Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров азыр өлкөдө жаңы бийликке каршы үч топ бириге баштады, аларга сырткы күчтөр да таасир этүүдө деп эсептейт.


"Контрреволюциячыл күчтөр баш көтөрдү"

-Азимбек мырза, биринчи эле суроо, өлкөдөгү азыркы абалды кандай баалап жатасыз. Кечээки чыккан күчтөрдүн артында кимдер турат, эмне максатты көздөп жатышат?


-Акыбал татаал десек болот. Себеби тарыхый сөз менен айтканда контрреволюциячыл күчтөр баш көтөрүп, биригүүгө аракет жасашып, кандайдыр бир реванш алалы деген аракеттерди жүргүзүп атат. Революция болгондон кийин булар ар кандай күчтөр эле, азыр булардын башы бириге баштады. Ушул процесс жүрүп атат. Бул жерде көбүнчө Бакиевдин колутугунда жүрүп, Бакиев менен чогуу качкан күнөлүүлөр бар, андан башка 20 жылдан бери Акаевдин, Бакиевдин доорунда мамлекеттик мүлктү уурдагандар бар, анан жөн гана кызматка жетпей калдык дегендер да бар. Мына ушул үч топ бүгүн биригүүгө аракет кылып атышат.
Убактылуу өкмөт күчүнө кире албай, укуктук талаага түшө албай турганда, биз жетектеп алалы, биз айткандай болсун деген аракеттер коңшу айрым өлкөлөр тараптан болуп атат.

- Булардын артында сырттан да күчтөр барбы таасир эткен?

- Сырттан күчтөр жок. Бирок ушундай байкала баштады, Кыргызстанда кичине стабилдүүлүк начар болуп, Убактылуу өкмөт күчүнө кире албай, укуктук талаага түшө албай турганда, биз жетектеп алалы, биз айткандай болсун деген аракеттер коңшу айрым өлкөлөрдөн болуп атат. Сезилип турат.

- Бизге маалымат түшүп атат, Орусиянын бир азаматы, мурдагы ички иштер министри, азыр Федералдык кеңештин мүчөсү Владимир Рушайло ушул жерде жүрөт деген, Мунун канчалык чындыгы бар, бул киши эмне кылып жүрөт бул жерде?

- Бир эле андайды угуп аткан жокпуз, ФСБдан дагы адамдар көп келип, Кыргызстандын саясатына аралашып жүрүп атат деген да нерселер болуп атат. Бирок мен ойлойм, алар кыргыз элине кичине жардам берели, укуктук талаага түшсө экен, стабилдүүлүк болсо экен деген ниет менен келсе, ошол максат менен жүрүшсө муну колдош керек, кубатташ керек. Бирок ушундай убактан пайдаланып биротоло көз каранды боло турган мамлекет кылып, илгеркидей көз каранды республика кылып алалы деген ой менен болсо, булар жаңылышат. Эмне үчүн дегенде, кыргыз эли беш жылдын ичинде эки диктаторду кууп чыгып, ал чет өлкөнүн жанагыдай саясаты эмес, өзүбүздүн ички саясатка батырбай аткан кыргыз элинин ким экенин таанып алыш керек да. Кыргызстандын эли ага жол бербейт.


"Партиялык диктатура орноп калышы мүмкүн"


- Азимбек мырза, азыркы кезде Констиуциялык кеңешменин дагы талкуусу соңуна чыгып баратат, 19-майга карай талкуу бүтүш керек. Негизи эле ушул долбоорго карата сиздин пикириңиз кандай?
Убактылуу өкмөттүн курамына кирген партиялардын лидерлери кээде мамлекеттик ишке караганда партиялык кызыкчылык менен көп маселелерди чечип атканын эл көрүп турат.

- Менин жеке пикирим, баягы эле Акаев башында бурмалаган, андан кийин Бакиев бурмалаган рефрендум аркылуу, элге жамынып алып референдум аркылуу эле бурмаланган Конституцияны кичине эле косметикалык ремонт кылып койгондой болуп гана сезилип атат. 100 пайыздык партиялык тизмени мисалы 60тан ашпайт демиш болуп эле, бирок ошол эле 100 пайыздык партиялык тизме калып атат. Менин коркконум ушул жерде. Эмне үчүн дегенде, 100 пайыздык партия деген мурдагы «Ак жолду» көрбөдүкпү. Мурда бул үй-бүлөнүн партиясы болсо, мейли азыр бир үй-бүлөнүн партиясы болбогону менен, азыркы келе турган бийликтин үй-бүлөлүк партиясы болуп калышы мүмкүн. Болбосо партиялык диктатура орноп калышы мүмкүн Кыргызстанда. Партиялык диктатура дегенди көрбөдүкпү, азыр дагы көрүп атабыз. Азыркы Убактылуу өкмөттүн ичинде жүргөн партиялардын диктатурасы азыр дагы убактылуу жүрүп жатканы байкалып атат, коомчулук, эл көрүп турат. Мисалы, ушул оппозициянын, азыркы Убактылуу өкмөттүн курамына кирген партиялардын лидерлери кээде мамлекеттик ишке караганда партиялык кызыкчылык менен көп маселелерди чечип атканын эл көрүп турат.

Эртең кокус ушундай болуп, дагы эле 100 пайыздык кала берсе, парламент чечпей эле, ошол партиянын төрагалары чечип калат. Мына ушул коркунуч бар. Мен ага көзүм да жетип атат. Анткени бүгүн аралашып жүрүп атам, бүгүн эле айрым маселелерди айрым партиялардын жетекчилери чечип коюп атат, мындай болот деп туруп эле. Эгер эртең ушундай болуп 100 пайыз партиялык тизме менен келсе, ушул партиялык диктатура Кыргызстанга орноп калышы мүмкүн дагы, Кыргызстандын элин, региондун кызыкчылыгын эч ким эске албай калат, эл кароосуз калышы мүмкүн. Кайра эле эл менен бийликтин ортосундагы ажырым мындан дагы күч алып, кайра да бир толкунга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан көп мандаттуу, тогуз аймактан турган региондун кызыкчылыгы эске алыныш керек. Бул 7 облус, 2 шаар. Ушул жерден шайлоочулардын санына жараша көп мандаттуу, аймактын кызыкчылыгын коргой турган депутаттар шайланыш керек.

Эмне үчүн 9 эле регион деп атам, облус, облустук деңгээлде бир бай, же бир кландын өкүлү бир районду сатып алышы мүмкүн, бирок бир облустан ал өтө албайт, же Бишкек шаарынан бир бай, же бир кландын башчысы жеңип чыгалбайт. Ошондо кыйындын кыйыны - бир облустун накта өкүлү пайда болот дагы, облустун жанагыдай маселелерин көтөрүп, облустун өкүлү болуп тура алат. Ошондуктан мен ойлойм региондун кызыкчылыгы үчүн мажоритардык система кирет. Бирок мурдагыдай 45 округ кылып майдалабай, ал 7 облустун, 2 шаардын гана алкагында 9 округ болуш керек.


"1993-жылкы Конституцияга кайтып келсек туура болмок"

- Сиз конституциялык талкуу учурунда 1993-жылкы Конституция жөнүндө дагы оюңузду айтып жатасыз. Бул Конституцияга кайрылып келүү мүмкүнбү?

- Мүмкүн болчу, азыр да мүмкүн. Мисалы биз азыр укуктук талаага киришибиз керек тезирээк деп атпайбызбы. Убактылуу өкмөт декрети менен эле, 1993-жылы 5-майда эки жыл талкуу менен кабыл алынган Кыргызстандын биринчи Конституциясына кайрылып туруп, ошону таанып, ушуну менен иштейбиз деп койгондо мындай ызы-чуу болбойт эле. Биз автоматтык түрдө укуктук талаага түшөт элек. Эмнеге дегенде, биздин оппозициянын, элдин негизги күрөшү - үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы болду да. Үй-бүлөлүк башкаруу системасы Кыргызстанга кантип орноду, ошол 1993-жылкы Конституцияны 93-жылы, 96-жылы, 98-жылы, 2003-жылы элге референдумга алып чыгуу менен үй-бүлөлүк башкаруу системасы кирди. Эл түшүнбөй эле, 50, 60-беренелерге добуш бере берди да, акырындап үй-бүлөлүк башкаруу системасы орной баштады.
1993-жылы 5-майда кабыл алынган эгемен Кыргызстандын алгачкы Конституциясына кайтып келсек, автоматтык түрдө укуктук талаага түшмөкпүз.

Март революциясынан кийин келген бакиевдер 2007-жылкы күзүндөгү референдум менен биротоло үй-бүлөлүк башкарууну киргизип алышты. Ушуга каршы күрөштүкпү? Ушуну жок кылуунун жолу - азыр кийинки Конституциялар баары мыйзамсыз өткөн, президенттин үй-бүлөсүнүн, өзүнүн кызыкчыгы үчүн болгон деп туруп, анан 93-жылкыга кайралалы десек туура болмок. 1993-жылкы Конституцияны мен кечинде да бир сыйра окуп чыктым, табияты жагынан парламенттик республикага жакын.

- Ошонун негизги өңүттөрү тууралуу айта кетсеңиз?

- Мисалы өкмөттүн мүчөлөрү премьер-министрдин сунушу, Жогорку Кеңештин макулдугу менен президентти дайындайт экен. Үч баскычтан өтө экен. Бул кадрды тандоонун абдан татаал жолу. Же болбосо соттор сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен дайындалат экен, электен өтөт экен да. Башка бийлик бутактары мисалы, президент акимдерди сөзсүз жергиликтүү, райондук кеңештин макулдугу менен дайындайт. Түз барып эч кидим дайындай албайт экен, башкача айктанда үч бийлик бутагынын балансы сакталган экен ошол жерде.

- Бирок 1993-жылкы Конституцияда партиялык тизме менен шайлоо жок, ал жерде көп мандаттуу округдардан гана шайлоо каралган да, бул маселе кандай чечилет?

- 93-жылкыга кайрылабыз дегенден кийин, ошол Конституцияга, анан азыркы турмушка жараша партиялык тизмени киргизип коюш керек болчу, анан адам укугу боюнча, анан Элдик курултай институтун сөзсүз киргизиш керек болчу, анан жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга азыркы турмушка ылайык өзгөртүү киргизсе болмок экен. Калгандарына тийбей койсо да болчудай экен да. Себеби бүт европалык, эл аралык уюмдардын тыянагы бар экен карап отурсак, анан эң башкысы Кыргызстанда эки жарым жыл талкуудан өткөрүптүр, үч жолу элге талкууга чыгарыптыр. Андан кийин гана кыйынчылык менен кабыл алынган Конституция экен.

Азыркы Акаев менен Бакиевдин убагындыдай референдумда кандай Конституцияга өзгөртүүлөр кабыл алынса, азыр ошондой эле болуп калбадыкпы, тез аранын ичинде сунушуңду бер, тез аранын ичинде эле тегерек үстөл өткөрүп туруп эле өткөрөбүз деп атат. Буга элдин баарынын башы жетпейт да, ал эмес юристтер буга түшүнө бербейт. Ушуну кабыл алып бересиң деп альтернативасы жок болуп атат талкууда. Бир нерсени тандап алуу үчүн тандоо болуш керек да элге эки түрлүү. Экөөнү салмактап көрүш керек. Жергиликтүү бийликтер деле бир эле Убактылуу өкмөт сунуш кылган Конституциянын долбоорун талкуулап атат. Чынында альтернатива түрүндө башка долбоорлорду да талкуулаш керек эле. Мүмкүн рефрендумдун биринчи этабына башка долбоорлорду да коюш керек эле. Жок, 2-3 Конституцияны кое албайбыз десе, анда башкаруунун кайсы формасын тандап аласың деп элге ушул маселени коюш керек эле, парламенттикпи, президенттикпи, же аралшпы деп. Элдин көбү кайсынысын тандап алса, ошого жараша адистер, юристтер отуруп жазып коет эле. Ушуга окшогон нерселерге менин позициям мурдатан ушундай болуп келген. Азыр дагы биз тезинен укуктук талаага түшөлү деген ураан алдында кайрадан чийки Конституцияны кабыл алуу коркунучу туруп атат.

- Элге тандоого коюу дегенде үч багыттуу Конституцияны койсо болбойбу, мисалы азыр сунушталып жаткан парламентке ыктаган, И.Исаков сунуштаган президенттикти өкмөт түздөн-түз башкарган, үчүнчүсү 1993-жылкы аралаш системасы?

- Болот, бул дагы вариант болот. Бул деген жанагы мен айтып аткандай эле сөз да, башкаруунун кайсы формасын каалайсың дегенде, И.Исаков айткандай президенттике деп, аралаш дегенде 1993-жылкыны, анан парламенттик дегенди азыркы иштеп чыккан. Ушул үчөөнү койсо болот. ушундай мүмкүнчүлүк да бар. Муну Убактылуу өкмөт албетте биз чечебиз, бул жөнүндө катуу талаш-тартыштар болот. Акыркы чекитти биз коебуз да. Анткени Кыргызстандын келечегин, тагдырын биз мойнубузга албадыкпы. Анан ушул башкы маселеде - Конституцияга келгенде мен ойлойм, кату талаш-тартыш болот болуш керек. Бирок ошого чейин коомдук пикирди дагы биз жетишээрлик алышыбыз керек эле.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG