Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

СДП: Солго барсаң “Ата Мекен”, оңго барсаң "Ар-намыс"


КСДП, “Республика” жана “Ата Мекен” партияларынын ортосунда коалиция түзүү аракети кыйынчылыктар менен коштолууда.

Бул тышкы саясатка жана өзгөчө “Республика” жана “Ата Мекен” партияларынын ортосундагы ажырымдарга байланыштуу экенин КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев билдирди. Ал эми “Ата Мекен” партиясы коалиция түзүү тууралуу социал-демократтардан да, республикачылардан да эч кандай сунуш түшпөгөнүн белгилөөдө.

Социал-демократиялык партиянын лидери А. Атамбаев партия 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааный турганын билдирип, бул шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы бирден-бир эркин жана демократиялык шайлоо болгонун белгиледи:

- Кыргыз эли өз тандоосун жасады. Ошондуктан саясатчы болобу, башкасыбы, баарыбыз элдин тандоосун сыйлоого тийишпиз.

Пикирлер ар башка, багыттары бир эмес

Парламенттик шайлоодо алдыга озуп чыккан беш партия дээрлик үч аптадан ашуун убакыттан бери коалиция түзүү маселесинин айланасында баш катырып жатканы белгилүү. Айрым партиялар беш партиядан турган кеңири коалиция түзүү тууралуу сунуштарын да билдирүүгө үлгүрүштү.

Социал-демократиялык партия буга чейин “Республика” партиясы менен бирге иш алып барууну чечишкенин билдирген. Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев “Республика”, “Ата Мекен” партиялары менен биригүүнү максат кылышканын, бирок бир топ себептердин негизинде “Ата Мекен” партиясын үчүнчү өнөктөш кылууга мүмкүн болбой жатканын ачыктады:

- Биз бардык партиялар менен сүйлөшүүгө даярбыз, бирок бизге тагдырлаш, пикирлеш партия – "Ата Мекен”. Ошондуктан, биз “Республика” менен сүйлөшүү жүргүзгөндө үчүнчү өнөктөшүбүз “Ата Мекен” партиясы болсо деп айтканбыз. Албетте ар кандай маселелер чыгып кетти, тышкы саясат боюнча. Эми Кыргызстан эгемен мамлекет болгон соң, кайсы бир мамлекеттин көзүн карап, кайсы бир мамлекеттин айтканын аткарбаш керек. Ошол эле убакытта эгер биз Кыргызстанды өнүктүрөлү десек экономиканы көтөрүшүбүз керек. Бул үчүн албетте бир топ мамлекеттер менен мамилени бузууга болбойт. Мына ушундан бир топ маселелер чыгып кетти. Эми бул маселени чече алабызбы жокпу, азырынча билбейм.

Алмазбек Атамбаев жогоруда аталган үч партиянын биригип, коалиция түзүүсүнө "Ата Мекен" жана "Республика" партияларынын ортосундагы пикир келишпестиктер себеп болуп жатканын да кошумчалап кетти. Социал-демократтардын лидери ошондой эле Кыргызстан үчүн Орусия стратегиялык өнөктөш деп белгиледи, ал муну ушул тапта Орусияда иштеп жүргөн жарым миллион чамалуу кыргызстандык мигранттар жана кыргыздар орус эли менен тарыхташ, тагдырлаш болуп келгенине байланыштырды.

“Ата Мекен” партиясы буга чейин Социал-демократиялык жана “Республика” партиясынан коалиция түзүү тууралуу сунуштар түшпөгөнүн, сүйлөшүүлөр болбогонун белгилеп келген. Партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев коалиция түзүү маселеси парламент ишке кирген соң гана козголорун “Азаттыкка” билдирген эле. Биргелешкен коалиция түзүү тууралуу Социал-демократтардан жана "Республикадан" да эч кандай сунуш болбогонун “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” бекемдеди:


- Тышкы саясаттагы келишпестик деген кандай? Биз тышкы саясатта приоритеттүү багыттарды өзгөртөбүз деп, алардын айткандарына макул болбой аткан жокпуз да. Мисалы, эгер алар Орусия менен иштейбиз десе, биз “жок, биз Орусия менен иштебейбиз, Батыш менен иштейбиз” деп айткан болсок, анда карама-каршылык, келишпестик болмок. Бирок андай болгон жок да. “Ата Мекен” партиясы тышкы саясатта Орусия, Европа, Америка дебей, бардык мамлекеттер менен бирдей мамиле түзүүгө, кызматташууга даярбыз.

Ал эми “Республика” партиясынын штабынан “Ата Мекен” партиясы менен коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болгону тууралуу азырынча маалымат бере алышпасын “Азаттыкка” билдиришти.

Кимиси?

Орус президенти Д. Медведев Кыргызстан тандап алган парламенттик башкаруу системасы өлкөнү кыйроого алып келүүчү система деген пикирин айткан эле. Ал эми мындай башкарууну негиз кылган Баш мыйзамды жазган Конституциялык кеңешмени “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жетектеген. Ушундан улам Ө. Текебаев коомчулукта батышчыл саясатчы катары таанымал.

Социал-демократтардын лидери А. Атамбаев журналисттерге ачык айтпаса да бул жерде “Ата Мекен” партиясынын батышчыл көз карашы Орусияга жакпай жатканы чоң себеп деп белгилешет айрым байкоочулар. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Кыргызстанга Орусияга караганда Батыштан пайда көбүрөк, ошондуктан жалгыз Орусияны стратегиялык өнөктөш тутуу жаңылыштык деп
эсептейт:

- Булар өздөрүн орусиячылбыз деп ойлоп атышат. Бирок реалдуу ишке келгенде Орусия менен да, Батыш менен да кызматташууга, мамиле түзүүгө туура келет. Өзүңүздөр көрүп атасыз, түштүктү калыбына келтирүү үчүн каржылык жардамдарды, 1 млрд. долларды кайдан алып жатабыз? Ошол эле эл аралык уюмдардан. Ал эми эл аралык уюмдардын негизги кредиторлору – Батыш өлкөлөрү. Кээ бир саясатчылардын “тышкы саясатты өзгөртөбүз, орустар менен гана иштешебиз” деген билдирүүлөрүнөн кийин өлкөгө сырттан келип аткан каржылык агымдар токтоп калганын финансисттерден сурап көрүңүздөр. Бизнеси Орусияда болсо эле, ошону стратегиялык өнөктөштүк, стратегиялык кызматташтык деп түшүнүүгө болбойт.

Демек азырынча парламентте кайсы партиялар көпчүлүк добушка ээ боло алган коалиция түзөрү белгисиз бойдон калууда. Айрым маалыматтар боюнча коалиция түзүү маселеси келерки дүйшөмбүдө каралышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG