Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Президент мураскорун даярдай баштадыбы?


Президенттин мамлекетти башкарууну реформалоо боюнча акыркы жүрүштөрү менен кошо кийинки мөөнөт үчүн мураскорду тандоо башталганы айтылууда.

Эгер президент койгон тапшырмаларды ийгиликтүү аткарса, жаңы эле премьерлик орунга отурган Данияр Үсөнов мураскор катары президенттин көзүнө илиниши да ыктымал.

Курманбек Бакиев ушул тапта президенттик экинчи мөөнөтүн аткарууда. Баш мыйзамга ылайык бир адам Кыргызстандын президенти катары эки мөөнөткө гана шайлана алат. К. Бакиев өзү деле экинчи мөөнөтү бүткөн соң шайлоого барбай турганын, баш мыйзамды өзгөртпөсүн айтканы бар.

Айрым саясат талдоочулардын баамында, президент өзүнүн соңку реформалык жүрүштөрү менен өзүнө мураскор даярдап жатканын даана билдиргендей болду.

Маселен, экономист Талант Кемеловдун пикиринде, Курманбек Бакиевдин учурдагы негизги милдети кандай гана болбосун экономикалык секирик жасап, өсүшкө жетишүү болуп турат. Дал ошол себептен улам премьер-министрлик орунга “кризис менежер” катары таанылган саясатчы, ири ишкер Данияр Үсөновду алып келди. Эгер өзүнө берилген тапшырманы ийгиликтүү аткарып, экономикалык жылыштарды жасап, президентке берилгендигин далилдесе, ал дагы мураскор болуу ыктымалдуулугун жогорулатмакчы. Эгер өлкөдө учурдагы реформалардын алкагында жылыштар боло турган болсо, карапайым эл К. Бакиев тандаган мураскорго токтолушу ыктымал:
Талант Кемелов

- Чынында Д. Үсөновду премьер-министр болот деп күткөн эмес элек. Бирок аны президенттин ишенимдүү кишилеринен экенин билип жүрөбүз. Ошол сыяктуу ал бир күнү президенттин мураскору болуп деле чыга келиши мүмкүн. Ал үчүн президенттин ишеничин дагы да болсо акташы керек. Ошону жаңы кызмат ордунда көрсөтөт го. Мунун бизнесте тажрыйбасы абдан чоң да. Бирок бул киши мамлекеттик кызматта азыркыга чейин өзүн көрсөтө элек.


Кээ бир саясатчылардын баамында, кийинки президенттик шайлоодо К. Бакиевдин мураскору боло турчу адамдар мурда эле иргеле баштаган. Ага ылайык, андай мураскор президенттин өзүнүн эле жакын чөйрөсүнөн чыгышы толук ыктымал.

Белгилүү саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, эгер жаңы куралган өкмөт өлкө экономикасын өргө тартып, эл турмушу жакшырып кете турган болсо Кыргызстан Азербайжандын жолу менен кетиши да ыктымал. Ага ылайык президент уулу Максим Бакиевди да мураскер катары сүрөп коюшу мүмкүн. “Жашоо-турмуш оңоло баштаса Максим Бакиевдин кыргызча билбегени деле тоскоолдук болбойт. Тилди алдыдагы 1-2 жылда эле суудай сүйлөп чыга келет”,- дейт ал:
Марс Сариев

- Эгер байкаган болсоңуз, Максим Бакиевдин жубайы кыргыз кызы. Кыргыз тилин деле үч жыл аралыгында бир заматта үйрөнүп алат. Саясат деген саясат да. Бат эле суудай сүйлөп кетет. Мен келин кыргыз болгондо эле шектене баштагам, акырындан даярдана баштады деп. Азыр деген негизи акчалуу тармактардын бардыгы бир эле кишинин айланасына топтоло баштабадыбы. Мындай болгондо эл деген чалкасынан кетет да. Ошондуктан биринчи элдин жашоосун оңдош керек. Эл унчукпагандан кийин элитабыз унчугалбай эле калат. Анткени алардын аброю жок.

Талдоочу Марс Сариевдин баамында, президент Данияр Үсөновду премьер-министр катары көпкө деле кармабашы мүмкүн. Анткени ал мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновдон айырмаланып, амбициясы алда канча күчтүү.

“Ошондуктан жаңы өкмөттүн башында бир топ кара жумуштарды аткарып, өз функциясын аткаргандан кийин аны да кызматтан алышат”,- дейт М. Сариев. Андыктан, амбициясы чоң экендиги белгилүү премьерди К. Бакиев мураскор катары тандоо мүмкүнчүлүгү да азыраак дешет. Талдоочулардын пикиринде, азырынча булардан башка мураскор болчулар байкалбагандай.

XS
SM
MD
LG