Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Р. Отунбаева: “Кокон хандыгы” курулушуна жол бербейбиз


Оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковдун камалышы боюнча кечээ кечинде Бириккен элдик кыймыл чукул жыйынга чогулган эле. БЭКтин соңку чечими боюнча Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын төрайымы Роза Отунбаеваны сөзгө тарттык.

- Кечээ Бириккен элдик кыймыл Исмаил Исаковдун камалышы боюнча чукул жыйынга чогулганы атты эле, кандай чечимге келдиңиздер?

- Бүгүн биз билдирүү чыгарабыз, эл ошол коомдук билдирүүнү окуп чыгаттыр. Биз баарыбыз бир көз караштабыз - бул саясий буйрук. Кечээ Исмаил Исаков да өзүнүн соттогу акыркы сөзүндө бул жөнүндө айтып кетти. Бийлик стабилдишетиребиз деп ушундай ыкмаларды, жолдорду тандап Кыргызстанды канга чылап коюу аракетинде.

- Айрым серепчилер, “Азаттыктын” сайтынын окурмандары Исмаил Исаковго чыгарылган чечим адилетсиз, 8 жыл көп эле мөөнөт деп айтып атышат, бирок ошондой болсо дагы кымындай да күнөөсү жок дегенге кошулбайбыз деген пикирлер айтылууда, сиз кандай ойлойсуз?

- Эми көзү бар, акылы ордундагы адамдын баары эле Исмаил Исаковдун кандай адам экенин билет, аны жалаң эле Кыргызстан эмес, региондун баары тааныйт. Төрт жылдан бери Бакиев өзү мактаган министр эле. Мына эми баарыбыз эле түшүнүп атабыз, бул атайын буйрук экенин. Кыргыз эли баары эле билет, миллиондорду жегендерге караганда бул адам абдан таза, духу абдан күчтүү, “самопал” эмес генерал. Жөн эле үй-бүлөнүн кызыкчылыгын жактап, тыңчы болуп жанында жүргөндөр бир күндө, бир түндүн ичинде эле генерал болуп калгандай эмес. Мына азыр шагырап жок жерден генерал болгондордон абдан таамай айырмаланган генерал.

Исмаил Исаков совет заманында Германияда кызмат өтөгөн, ал жерге жөнөкөй эле адамдарды жиберчү эмес, эң билимдүү, күчтүү адамдарды жиберчү. Ошентип канча кызматтарда иштеген, мына мурдагы парламентте коргоо комитетинин башчысы болуп, ошол кездеги бийликке кандай күчтүү оппозицияда болчу. Ушундай бир чоң мектепти, саясий мектепти, аскердик мектепти өткөн адамды азыр жөн эле темир тордун аркасына тыгып салганын биз өч алуу катары баалап жатабыз. Анткени Исмаил Исаков Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан өз ыктыяры менен кетип атканда “мен ушундай бийликке иштегенден уялам” деп, бир топ ачуу сындарды айтпады беле. Үй-бүлө мына ушундан өчүн алып, табасы канып отурганы го азыр.

- Бүгүн мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун иши жана Петровка окуясы боюнча соттор уланганы атат Исмаил Исаковдук сотунан чыккан чечим Кыргызстандагы саясий укуктардын абалына, келерки соттук жараяндарга кандай таасир бериши мүмкүн?

- Петровка окуясы боюнча соттун логикасын биз качантан бери көрүп атабыз. Козголоңго тиешеси жок адамдар, кайра ошол козголоңду басалы деген адамдар түрмөдө отурат. Булар элдин баарын тынчытып, Петровка болобу, Ноокат болобу, Балыкчы болобу Кыргызстандын элдерин коркутуп, өздөрүнүн хандыгын курайын деген ушундай бир чоң аракетте. Бирок Кыргызстанда “Кокон хандыгы” курулбайт, биз ага эч качан мүмкүнчүлук бербейбиз.

- Рахмат маегиңизге.

Тасмада: Исмаил Исаковдун иши боюнча сот өкүмү

Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG