмкүн деген кооптонууларын айтышууда. Кокус ызы-чуу чыгып кетсе жоопкерчиликти ким алат?

- Ошол эски аянтты курчап турган кишилер бар экен, кечээ угуп калдым, биз дагы даярдык көрүп атабыз, ушуга жол бербейбиз деп атканын. Эл арасында кырдаал курч, ал жалпы элге жакшы маалым. Андай болуп кетпешине ак дили менен, чын жүрөгүнөн ошондой аракет жасай берсин.

Бирок бизде андай эч кандай максат жок. Азыркы абалды, кырдаалды, дүйнөлүк процессти жакшы билген, башынан өткөн кишилердин бүгүнкү күндө элге кызмат кылам деген тилегинен артык эч нерсе жок, бул аруу тилек. Бир нече жылдардан бери дүйнөнү кыдырып, ошол жактагы ишкерлер, саясий ишмерлер менен аралашып жүрүп, ой топтоп, тажрыйбасын көрүп, билип туруп, кыргыздын бүгүнкү абалына көзүм жетип туруп, элиме кызмат кылып берсем деген тилекти эмне үчүн ишке ашырышка болбойт, эмне үчүн ошого тоскоолдук болуш керек. Программасы 100 миң нуска менен бүт республикага таратылып атат азыр.

- Казакстандын прокуратурасы Урмат Барктабасовго экономикалык кылмыш иши козголгонун, аны кармоо боюнча Кыргызстандын прокуратурасына кайрылганы айтылууда. Бул тууралу У.Барктабасовдун жана силердин маалыматыңар барбы?

- Кечээ теледен акырында өзүнүн сөзү кылып ачык эле айтпадыбы, мунун бары тең жасалма саясий оюн саясатка жол тосуу аракетиндеги деп. Аны жасагандардын фамилиясын атап өттү өзү. Эмне максат менен жасап атканын айтып өттү. Кыргызда жакшы макал бар, «ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» дегендей, мурунку бийликтин тушунда ушул аракет башталган, кыязы ошол улантылып кеткен сыяктуу болуп атат деп ойлойм, мен түз айта албай атам.

- У.Барктабасовго буга чейин козголгон кылмыш иши боюнча маселе кандай чечилүүдө?

- Издөө деген бул сот аркылуу бир ай мурун эле алынып ташталган. Ал эми Казакстан маселеси бул жасалма иш экенин өзү айтты го микрофон аркылуу. Аны бирдыгы билет.

- Демек 2005-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деген кылмыш иши таптакыр алынып ташталганбы?

- Ооба, алынып ташталган.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG