Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Өтүп бара жаткан жумадагы орчун окуя - Ынтымак курултайы болду. Анда президент Курманбек Бакиев өкмөттүн тарифтик саясаты, мурунку коргоо министри Исмаил Исаков тууралуу пикирин коомчулукка ачыктады. Делегаттар соңку учурда оппозиция сындап келген үй-бүлөлүк башкаруу темасынан башка дээрлик бардык маселелерди көтөргөнгө үлгүрүштү.

Кандай демократия жарашат сага, Кыргызстан?

Бишкекте 23-24-март күндөрү Ынтымак курултайы өттү. Курултай өтөт, деп жарыяланып, ага даярдык көрүлүп жаткан маалда анда алдын ала даярдалган адамдар бийлик өзү уккусу келген маселелерди козгойт деп айтып чыккандар болгон. Бирок курултайда бийлик кулагына жат сөздөр да козголду окшойт.

Эки күндүк курултайды ачып жатып президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултай кеңешме демократиянын ордосу болууга тийиш деп белгиледи. Мамлекет башчы азыр шайлоолорго жана адам укуктарына негизделген демократиянын үлгүлөрү тууралуу талкуу жүрүп жатканын, бирок бул үлгүлөр бардык эл-жерге жагары азыр арсар болуп калды, деп айтты. Буга мисал катары шайлоо өнөктүгүн келтирди:

Бүгүн дүйнөдө «кеңешме демократия» деп аталган үлгү кеңири жайылууда
- Тажрыйба көргөзгөндөй, шайлоолор өнүгүп-өзгөртүү программаларынын жарышы эмес эле, жалаң технологиялык машиналардын кагылышына айланды. Ал эми технологдор болсо көпчүлүк элдин башын айлантып салды. Шайлоолор чөнтөктүүлөрдүн марафонун элестетип баратат. Шайлоону көпчүлүк белен аш менен бекер акчага туналы деп күтүшөт. Ошентип, бекер аш, белен оокатка тап идеология өкүм сүрүүдө, миллиондогон байлык талаага чачылып, шайлоонун кадыры кетип бүттү. Ал эми адам укуктарына келсек, бул жагынан да бир беткейликти көрүп жатабыз. Жалгыз бир адамдын укуктары башка адамдардын, жалпы коомдун, жаратылыштын укуктарынан ажыратылып каралууда. Анын айынан жеке басарлык, өзүмчүлдүк ээ бербей күч алып, коомдук адеп-аклак менен пейилдин бузулушуна, жаратылыштын бүлүнүшүнө алып келип жатат.

Президент К. Бакиев кыргыз коому жамааттык жоопкерчиликке негизделген деп белгилеп, бул коомдо адам укуктарынын батыштык системасы оңой менен ыңгайлашып кете албасын билдирди:

- Ырас, адам укуктарын коргоо керек, биз бул жаатта бардык эл аралык милдеттенмелерибизди сактайбыз. Бирок бул жагынан көпчүлүк жаш мамлекеттер сыяктуу эле бизде баары ойдогудай эмес. Жакында биз сот реформасын баштап жатабыз, адам укуктары биринчи кезекте мыйзамдуулукту сактоо аркылуу корголот эмеспи. Буга байланыштуу айтарым: постсоветтик жана көпчүлүк өнүгүп келаткан өлкөлөрдө демократиялык институттар өтө жай калыптанууда. Кыязы, тарыхтын өзүнүн жолу ушундай болсо керек. Бүгүн дүйнөдө «кеңешме демократия» деп аталган үлгү кеңири жайылууда. Бул үлгү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга ар кайсы коомдук топтордун катышуусуна басым жасалат. Жалпы мүдөө-таламдардын алкагында ар башка топтор өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргой алышат. Кеңешме демократия Кыргызстандын азыркы кырдаалына төп келет деп ойлойм. Анткени бул демократия биздин элдин салтында терең тамыр алган курултайларга өзүнөн өзү төп келип турбайбы.

Шайлоонун кадыр-баркы кетишине Бакиевдин түздөн-түз күнөөсү бар
К. Бакиев кеңешме демократияга ырааттуу реформалар аркылуу барарын, бул үчүн биринчи кезекте башкаруу системасы реформаланганын айтты. Мисалга президенттин адиминистрациясы жоюлуп, анын ордуна президенттик кеңешме түзүлүп, ал мамлекетти ийкем башкарунун жолдорун таап жатканын белгиледи.

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр дал ушул башкаруу системасынан улам президентти катуу сынга алып келишет. К. Бакиев бул реформага ылайык Конституцияны өзгөртүүнү сунуштаган. Анда мамлекет башчы кандайдыр бир себептерден улам кызматын аткара албай калса анын милдетин аткарчу адамды президенттик кеңешме тандай турганы анык болгон. Айрым талдоочулар муну менен президенттик тактыны мураскерге өткөрүп берүү аракети жүрүп жатат деп айтып чыгышкан.

Оппозициялык “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев президент К. Бакиевдин Ынтымак курултайында сүйлөгөн сөзүнө баа берип жатып, бийлик өзүнүн ой-ниетин дагы бир жолу тастыктаганын айтты:

- Бакиев өзү байкабай өзүнүн 4-5 жылдык саясатына баа берди, акыркы кезде шайлоонун кадыры кетти, шайлоо идеялардын күрөшү эмес, капчыктуунун, пулдуунун күрөшү болуп калды деген ой-пикирди айтып, “Ак жол” кантип өткөндүгүн, жергиликтүү, президенттик, парламенттик шайлоолор кандай болуп өткөндүгүнө өзү баа берип жатат. Шайлоонун кадыр-баркы кетишине Бакиевдин түздөн-түз күнөөсү бар. Ал эми Бакиевдин сунуштаган ачылышы бул туура эмес. Кеңешме демократия деген бар, биз кеңешме демократия менен пайдаланышыбыз керек деп, өз туугандарын. өз жакындарын дайындаган президент менен кеңешкен эч кандай демократиядан кабар бербейт. Тескерисинче, бул бир нече кадам артка кеткенибизди билдирет.

Оппозиция “кетсинди” эле билеби?

ал программада үй-бүлөлүк башкарууну токтотуш керек, бийликти элге бериш керек, бардык жерде тоталдык, граждандык, жарандык контроль болуш керек деп айтылган
Президент К. Бакиев курултайда оппозиция тууралуу сөз кылды. Оппозициялык күчтөрдү бул иш-чарага чакырса келбей коюшканын, ушундан улам алардын “кетсин” дегенден башка эч нерселери жок окшойт деп ойлоп калганын айтты:

- Тилекке каршы, биздин оппозиция альтернативдүү программаларын коомго сунуш кылуу ордуна жалаң сындоо, карандай каралоо менен алек болуп келатышат. Бийликтин жасаган иштеринен кынтык издөө, бир беткей сындоо биздин оппозициянын программасына айланды. Биз оппозиция өкүлдөрүн Ынтымак Курултайына чакырдык. Эгер оппозициянын жер-жерлерде кадыры бийик болсо, ондогон өкүлдөрү жергиликтүү курултайлардан өтүп келмек эле. Андан тышкары мен оппозиция лидерлерин Президенттик квотага киргизейин деп күттүм, арыз берүү мөөнөтүн да узарттык. Бирок ал тараптан эч кандай каалоо болгон жок, анын ордуна барбайбыз деген билдирүүлөр болду.

Өткөн президенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев К. Бакиевдин негизги атаандашы катары ат салышкан. А. Атамбаев президенттин оппозициянын план-программасы жок деген дооматын жалганга чыгарды:

- Анткени Ынтымак курултайына алдын ала эле айтылган партиянын өкүлдөрү чакырылбайт деп, бул бийликтин сөзү. Оппозициянын лидерлеринин көпчүлүгү партиянын өкүлдөрү. НПОнун өкүлдөрү барды, партиянын лидерлерин алдын ала кесип таштады. Экинчиден, программасы жок дегени да жалган. Анткени, билесиңер, шайлоого мен чоң программа менен чыккам. Бирок ал программа, албетте, бул бийликке жакпайт. Анткени ал программада үй-бүлөлүк башкарууну токтотуш керек, бийликти элге бериш керек, бардык жерде тоталдык, жарандык көзөмөл болуш керек деп айтылган.

Генерал эмнеге таарынды?

Ынтымак курултайда президент өзүнүн мурунку үзөңгүлөшү, мурунку коргоо министри Исмаил Исаковдун камалышы боюнча биринчи жолу эл алдында пикирин айтты. Генералды кайсы бир кеңешмеде өзү менен чогуу иштегендердин көзүнчө сын айтса, аны көтөрө албай кетип калган, деп билдирди:

- Түшүнбөй деле калдым. "Эй, Исмаил Исакович эмне болду?" Сүйлөшөйүн десем жок. "Ой келчи айланайын, сүйлөшөйүн. Эмнеге таарындың?", - дедим. Мамлекет башчысы катары өзүмдүн кол астымда иштегендерди сындай албаймбы, кемчилигин айта албаймбы? Анда мен кандай президентмин? Ошого чыдабай, бир ооз сөзгө чыдабай, эшикти тарс жаап кетип калды. Андан кийин угуп атам, иш козголгон экен, тигиндей-мындай. Мага канчасы кайрылды. Кийин прокурор менен да сүйлөштүм: "квартирасын кайтарып бериптир го, эмне кыласыңар муну соттоп", - десем. Мен мыйзамдарды, өзгөчө Кылмыш Кодексин кайдан билейин. "Курманбек Салиевич, кылмыш иш катталды, ошондуктан жоопкерчиликке тартып атам", - дейт. Мен мобул жерде отуруп алып бошот дегидей илгерки заман эмес да. Падышалар ошентчү эле. Мен падыша эмесмин да, мен президентмин да.

Президент К. Бакиев эгер мыйзам жол берсе И. Исаковдун ишин карап көрөрүн айтты. Анткени курултайда И. Исаковго, Петровка жана Балыкчы окуяларында камакка алынгандарга мунапыс берүү маселеси көп көтөрүлдү.

“Ар намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова курултайда президентке мурунку үзөнгүлөшү катары кайрылды. Кыргыз элин дүрбөткөн жагдайларды жакындан айтайын деп келгенин белигиледи:

- Мен, саясий тагдырымда эки генералдын сотунун башынан аягына чейин катыштым. А. Акаевдин учурунда Феликс Куловду коргогом. Азыркы заманда Исмаил Исаковдун сотуна катыштым. Курманбек Салиевич, И. Исаковго коюлган үч эпизоддун экөөсүн айласыздан биринчиси мамлекеттик айыптоочулар, экинчисин сот алып таштады. Техника сатты деп жалган жалаа койгон экен. Көрсө И. Исаков 22-майда Коопсуздук кеңешине төрага болуп кетиптир. Техинка сатуу боюнча документтердин баары июндан баштап даярдалыптыр. Ноябрдан баштап сатыла баштаптыр.

Башкы прокуратура Жоогазын ыңкылабынын беш жылдыгына карата абактагыларга мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоор чукул даярдалып жатканын, ал президенттин кароосуна жиберилерин маалымдады. Оппозиция болсо И. Исаковдун кылдай да айыбы жоктугун, ырайымды күнөөсү үчүн жазаланган адам аларын, генерал болсо толук акталышы керектигин айтып чыгышты.

Ар кимде бар ар көйгөй...

Ынтымак курултайды жыйынтыктап жатып төркеңешинин төрагасы Садыкбек Аблесов курултайда көбүнесе чарабалык маселелер көтөрүлдү деп баа берди. Курултайда электр энергиясына баанын жогорулашына катуу нааразычылыктар айтылды. Президент Курманбек Бакиев жаңы тариф саясатында бир топ проблемалар бар экенин, өкмөткө аларды чечүүнүн бир канча жолдорун иштеп чыгууга тапшырма бергенин билдирди. Өкмөт бул ишти апрель айынын ичинде жасоого милдеттендирилгенин кошумчалады.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова өлкөдөгү адам укугунун абалы боюнча курултайда жападан жалгыз айтып чыкты. Анын баамында, бийликтин курултайында ачык-айкын сөздөр көп болду. Бирок ошол айтылгандар ишке ашышы чоң суроо:

- Бир топ эле чечимдер кабыл алынды. Ошонун ичинде жакшы эле чечимдер бар. Бирок ошолордун ичинде кайсынын мамлекет башчы, өкмөт ишке ашырат, бул чоң маселе. Курултайда ачык-айрым сөз жетишерлик эле болду. Элдин чынында эле айта турган сөздөрү, көйгөйлөрү көп экен, трибунадан түшпөй ачык эле сүйлөп алышты. Эми албетте арасында жан тарткандар, кошомат кылгандар болду.

Азыр оппозиция курултайда кийинки учурда көп айтылып көп чындалып жаткан үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу сөз козголбогонун айтып жатышат. А. Абдирасулова мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Бул саясий партиялардын айтып көтөрө турган маселеси эле. Бүгүнкү үй-бүлөлүк башкаруу, саясат жөнүндө саясий партиялар айтышы керек болчу. Курултайга саясий партиялар катышпай, карапайым эл катышкандыктан ар ким өзүнүн көйгөйүн көтөрдү. Мен, мисалы, укук коргоочу катары Кыргызстандагы адам укугунун абалы жөнүндө айттым.

Курултайдын делегаттары тарап, анын төркеңеши такай иштеп ар бир үч айда бирден жыйынга чогулуп турмак болду. Ал арада оппозиция Ынтымак курултайы бийликтин азыркы саясатынан артка кайтпасын аныктады деп, жер-жерлерде Элдик курултайларды өткөрүүгө камына башташты.

17-мартта Бишкекте оппозиция Элдик курултай чакырган. Анда бийликке жети талап коюлуп, алардын аткарылышына 24-мартка чейин мөөнөт берилген болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG