Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Т.Сариев: Эл өз эркиндиги үчүн күрөшкө чыккан


Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Темир Сариев маалымат жыйынында, 2010-жылдын 6-майы.
Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Темир Сариев маалымат жыйынында, 2010-жылдын 6-майы.

Убактылуу өкмөт башчынын орун басары, каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев өлкөдө тартип, саясий кырдаал, финансылык маселелер турукташканын, апрель айында бүджет 97 пайыз аткарылганын билдирди.

Убактылуу өкмөт иштеп жаткан бир айдын ичинде мамлекетте туруктуулукту, тартипти, коопсуздукту камсыз кылганга, каржы системасын, анын булактарына толук көзөмл кылганга жетиштик деп билдирди Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев.

-Убактылуу өкмөт туруктуулукту, коопсуздукту камсыз кылганга жетиштик. Ачыгын айтып коюшум керек. Кемчиликтер бар бирок бул кемчиликтердин үстүнөн иштеп, аны чечүү үчүн шашылыш чараларды көрүп жатабыз

Коомчулукта Убактылуу өкмөттүн өз ара ынтымакка келишпей, ич-ара кайчы пикирлер жаралып, чечкиндүү кадамдарга бара албай жатат деген божомолдорго негиз жок экендигин билдирген Темир Сариев Кыргызстан биринчи жолу кооперативдик башкарууну башынан кечирип жатканы менен натыйжалуу иштеп жатканын белгиледи.

- Чечим кабыл алууда, ички талаш-тартыштар бар. Бирок ошого карабай Убактылуу өкмөт чечимдерди кабыл алып, алдыга чечкиндүү жылып жатат. Биз эң негизгиси элдин биримдигин жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калышыбыз керек.

Темир Сариев Конституциянын жаңы редакциясына токтолуп, негизги принцип элдин бийлигин толук орнотуу, эл үчүн иштеген мамлекеттик башкаруу системасын түзүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, бийлик бир партиянын же бир адамдын колуна топтолуп калуусуна жол берилбестигин билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстан элинин жоопкерчилиги абдан жогорулаганын, демократиялык принциптерди ыйык тутуп, эл өзүнүн укугу үчүн күрөшүүгө даярдыгын, эркиндикти ыйык туткан, намыскөй калк экенин бүткүл дүйнөгө көргөзгөнүн айтып, 7-апрелде кыргыз эли социалдык маселеге эмес, авторитардык бийликке каршы чыгып, өзүнүн эркиндиги үчүн күрөшкө чыккан деп эсептейт.
Беларус президенти А.Лукашенко, Казакстандын президенти Н.Назарбаев жана К.Бакиев. Минск шаары 2009-жылдын 27-ноябры.

Беларус президенти Александр Лукашенко Кыргызстанды жакыр мамлекет катары баалап, КМШга кирген айрым мамлекет башчылары, премьер-министрлери Кыргызстандын казынасында каржысы жоктугун айтып, эл кедейчиликтен улам көтөрүлүп чыгышканын билдиришкен.

Темир Сариев болсо маалымат жыйынында мамлекеттин бүджети апрель айында 97,7 пайызга аткарылганын, мурда пландалган 4 миллиард 432 миллион сомдун 4 миллиард 240 миллион сому план боюнча сарпталганын, Камбар-Ата-2 ГЭСине 200 миллион сом, Транспорт министрлигине жол курулуштары үчүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каралган акча каражаты толук берилип, 521 миллион сом тышкы карыз төлөнгөнүн белгиледи. Айлык, пенсиялар убагында төлөнүп, каржылык каатчылыктар болбостугун айтты.

Коомчулукта коңшу мамлекеттер чек араларын жаап, Кыргызстандын аймагынан атуулдарды жана жүк ташыган унааларды чыгарбай, Өзбекстан менен Казакстанда Кыргызстанга келүүчү жүк ташыган автоунаалар токтотулганынан улам экономикага терс таасири тийгенин айтышууда.

Өлкөдө чындыгында экономикалык абал оор экендигин, укуктук талаага келмейин сырттан ивестициялардын келиши арсар экендигин Коомдук палатанын төрагасы Садыкбек Аблесов билдирди:

- Өлкөдө кырдаал чындыгында эле оор. Элге дагы кыйын болуп жатат. Убактылуу өкмөткө дагы кыйын болуп жатат. Анын үстүнө биздин өкмөттө легитимдүүлүк жок болуп жатпайбы. Легитимдүүлүк болбогондон кийин Эл аралык уюмдар гранттарды бербейт экен да.

Аблесов Кыргызстанга эл аралык уюмдардан каржылык жардам келиши үчүн өкмөт легитимдүү болуш керек деген ойдо

Темир Сариев болсо Убактылуу өкмөттү эл аралык коомчулук тааныганын, ал 3-майда Ташкентте Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуп, алар Кыргызстанга 70 миллион доллар грант бөлө тургандыгын маалымдап, 11-майда казак өкмөтү кыргыз-казак чек арасын ачуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.

XS
SM
MD
LG