Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Роза Отунбаева: “Саясатты эми биз, аялдар жасайбыз”


Президент Роза Отунбаева оштук аялдар менен жолугушууда сөз сүйлөөдө, 31-июль.
Президент Роза Отунбаева оштук аялдар менен жолугушууда сөз сүйлөөдө, 31-июль.

Президент Роза Отунбаева Ош облусунунун активист аялдары менен жолугушуу учурунда алдыдагы паламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке алты-жети партия келээрин болжолдоп, алардын арасынан кыз-келиндерге көбүрөөк орун тийээрине үмүттөнүп жатканын билдирди.

Өз кезегинде сөз сүйлөгөндөр ак жоолукчандарга карата зордук-зомбулук күчөгөндүгүн, жетекчи кызматтарга алар азыраак тартылып келаткандыгын белгилешти.

Роза Отунбаева аялдар менен жолугушуу убагында алдыдагы парламенттик шайлоонун күнүн белгилөө эмне үчүн кечеңдетилип жаткандыгын мындайча түшүндүрдү:

- Өзгөчө кырдаал убагында шайлоо жарыялоого тыюу салынган.
Президент Р. Отунбаева Оштогу жолугушууда, 31-июль

Президент айым ошого карабастан айрым саясий партиялар Шайлоо кодексинин талаптарын эмитен одоно бузуп жатышкандыгын билдирди:

- Өзү мындай убакта а түгүл жер-жерлерде жыйын, же башка иш-чара өткөрүүгө да тыюу салынат. Ошого карабастан бүгүн көптөгөн партиялар мыйзамды каалагандай тебелеп-тепсеп, чогулуштарды чакырып жатышат. Бул акылга сыйбаган жорук. Укук коргоо органдары муну билип-көрүп туруп, ага уруксат бергенинин өзү туура эмес.

Оштогу бейөкмөт уюмдардын биринин башчысы Авазкан Ормонованын кебине караганда, жаңы бийлик деле элден алыстап бараткандыгы жашыруун эмес:

- Себеби, эл азыр өкмөткө ишенбей калды. Анткени, гезит беттеринде өкмөттө иштегендерди каралаган материалдар байма-бай басылууда. А ага тил кайрыган бирөө жок. Экинчиден, Ош облусундагы бейөкмөт уюмдар биргелешип, июндагы тополоңдо жабыркагандарды реабилитациялоо борборлорун ачтык. Учурда зордукталган же үй-бүлөсүн жоготкон аялдар бизге көбүрөөк кайрылып жатышат.
Президент менен жолугушууга келген оштук аялдар, 31-июль.

Авазкан Ормонова зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерге карата мамлекет тарабынан азыртан камкордук күчөтүлбөсө, анын аягы кайгылуу бүтөөрүн эскертти.

Бул арада Араван районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысынын орун басары Замира Атабаева энелерди элдин ынтымакчылыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калууга чакырды:

- Базарыбыз да, мазарыбыз да бир. Сиздер өткөн ишке өкүнбөстөн, мындан аркысын ойлоп, стабилдүүлүктү кармап калууга аракет кылыңыздар. Бала-чакабыздын жаркын болочогу үчүн, Кыргызстанды кыйратпай сактап калуу үчүн баарыңыздарды күрөшкө чакырамын.

Карасуулук ардагер, көп жылдар бою партиялык-советтик жетекчи кызматтарды аркалаган Айкөкүл Мырзакаримова башчылык орундарга аялдарды тартуу жемсөөлүктү азайтып, өлкөнү өйдөлөтүүгө көмөктөшөт деген пикирде:

- Эр азамат эки президентибиз качып кеткенден кийин кадр маселеси айымдардын мойнуна түштү. Ошондуктан, мындан ары идиректүү кыз-келиндерди жетекчилик жумушка көбүрөөк тартпасак болчудай эмес. Себеби аялдар ит жандуу эмеспи, күндүзү тыным, түндөсү уйку билбей чарчабастан эмгектенет.
Президент Р. Отунбаеванын Оштогу сапары.

Жооп иретинде сүйлөгөн Роза Отунбаева бул сапар Жогорку Кеңешке алты-жети партия келээрин болжолдоп, алардын арасынан кыз-келиндерге көбүрөөк орун тийээрине үмүттөнүп жатканын айтты:

- Бийлик биздин колубузга тийди. Чындыгында, биз, аялдар, Кыргызстандын жарымын түзөт экенбиз. Саясатты, керек болсо, мына биз сиздер менен жасайбыз.

Андан тышкары Роза Отунбаева Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун түштүккө жөнөтүлчү полициясынын кеңешчи тобуна, балким Орусиянын, Казакстандын жана Украинанын өкүлдөрү кирип калаарын кыйытты. Ошондой эле президент айым учурда Шаңхай кызматташтыгы уюму, анын ичинде Кытай менен сүйлөшүү жүрүп, этникалык кагылышуудан катуу жабыркаган Ош шаарына ШКУнун шаарчасын куруп берүү маселеси көтөрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Анткени менен айрым жергиликтүү коомдук жана саясий ишмерлер олуттуу ойлору бар оштук айымдар Роза Отунбаевага жолотулган жок деп айтышууда.
Президент Р. Отунбаеванын Оштогу сапары.

- Байкашымча, Оштогу жолугушууга көбүнчө эле атайын тандалган аялдар чакырылыптыр. Мына эки айдан бери мэриянын жанына тигилген боз үйдө ондогон кыргыз кыз-келиндери боздоп олтурушат. Алардын муң-зары Ак үйгө жете элек. Мына эми президент дагы укпай кетти. Анткени, алардын арманын чоңдорго угузчу кишилерди тизмеге кошпой коюшту, - деди “Асаба” партиясынын Оштогу лидери Жамийла Кадырова.

Кыргыз президенти Роза Отунбаева Ошко сапарынын экинчи күнүндө түштүк жергесинин район-шаар жана облус башчылары, ошондой эле укук коргоо органдарынын жетекчилери менен да жабык жыйын куруп, аймактагы коомдук-саясий акыбалды талкуулашты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG