Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Атайын кызмат Бакиевдерди эмне үчүн кармай албай жатат?


Максим Бакиев эл аралык издөөгө алынганы тууралуу Интерполдун сайтындагы сүрөт. (2006-жылдын 6-майы.)

Максим Бакиев эл аралык издөөгө алынганы тууралуу Интерполдун сайтындагы сүрөт. (2006-жылдын 6-майы.)

"Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүндө бул жолу чек ара, ички-тышкы коопсуздук жана Бакиевдердин телефон сүйлөшүүлөрүн угууга мүмкүн болгондон кийин алар эмне үчүн кармалбай жатканы тууралуу маселелер козголду.

Орозбек Молдалиев









Кубатбек Байболов














Талкууга атайын кызматтын полковниктери, саясат талдоочу Орозбек Молдалиев жана «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Кубат Байболов катышты.


Чек ара маселесин кантип чечебиз?


«Азаттык»:
Өзбекстандын Сох анклавында Өзбекстан бир миңге чукул аскерин алып келип койду. Ага удаа чек арада жолдор жабылды. Таластын Кара-Буура районунда да Казакстандын чек арасын демаркациялоо учурунда элдин 2 миң гектарга жакын үлүш жери ал жакка өтүп кеткен деп эл нааразы болуп жатат. Кыргызстандын ичинде да нааразылыктар токтобой жатат. Мына ушундай ички жана тышкы кыйын кырдаалдын кайсынысы опурталдуу жана аны жөнгө салуу үчүн эмне кылуу керек?

Орозбек Молдалиев: Ички менен сырткы кырдаалдын экөө тең эле азыр опурталдуу болуп турган кез. Бирок ички кырдаалды жөнгө салбаса бул эки эсе опурталдуурак болуп кетет. Себеби сырткы кырдаалда кошуналар даярданганы менен алар аскер күчтөрүн киргизип, провокация жасай албайт. Келишимдер бар, эл аралык укук бар, ошого таянып турушубуз керек. Алар деле билет, эгерде Кыргызстанга провокация жасай турган болсо, өздөрүнө кыйын маселе болуп калат. Муну алар деле түшүнөт. Ошон үчүн бир аз алдын алып, сес көрсөтүп, өздөрүнүн ички саясаттарына карата колдонуш үчүн жасалып аткан аракеттер болуп атат. Өзбекстан эле эмес, кошуна бир туурган Казакстан деле 42-43 күндөн кийин чек арасын араң ачышпадыбы. Бул өзүнчө макулдашылган Кыргызстанга каршы жүргүзүлүп аткан саясаттын бир чети болуп атат. Бул четки эле көрүнүштөрү.

«Азаттык»: - Мунун башкы себеби эмнеде?

Орозбек Молдалиев: - Башкы себептери акыбалды ого бетер оорлонтуп туруп тышкы башкаруунун системасына алып келели деген бир долбоор бар. Мына өзүңүз көрүп атасыз, ЖККУ деген уюм бар, коопсуздукту камсыз кыла турган уюм, бул кагаз жүзүндөгү уюм болгону менен жакында аскерий формированиесин атайын түздү, атайын формасын кийгизип, Кыргызстан үчүн түзүлдү дегенин жашырган жок. Бирок бул уюмдун мүчөлүгүнө Кыргызстандан бир да жоокер кирген жок, жалаң эле Орусиянын жоокерлери кирип калганы бул эмнеден кабар берет деген сөз. Мүчө болгондон кийин биз менен да макулдашылыш керек, биздин Коргоо министри менен, анан пропорционалдык система бар, кимиси канча рота берет деген. Ошон үчүн ушундай факторлор бар. Сиздин сурооңуз туура болуп атат. Биз өзүбүз ичибизден жакшы болсок, өзүбүз ынтымактуу, биримдүү болсок эч кандай сырткы күч бизди эч нерсе жасай албайт.

«Азаттык»: Кубат мырза, апрель ыңкылабынан кийин Бишкекте, Жалал-Абадда болгон кагылыштардын артында Бакиевдер турат деп Убактылуу өкмөт билдирди. Бирок айрым эксперттер айтып жатышат, мунун артында чоң мамлекеттердин кызыкчылыгы турат, Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү да ага берилип кетип, мисалы, Кадыржан Батыровду тыйып коё алышкан жок деп айтып жатышат. Демек Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү мамлекеттин коопсуздугунан жеке максаттарына жетүүнү бийик көрөбү?

Кубат Байболов: Бул маселени талкуулаш үчүн ички майда маселелерге көңүлдү көп бурбай, эң чоң багыттарды аныкташыбыз керек деп ойлойм. Биздин учурда азыр эки гана багыт бар. Биз демократиялык жол менен кетебизби, же болбосо баягы эле эски нукка түшөбүзбү?

Чындыгында күрөш эки багытты көздөгөн чоң топтордун арасында болуп жаткан кезеги. Маселен, Бакиевдер, Бакиевдин учурунда алдым-жуттумга берилип, ошол заманды эңсегендер - бир тарап. Жаңы багытты, демократияны көздөп, акыйкаттыкты эңсеп, акыры жүрүп элдик бийлик болобу деген үмүттү көздөгөндөр - экинчи багыт. Мына ушул эки багыттын ортосунда болуп жаткан эбегейсиз чоң күрөш мамлекеттин ичинде. Ал эми Убактылуу өкмөттү ала турган болсок, албетте, кемчиликтерин көрүп атат, эч кемчилиги жок деп айтсак, албетте телекөрүүчүлөр ишенбейт жана ынанбайт. Анын барын көрүп жатабыз. Бирок булар кечээ күнү оппозициянын өкүлдөрү эмес беле. Биздин оппозициянын бүгүнкү сапаты көбүнесе элге, шайлоочуларга байланыштуу. Себеби биздин шайлоочулар мурун оппозицияны дээрлик колдогон жок да. Демек оппозициянын, Убактылуу өкмөттүн сапаты азыркыдай болуп калышына көбүнесе биздин электоратты дагы күнөөлөшүбүз керек.

«Азаттык»:
Демек биздин коңшу, же башка дөө-шаа мамлекеттердин кызыкчылыгы жокпу?

Кубат Байболов: Бул ички маселе. Ал эми сырт жагынан алып келгенде албетте чоң өлкөлөр бир багытта, бир версияда кетип бараткан өлкөдөр чакан Кыргызстандын күтүүсүз жерден башка багытка кетишине анчейин ынанбай турушат.

«Азаттык»: - Демек жаңы бийлик парламенттик башкаруу системасын тандап алып, коңшу күчтүү президенттүү Казакстан, Орусия, Өзбекстанды өзүнө карама-каршы кылып алды деп айтып жаткан эксперттердин пикирине кошуласызбы?


Кубат Байболов:
Албетте белгилүү өлчөмдө көрүнүп эле турбайбы, маселен чек ара ачылганы менен азыр товарлар өткөн жок, анча көңүлдөрү чыкпай турганы көрүнүп эле турбайбы. Бирок анткени менен негизги коркунуч, негизги коопсуздук ички маселелерге байланыштуу.

«Азаттык»: Орозбек мырза, 19-майдагы Жалал-Абаддагы окуядан кийин айрым эксперттер, эл аралык эксперттер да айтып атышат Кыргызстан улут аралык араздашуунун алдында турат деп. Ушуга негиз барбы? Эмне үчүн тартип коргоо органдары, атайын кызматтар ушундай кооптонуулардын алдын алып аракеттерди көрбөй жатат, эмне үчүн тартип коргоо органдары шалаакылык кылып жатат деген ойдосуз?

Орозбек Молдалиев: Бул улуттар аралык араздашууга өзүнөн-өзү эл барган жок. Ошол улуттар аралык араздашууну тутандырышка аракет кылып жатышат. Мунун көп себептери бар. 90-жылдары, мына 20 жыл болуп калды, ошол кездеги конфликт жакшы бүтпөй калган. Себеби күнөөлүлөрү жаза албай кутулуп кетип калышкан. Ошол конфликт калып калды. Бирок элге рахмат, элибиз сабырдуулук менен буга жол бербей, элдин көпчүлүгү муну колдогон жок. Бирок ошол нааразычылыктарды тутантып, күчөтүп, ошол негизде акыбалды турукташтырбашка аракет кылган күчтөр жасап атышпайбы ошону. Ошону тутандырып, акыбалды татаалдаштырып, ал жактан жаңжал чыгып кетсе, анан жана биз айткан тышкы күчтөрдүн аракеттенишине дагы, ичибиздеги Бакиевдин, Кубат Калбекович туура айтып атат, экиге бөлүнүп кайра мурунку акыбалга келе калалы дегендер үчүн, ушул эки сырткы күчтүн максаты менен ичибиздеги карама-каршы реванштык максаттагылар менен бир болуп кетип атпайбы.

«Азаттык»: Референдумдан кийин Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өтө турган болсо, экономикалык жана башка коңшу мамлекеттер менен талаштын башы алдыда деп эксперттер айтып жатышат. Ага негиз барбы?

Орозбек Молдалиев: - Коңшу мамлекеттер менен талаштын башы алдыда деген маселе бул өзү түбөлүктүү маселе. Ар бир мамлекеттин өзүнүн улуттук кызыкчылыгы болот. Эл аралык мамиле десе эле эл аралык мамилелер эл аралык укукка таянып иштейт экен деген сөз эмес. Карама-каршылыктар боло берет, албетте биз жаңы системага өтсөк карама-каршылыктар дагы болот. Бул блокадалар азыр чети эле. Биз ошого даяр болушубуз керек.

«Азаттык»: - Орусиянын маалымат каражаттары Кыргызстан жарандык согуштун алдында турат деп жазып жатышат. Ага негиз барбы? Эгер Кыргызстан коопсуздук маселеси курчуп кете турган болсо, эл аралык кайсы уюмдардан кийлигишиси мүмкүн жана алардын таасири кандай болушу мүмкүн?

Кубат Байболов: - Кептин бардыгы тең Конституцияга байлаппы, чек ара маселесине байлаппы, улут аралык маселеге байлаппы, айтор ушундай көп жылдан бери келе жаткан мүчүлүштөрдү кайрадан чыгарып, эптеп эле эски бийликти ордуна келтиребиз деген күчтөрдүн далалаты болуп жатат. Конституциянын тигиндей, же мындай формасы деп жаткандар, формада деле эмес кеп, мына Бакиев эки жолу Конституцияны зордуктап жатканда ошолор бир ооз сөз айтты беле? Биз парламентте кызыл чеке болуп кырылышып атканда бир ооз үн кошуп коюшкан эмес азыр жарабайт деп аткандар. Кеп анда деле эмес, кеп кайра алдым-жуттум заманын алып келип, эми Бакиевди алып келашыпайт го сыягы, алдым-жуттумдар кайра келип туруп, кайра мурунку доорун сүрөлү деген ойдо.

«Азаттык»: - Ошол күчтөр күчтүүбү?

Кубат Байболов: - Албетте күчтүү. Мына бүгүн аларда акча, мүмкүнчүлүктөр бар. Азыр үйлөрүндө отуруп, элге чыкканга анча даай албай атышат. Бирок шайлоого даярданып атышпайбы. Катуу даярданып атышат.

«Азаттык»: - Эмне үчүн атайын кызмат ошого алдын ала чара көрбөйт?

Кубат Байболов: - Мен бир оюмду бүтүрөйүн. Маселе мамлекеттин тагдыры тууралуу болуп атат, же биз болобузбу, же болбой кыйрап калабызбы, мына ушул эки багыттын тегерегинде болуп атат да сөз. Кептин баары ошондо.

«Азаттык»: - Бирок эл арасындагы кооптонуу мындан дагы чыгып жатат да, мурда бир президенттин, бир адамдын үстөмдүгү боло турган болсо, азыр 2-3 партиянын үстөмдүгү болуп калабы, диктатура орноп калабы деген?

Кубат Байболов: - Мен эң жөнөкөй жооп берейин түшүнүктүүрөөк болсун үчүн. Бир кишинин, үй-бүлөнүн чечими жакшыбы, же 80-90 киши талашып-тартышып чыккан чечим жакшыбы? Болуптур экөө тең жаман дейли. Бирок талашып-тартышып телевизорго көрүнүп, журналисттерге жооп берип кабыл алган чечим жакшыбы, же мамлекеттик дачада отуруп алып тууган-туушкандар менен кабыл алган чечим жакшыбы? Мына ушундай жөнөкөйлөштүрүп кабыл алышыбыз керек дейм.

Бакиевдер эмне үчүн кармалбай жатат?


«Азаттык»: - Ички коопсуздукка шек келтирип жаткан дагы бир нерсе, мурдагы бийликтин, ага чейинки Акаевдин бийлик учурундагы казынаны жеп кеткен, алдым-жуттумдардын табылбай жаткандыгы, мына 90го жакын адамдын өлүмүнө дуушар кылган бийлик өкүлдөрүнүн табылбай качып кеткендиги болуп атат да. Мисалы Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин телефон менен сүйлөшүүлөрүн угушту. Аны элге таратышты. Бирок ошолордун кайсы жерде экенин эмне үчүн атайын кызматтар аныктабай атат, кармай албай жатат деген дагы нааразылыктар болуп жатат. Орозбек мырза, сиз кандай деп ойлойсуз, эгерде сүйлөшүүлөрүн угууга боло тургандан кийин атайын кызматтардын кармаганга алы жетпей калдыбы, же бул жерде башка дагы себептер барбы?

Орозбек Молдалиев: - Сиз баятан бери эле ушул маселени улам тияк-биягынан келип айттырганга аргасыз кылып атасыз, эми айталы. Ыңгайсыз суроо болгондон кийин ыңгайсыз болсо да жооп берели. Маселе келип профессионализмге келип такалат. Эң көрүнүктүү мисалдан баштайлы. Спецназ деген аты жакшы нерселер бар эле. Ошону биздин Кой-Таштан келген балдар эле куралсыздандырып койбодубу. Профессионализмдин жоктугу ушундан билинет да. Жердешчиликке, тааныш,өңгө карап чогулутуп алып, аны даярдыктан өткөрбөсө атын спецназ дебемектен суперспецназ десеңиз деле акыбал ошондой болот. Калган органдар деле ошол. Бул эшегине жараша тушкагы деп коет, башкаруу системасы иретсиз болгондо коррупциялашкан мамлекетте эч убакта жакшы система болбойт, бардык системанын баары кризиске келет. Анткени бүт башкаруу системасы кризисте болчу да. Коррупциялашкан системада, мисалы диний чөйрөнү карагыла, мечитибизге чейин кризис болбодубу. Кудайга сыйынып жүргөң адамдардын акыбалын айтпай эле коелу. Калган жактын баары ошондой болуп келди дагы профессионалдар жок болуп калды. Мисалы былтыр Улуттук коопсуздук комитетинен 60 профессонал жигит кетип калган арызын жазып берип. Быйыл дагы 50-60ка жакыны кеткени жаткан болчу.

«Азаттык»: - Ага эмне себеп?

Орозбек Молдалиев: - Себептер ар кандай. Мен кээ бирлери менен жолугуп сүйлөшсөм айтат, биз мындай система менен иштей албайбыз дейт. Бары эле паракорлук болуп кетти, бары эле өң-тааныш менен чечилип атат дагы, профессионалдардын кереги жок болуп калды деп. Акча таап бергендер, "крышовать" эткен балдар калат экен, калгандары керексиз болуп калат экен да. Профессионалдар эч убакта андай жерлерде иштебейт кетип калат, алар көз карандысыз болот, атайын кызматтын эң негизги максаты маалымат алып бериш. Аларрдын журналисттердин маалыматынан айырмасы эч ким билбеген маалыматты алып бериште болот маселе. Ошону таап бере турган кызмат айтат, биздин маалымат баланча жерде жатат, ошону мындай кылып кармайлы дейт дагы, кармайт аны. Профессионал жок болсо аны элдик кошун кармап бере албайт да, бул жөнөкөй нерсе эмес.


«Азаттык»: - Мына ушундай абалдан азыркы жаңы өкмөт кандай сабак алыш керек деген ойдосуз?

Кубат Байболов: - Алды менен мындан мурунку сурооңузга бир аз токтолуп кетейин. Биздин учурда издөө салган адамдар болсо ашып кетсе бир айдын ары-берисинде өпкөгө тээп туруп кармап келмекпиз. Менин оюмча, азыр деле кармашка мүмкүнчүлүк бар. Атайын кызматты алып көрөлү, 80-90 пайызы мурунку бийликтин өкүлдөрү, ошолорду колдогон жек-жааты, тааныштары, бирге ичип-жегендери, байлангандары отурат. Эч кимисин кызматтан бошоткон жок. Демек алар күнү бүгүнкүгө чейин кеткен бийликтин өкүлдөрүнө кызмат кылып, атүгүл жетекчи Дүйшөбаев өзү айтпдыбы ушундай деп. Кептин бары ошол жакта жатат. Демек биздин кызматкерлер биздин жаңы демилгени, жаңы багытты, жаңы өкмөттү, демократиялык багытты саботаж кылып жатканы элдин баарына айдан ачык болуп турат. Мына эки айдын жүзү болду, имитациядан башка конкреттүү жыйынтык жок. Эки айдын ичинде эң жок дегенде бирөөсүн сүйрөп келиш керек эле да бул жака. Эл жумурай журт талап кылып аткан бирөөсүн өпкөгө тээп туруп сүйрөп келиш керек эле, же болбосо жеринен жок кылыш керек болчу. Ушундай айыгышкан согуш болуп жаткандан кийин андан башка арга жок. Эгерде мамлекеттик орган, эбегейсиз чоң акчаны сарптап жаткан орган мамлекеттин бирден бир тапшырмасын аткарбай турган болсо анда башкача чара колдонуш керек. Эгерде саботаж боло турган болсо, тарыхта ар бир революциянын христоматиялык багыттары бар. Бардык революция бири-бирине окшош. 1917-жылды алып көрөдү, эгереде 17-жылы Дзержинский башында турган атайын кызмат биздин кызматтай иштеп аткан болсо Ленин далайын аттырып салмак. А түгүл радиого, телеге чыгып алып жанагыдай террор, атабыз деген сөз, ошону менен коркутуп атат. Эскертип коюш керек, эгерде террор баштала турган болсо жаны өкмөттө, адамзатынын, революциянын тарыхында андан башка чара жок. Анда "жооптуу террорду" колдонууга мажбур болот.

«Азаттык»: - Демек Убактылуу өкмөт кандай чара көрүш керек, кандай сабак алыш керек?

Кубат Байболов: - Чабуул кандай болсо анын мизин кайтаруу дал ошондой болуш керек. Мына ошондо гана биз революцияны сактап калалабыз. Ошондуктан чечкиндүү чараларды көрүш керек. Эгерде колуңдан келбей жатабы, андай болсо маселени башкача коюш керек. Эгерде колуңдан келбесе анда барып колуңдан келген ишти жаса дешке мажбур болобуз.

«Азаттык»: - Демек контрреволюциялык митингдерге катышы бар деген адамдардын камалышы, кылмыш ачылышы туура, жаза алашы керек деген ойдосузбу?

Кубат Байболов: - Карап көрүңүз, жанагы телевизорго чыккан сөздөр бир ай мурун жазылып алган сөздөр. Андан бери канча жазылуу болду. Эми көрө жатарсыңар, мындан да кызыктар чыгат. Ушул өкмөттүн тегерегинде жүргөн айрым мүчөлөрү тууралуу дагы өтө кызыктар, маалыматтар чыгышы мүмкүн. Себеби менин баамымда, түздөн-түз катышпаса дагы, кыйыр акырын эгерде бир опурт болуп кетсе мени эсиңерге аласыңарбы деген да бир маанай жатпайбы ал жакта. Шымаланып киришкендер аз болуп жатпайбы. Элби, айтор бир белгилүү өлчөмдөгү масса ишенип, полномочиени бергендердин анчейин шымаланып киришпей тургандагы көрүнүп турбайбы.

«Азаттык»: - Ошолордун аты-жөндөрүн так айта аласызбы?

Кубат Байболов: - Ал башка кызматкерлердин, башка мекемелердин, ошол жерге барып бийликпиз деп жүргөндөрдүн милдети.

«Азаттык»: - Орозбек мырза, орусиялык эксперттер айтып жатат да, кыргыздарга демократия мүнөздүү, кландык демократия мүнөздүү деп. Ошон үчүн бул парламенттик башкаруу системасы туугандык, уруучулдук сезимди жое албайт деген ойлорго кошуласызбы?

Орозбек Молдалиев: - Алар деле акылынын жетишпегендигинен эмес, ресурстардын начардыгынан Кыргызстандагы абалды эмес, Орусиянын өзүндөгү абалды жакшы анализдей албай атышпайбы. Анан дагы "эчки тууй албай атып койго арачы болот" дегендей эле, бизге асылып эле, байкасаныздар тенденциялык баалар кетип атат көпчүлүгүндө.

«Азаттык»: - Демек бул чоң саясаттын ычкыры дейсизби?

Орозбек Молдалиев: - Орусияда билесиз, көз карандысыз ММКлар жок, бир-экөө эле бар шарттуу. Калгандарынын баары эле өкмөттүн саясаты кандай болсо ошол максаттагы маселелерди жасап атышпайбы. Мисалы, биз сыйлаган газеталар орусиялык газетага мындай материал чыгып атат, титулдук улуттун өкүлдөрү кыргыздар менен түпкү тургундар - өзбектердин ортосундагы чатак дегендей. Демек кыргыздар түпкү эл эмес экен да Жалал-Абадда. Ошон үчүн эксперттер, кыргыздарга демократия мүнөздүү эмес деген да бул албетте тоталитардык системадан кийин постоталитардык мамлекеттер кандайча болуп демокартияга өтүш деген илимий жагы далилденип коюлган, транзитология деген илим бар. Ошол транзитология боюнча эч бир калк демократияга ылайык эмес деген аныктама жок. Элдин баары эле бирдей дүйнө жүзүндө. Бул рассистик теорияларга жакын теориялар Орусиянын окумуштууларынын айтып аткан нерсеси. Ошон үчүн демократия баланчага жарашат, баланчага жарашпайт деген бул кемсинте турган нерсе кыргыздарды.

«Азаттык»: - Кубат мырза, эл арасында референдумдан кийин, Конституция кабыл алынгандан кийин деле Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда араздашуу күчөйт, бири-бири менен соодалашуу болот. Ошондон улам ички коопсуздук маселеси дагы кыйын абалга туш келет деген сөздөр айтылып жатат. Ага негиз барбы?

Кубат Байболов: - Жок, референдумдан кийин далай кызматты таштап, партиялык тизме боюнча шайлоого даярданып кетебиз деп жатышпайбы. Менин оюмча референдумдан кийин акыбал кыйла өзгөрөт. Өткөөл мезгилдин президенти Отунбаева отуруп мүмкүн балким башка кызматкерлер менен толукталат. Эң негизги маселе биздин жарандарыбыздын жогорку түшүнүгү, жогорку жоопкерчилиги менен, Ата Мекендин коопсуздугун биринчи орунга коюп, туруктуу бийликтин түзүлүшүнө чейин жанагы маселелерди улам эле козгой бербеш керек. Чек ара болобу, улут аралык маселе болобу, же башка маселе болобу ал бүгүн пайда болгон маселе эмес да, ал илгертен бери келаткан маселе. Дагы бир нече жолу алек боло турган маселе. Анан баарын тең бүгүнкү акыбалга чырмап, матап, демитип туруп алганыбыз болбойт. Маселен Орозбек экөөбүздүн дагы дооматыбыз көп Убактылуу өкмөткө, а түгүл мен бир мертебе жазып да жибердим. Бирок эңкейиште баратканда атты сабагандай болуп, кичине кое туралы демди басып.

«Азаттык»: - Орозбек мырза, жаңы өкмөттүн мүчөлөрү ортосундагы телефон менен сүйлөшүүлөрдү ким тыңшады, кандай максат менен тыңшады, таратты, анын артында кимдер турат деп ойлойсуз?

Орозбек Молдалиев: - Маселенин башка жагы бар. Ушул Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн коопсуз байланыш менен камсыз кылалбаган атайын кызматтардын кемчилигин айтпай кетпесек болбойт. Ошону камсыз кылып бериш керек биринчи иретте. Бул мамлекеттин коопсуздугуна тиешелүү маселе. Бизге копрамация жагын гезитке чыгарганы менен калган талкуулап аткан маселелердин баары кайда кетип атат деген суроо туулат да. Албетте бул уюлдук телефондор менен сүйлөшкөн нерселерди уюлдук операторлор аркылуу эле алса болот. Мисалы атайын система бар терроризмге каршы күрөшкө байланыштуу деп орнотулган мындан бир топ жылдар мурун. Анын ичине атайын терминдерди киргизип коёсуз, автоматтык түрдө ошолор байкап турат, фамилияларды киргизип коёсуз, ошол фамилиялар сүйлөшкөндө оператордон жазылып күнү-түнү иштей берет. Аны чыгарып аткандар ким болот, жанагы айтып аткан күчтөр ушул жагынан да аракеттенет. Бул информациялык согуш.

Коопсуздукту кантип камсыз кылабыз?

«Азаттык»: - Өзүңүз коопсуздук маселесин, коопсуздукту чыңдоо жаатында сунуш киргиздиңизби жаңы өкмөткө?

Орозбек Молдалиев: - Бул боюнча киргизгенбиз сунуштарды. Биринчи сунушубуз мындай болгон, алты баштуу ажыдаар деп айттыңар, ал деле туура болчу. Кимиси баш болорун билбейт. Бир башка келгиле, бирөө башкарсын дедик эле, президенттик сунуш болду.

«Азаттык»: - Ички коопсуздукка кооптонууну коркунуч жаратып турган дагы бир маселе. Азыр кыргыз элинин башына кыйынчылык түшкөн кезде чет өлкөлөп кетип калышып, азыр бийлик алмашканда кайра бийлик алуу үчүнбү кайра кайтып келип жатат деп сиз өңдөнгөн чет өлкөгө кетип калган жарандарга көбүрөөк сындар айтылып жатат. Өлкөдөн чыгып кетүүгө катуу кысым болдубу, ошондон чыгып кеттиңизби, анан кайра кандай максат менен кайттыңыз Кыргызстанга?

Кубат Байболов:
Ата Мекенге кайтып келүүгө мүмкүңчүлүк болобу, же болбойбу? Ал эми кетип калды деп улам-улам жаздырып аткандар бир-эки эле менин иним, саясий конкуренция, шайлоонун алдында ичи тардыктан чыгып атат. Болбосо мени сынга алышка аракет кылгандар мен жасагандан жүздөн бирин жасап көрсүнчү. Жок дегенде Бакиевге айбат көргөзүп көрүштү беле учурунда, бир айбат сөз айтып көрүштү беле. Анан кийин өлтүрөм деп жабыр тарттырып атышса анан кандай кылышыбыз керек эле?

«Азаттык»: «Азаттыктын» Интернет сайтына пикир жазган окурмандарыбыз башкаруу системасын тандаганча мамлекеттин келечегин ойлоп, тезинен эл аралык, улут аралык мамилелерди жөнгө салуу керек деген пикирлерин жазып жатышат. Алардын бири аты-жөнү жазылбаган окурман минтип жазыптыр, биз түндүктө жашаган калк бул опурталуу жагдайды, Өзбекстандын аскерин киргизгени жөнүндө окуяны, «Азаттык» аркылуу гана алдык, телевидение бул тууралу үн каткан жок, булар эптеп эле референдум өткөрүп алууну көздөйт, чек ара эмне болсо ошол болсун дешет көрүнөт деп жазыптыр. Ал эми бизге суроо узаткан дагы бир Автандил Сакыбаев деген адам жаны Конституция кабыл алынгандан кийин деле бийлик бутактары ортоунда кармаш күчөйт деп суроо берет.

Автандил Сакыбаев: - Мисалы 81-статья боюнча эмне деп айта аласыздар. Себеби ал жерде мурун Текебаев президенттин супер бийлиги болду десе, бүгүн ал статья боюнча ЖКнын төрагасынын бийлиги супер бийлик болуптур. Ал президенттин бар-жок экенин эске албай туруп, экинчи ирет кабыл алынбаса, өзү кол коюп күчүнө киргизип салат экен мыйзамдардын баарын. Бул келечекте калкка чоң нааразычылык туудура турган статья болуп эсептелет. Ушул статья боюнча сиздердин көз карашыңыздар кандай?

Кубат Байболов: - Бул Конституцияда президенттин вето укугу кадимкидей күчтүү укук. Мурунку баштапкы долбоорунда чабал вето көргөзүлгөн. Азыр кайра үчтөн эки бөлүгү менен кабыл алса анан кол коюп күчүнө киргизилет. Президенттин күтүү ветосу көргөзүлгөн.

Орозбек Молдалиев: - Ушул суроо бергендер парламент деп Текебаевди элестетип эле суроо ошол багытта кетип атат. Парламент деген Текебаев эмес, ушул суроо берген адамдын дагы парламентке өзүнүн добушу бар, өзү партияны тандап алат. Бизде 138ден ашык партия бар, ошолор катышсын, өзүнүн добушун бир ишенимдүү жакшы кишиге берсин. Ошол киши аркылуу ошол киши парламентке келип президентке вето коебу, башка маселе болобу, ошону чечип берет да. Медисон да айткан, бир тиран деле, 90 тиран деле болушу мүмкүн эгерде Конституциялык чектөөлөр болбосо деп. Конституциялык чектөөлөр болуп атпайбы. Ошон үчүн бул жерде кооптоно турган нерселерибиз жок. Болсун, талашсын. Убактылуу өкмөттүн талашканынан коркуп атпайбызбы, жедеп көнүп калганбыз да баары бир чечим менен кабыл алынганга.

«Азаттык»: - Бирок бир кооптонуу бар да, Буга чейинки тажрыйбалар көрсөтпөдүбү, мыйзамдар такыр Конституцияга чейин аткарылбай келген. Мындан ары мыйзамдуулук өкүм сүрүп, мыйзамдар аткарылат деген ишеним барбы?

Орозбек Молдалиев: - Бул эң жакшы маселе. Парламенттик системанын негизги үч багыты бар. Биринчи багыты, элдин көйгөйүн парламент алып чыгып турат. Экинчи функциясы, педагогикалык функция дейт, баарыбыз чогуу мыйзамды иштеткенге үйрөнөбүз парламент дагы, эл дагы. Үчүнчүсү, информациялык функциясы бар, эч жерде эч ким айталбай турган маселени парламент элге айтып берет. Негизги үч функциясын иштетсек эле адегенде анан калган мыйзамдар да, баары иштейт буюрса.

«Азаттык»: - Жаңы өкмөт мыйзамдуулукту бекем орнотуш үчүн кандай чараларды тезинен көрүшү зарыл?

Кубат Байболов: - Бул жаны өкмөткө гана тиешелүү маселе эмес. Акыбалды демитпей, ызы-чууну көбөйтпөй, шайлоого бир аз калганда шайлоо иретинде биз каалаган бийликти тандап албайлыбы.

Орозбек Молдалиев: - Мыйзамдын иштебей атканын мындан билиңиз, жакшынакай мыйзам бар коопсуздук жөнүндө деген, ошол Акаевдин убагында эле кабыл алынган мыйзам. Ошондо жазылып турат, эң биринчи инсандын коопсуздугун камсыз кылуу, коомдун коопсуздугун, анан өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу деп турат. Ошону ишке киргизип алса эле башка жаңы эч нерсенин кереги деле жок.

- "Азаттык": - Рахмат сиздерге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG