Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

Аликбек Жекшенкуловдун иниси да үч айдан бери камакта


Оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун иниси - Таалайбек Медеркулов 3 айдан бери камакта. Учурда аны бошотуу талабы менен Балыкчы шаарынын тургундары атайын кол чогултуп баштады. Т. Медеркуловго Балыкчы шаарынын вице-мэри болуп турганда суу түтүктөрүн сатып алууда туура эмес тендер өткөргөн деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон.

Балыкчы шаарына тартылып келген суу түтүктөрдүн радиациялуу экенин республикалык санэпидкөзөмөл кызматы аныктагандан кийин, шаар бийлигинин бети ачылып, күнөөлүү жетекчилерди жоопко тартуу зарылдыгы чыккан. Так ушул маселе боюнча Таалайбек Медеркуловдун башы кылмышка байланып атат. Ал ошол кездеги вице-мэр болгондуктан тендердик комиссияны жетектеген. Бирок Медеркулов кызматтан 2008-жылдын жаз айында кетсе, түтүктөр күз айында келген.

Ооруканадан жаңы чыкканда камакка алынган шаардын депутаты Медеркуловду тергөө бүткүчө убактылуу бошотуу арызы менен шаардын 22 депутаты сотко кайрылган. Бирок так жооп келбегенин шаар кеңештин төрагасы А.Жаликов ырастады:

- Биз Балыкчы сотуна кайрылсак күнөөсү аныкталмайынча чыгарылбайт дейт, анда аны менен камалгандар кандай негиз менен чыкты десек, жооп берген жок.

Бул ишти карап аткан облустук соттун орун басары Т. Эралиевдин айтымында, Медеркуловдун баш коргоо чарасы менен иликтөө ишин узартуу прокуратуранын талабы болчу, сот аны канааттандырган.

Ал эми Балыкчы шаардык прокурорунун орун басары Айбек Жумабаев өз кезегинде "камактан убактылуу бошобойт деген соттун чечимин алдык, аны аткарууга милдеттүүбүз" дейт.

Ушинтип сот менен прокуратура бирине бирине шылтап отуруп, Медеркуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндөгү маселени кароону адегенде 20-февралга, анан 18-мартка, кийин 12-апрелге узартып койду. Ссебебин ачыктабай атат. Шайлоочулары ошондуктан муну саясый буюртма деп эсептеп атышат.

- Мен Сабырбек Жаналиевмин. Бул ишке жалгыз Медеркуловду камап койгону саясый кысым экени көрүнүп турбайбы. Байкеси Жекшенкулов бийликтегилерге каршы болуп атса, анан инисин ушинтсек, ал да кысылып калабы деген амал да.

Жергиликтүү эл да суу чыгаруудан чыккан чырга тикелей күнөөлүүлөр эркиндикте жүргөнүнө нааразы:

- Ушу уу түтүктөр орнотула баштаганда биз жана Аденовдун “Эл көзөмөлү” деген коому менен бирдикте таап чыгып, токтотконбуз. Өкүнүчтүүсү ага күнөөлүү Балыкчы шаарынын мэри менен облустун губернатору суралбай эле, эбак жумуштан бошогон.
Медеркуловдун камактаганы адилетсиздик. Баары камалат деп аткан, мына азыр жалгыз Медеркуловду сурап атат. Кана күнөөлүүлөр камалганы, бизде дайым ушундай күнөөсүздөр ушинтип камалат,
-деди Зарылкан Кыдырмышова.

Мамлекеттик жактоочу Асел Аргенбаева Медеркуловго карата мыйзамсыз аракеттер жүрүп атканын билдирди:

- Биз Медеркуловго тагылган айыптардын негизсиз экенин далилдеп, тергөө тыянагы чыккыча Медеркуловдун ден-соолугуна карап убактылуу бошотуу боюнча өтүнүч келтиргенбиз. Медеркулов Балыкчыда камалгандыктан анын ишин шаардын тергөө органдары иликтеп териштириш керек эле. Анан эле облустук сот чоңдугуна салып ишти Балыкчы шаардык сотунан алып кетиптир. Ал жактан арыз өтүнүчтөрдү карабаганы аз келгенсип, керектүү материалдарды жогорку сотко жиберише элек экен. Анткени биз облустук соттун мыйзамсыз аракеттерине каршылыгыбызды билдирип, 25-февралда жогорку сотко арызданганбыз. Мына ушундан улам, бул иш- саясый буюрма болуп атканын далилдеп атпайбы.

Таалайбек Медеркулов кызмат абалынан пайдаланган деген 7 берене боюнча суралып атат. Бирок алардын бирин да мойнуна албай турганын жана эң башкысы эл билиши керек деп, ал куран китеп кармап мындай кайрылуусун айтты:

- Эгерде ушул маселе боюнча бир тыйын жеп, же 1 сом кыянатчылык кылсам Балыкчы жеринин элинин кусуру урсун, бул актангандык эмес. Ууланган түтүктөргө кимдин тиешеси бар Балыкчынын жаштарынан аксакалдарына чейин билет.

Т.Медеркуловдун иши сотко качан өтөрү 12-апрелде дайын болот. Ага бийликтин тиш кайрап калганы агасы оппозиция өкүлү А.Жекшенкуловго байланышкан менен дагы бир жагы анын принциптүүлүгүнөн да болгон.

2008-жылы вице-мэрлик кызматтан бошоордо Түп районуна акимдин орун басарлыгы сунуш болуп, бирок андан баш тарткан. Экинчиси, губернатор менен мэр келип, Балыкчы шаардык кеңештин төрагалыгына акжолчу Шариповду шайлоого үгүттөгөндө - Медеркулов депутат катары аларга шайлоо кодексин түшүндүрүп, залдан чыгарып ийген.

Ошондон кийин 25 депутаттын 22си бийликтин камчысын чаппаган Алмаз Жаликовду төрагалыкка бир добуштан бекиткен. Бийиктин административдик ресурсуна каршы күрөшүп, аларды жеңип чыккан мындай кадамы да анын камалышын шарттаган деген пикирлер бар.

Учурда Балыкчы шаарындагы шайлоочулары Медеркуловдун бошотулушун талап кылган кол чогултуу акциясын баштады, алардын саны бир жарым миңден ашты.

XS
SM
MD
LG