Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

ШКУ-Кыргызстан: муктаждык жана мүмкүнчүлүктөр


ШКУнун Ташкендеги жыйыны, 2010-жылдын 11-июну.
ШКУнун Ташкендеги жыйыны, 2010-жылдын 11-июну.

Казакстандын Жамбул облусунда ШКУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн аскердик машыгуулары жыйынтыкталды. Буга удаа Алматыда өткөн ШКУнун терроризмге каршы күрөшүү түзүмүнүн жыйынында Кыргызстандын түштүгүндөгү коопсуздукту камсыздоого жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды.

Муну талдоочулар аймактагы геосаясий кызыкчылыктарын бекемдеп калууга жасаган ШКУнун башкы оюнчуларынын аракети катары баалашууда.

ШКУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн бул жолку аскердик машыгуулары жоочулардын аракеттеринин негизинде аймакта келип чыккан капсалаң кырдаалды турукташтырууга багытталган. Ага Казакстандын, Орусиянын, Кытайдын, Тажикстандын жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн үч миңге чукул аскерлери катышты.

ШКУда Кыргызстанга жардам көрсөтүү маселеси төрт айдан кийин каралды

Муну менен катар Алматыда болгон ШКУнун терроризмге каршы күрөшүү түзүмүнүн кеңешмесинде террордук, экстремисттик жана сепаратисттик аракеттер менен күрөшүүдө Кыргызстанга жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды.
ШКУга мүчө өлкө башчыларынын жыйыны 2007-жылы Бишкекте өткөн.

Оштогу адам укугу жана демократия борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков аталган чечимди кечиккен кадам катары баалайт:

- ШКУ же ЖККУ болобу алардын террордук аракеттерге каршы күрөшүү, же кандайдыр бир чатактарды жөнгө салуу боюнча машыгууларын сыналыгадан гана көрөбүз. Бирок июнь айындагы кандуу окуялар биз мүчө болуп, өнөктөш катары карап келген бул уюмдардын жаңжалдарды басууга көмөктөшүү, же жок эле дегенде кандайдыр бир биздин күч түзүмдөрүбүзгө ыкчам көмөк көрсөтүүгө иш жүзүндө мүмкүнчүлүгү, же каалосу жок экендигин байкадык.

Июнь айындагы этникалык араздашууга алып келген коогалаң учурунда Шанхай кызматташтыгы да, Жамааттык коопсуздук келишими уюму да кырдаалды жөнгө салууга салым кошуу боюнча чараларды карашкан эмес.

Кызыкчылык болгондо анан кыймылдашабы?

Бирок ЕККУ, Бириккен Улуттар Уюму жана айрым батыш өлкөлөрү чыр-чатактан кийинки Кыргызстандын абалынан кабар алып, жардам көрсөтүү ниеттерин билдиришкенден кийин, Кыргызстанга жардам көрсөтүү аракеттери башталды.

Саясат таанучу Токтогул Какчакеев Кытай жана Орусия мамлекеттери башында турган Шанхай кызматташтык уюмунун акыркы аракеттери геосаясий кызыкчылыктар менен байланыштуу экендигин жокко чыгарбайт:

- Мындай иш-аракеттер Шанхай Кызматташтыгына жана ЖККУга жакпай жаткандыгынын себеби - аймактагы демилгени алуудан артта калыша турган болсо, анда эле жакынкы келечекте көзөмөлдү жоготуп койобуз деген чочулоодон улам келип чыгып жатат. Булардын эл аралык бедели төмөндөп кете тургандыгын жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан Орто Азиядагы өзүнүн кебелбес саясатын жүргүзүү үчүн жана таасирин кармап турууга ынтызар. Мына ошого байланыштуу Батыштан кем калышпай жардам көрсөтүүгө аракет жасашат.

Бирок расмий тараптар мындай тыянактар менен макул эмес. Алардын айтымында Шанхай кызматташтык уюмунун коопсуздукту чыңдоого багытталган ишмердүүлүгүнүн жанданып жатышына акыркы учурда Борбор Азия чөлкөмүндөгү окуялар себеп болгон. Мына ошондуктан жыйналышта Кыргызстандын түштүк аймагындагы кырдаал талкууга алынып, коопсуздукту чыңдоого көмөктөшүүнүн шарттары каралган.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов көрсөтүлө турган жардамдын багыттары тактала тургандыгына токтолду:

- Алар менен биздин террордук уюмдар менен күрөшүү багытында кызматташтыгыбыз бар да. Бул багытта атайын кабыл алынган келишимдерге кол коюлган. Ошондой эле ШКУнун алдында терроризмге каршы күрөшүү түзүмү уюштурулган. Мына ошонун алкагында биздин өлкөдөгү кийинки окуяларга байланыштуу коопсуздукту чыңдоого жардам көрсөтүү демилгесин көтөрүп жатышат. Учурда биздин укук коргоо органдары атайын каражаттарга, атайын техникага жана башка коопсуздук үчүн керектүү жабдууларга муктаж болуп турат. Сүйлөшүүнүн кийинки баскычтарында биздин муктаждыктар жана ШКУнун мүмкүнчүлүктөрү каралат.

Куру убадага байланган үмүттөр

Июнь айындагы кандуу окуяны басууга Кыргызстандын өкмөтү Орусиядан аскердик жардам сурап, бирок ал өтүнүч канааттандырылган эмес. Орусия Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Кыргызстанга аскерий техникадан, тик учактардан жана атайын каражаттардан жардам берүүнү убада кылган. Бирок арадан төрт ай өткөндүгүнө карабастан айтылган убада аткарылбай келет.

Токтогул Какчекеев мындай мамилени өнөктөштөрдүн ишенбөөчүлүгү менен байланыштырды:
Токтогул Какчекеев

- Бериле турган курал-жарак жана башка аскердик техниканы Кыргызстанга тапшырууда аны туура башкарганга жана туура пайдалана турганга кепилдик болуш керек да. Менимче, алар мына ушуга байланыштуу кечеңдетип жатышса керек. Анткени бизге буга чейин бир катар өлкөлөрдөн аскерий-техникалык жардам берилгени менен ошонун баары кумга сиңген суудай жок болуп кеткен учурлар аз эмес.

Тажикстанга кол сунган эч ким болбоду

Тажикстандагы түрмөдөн коркунучтуу кылмышкерлердин качырылышы жана аларды издеп жүрүшкөн куралдуу күчтөргө жоочулардын кол салышы аймакта радикалдык күчтөрдүн кайрадан баш көтөргөндүгү менен байланыштырылууда. Тажикстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Амиркул Азимов бул аракеттер эл аралык терроризмге байланышкан согушчандардын эскертүүсү экендигине карабастан союздаш мамлекеттер кайдыгер болуп жатышкандыгын айткан.

Талдоочу Уран Ботобеков Шанхай кызматташтыгы же Жамааттык коопсуздук келишими уюму ушундай капсалаң кырдаалда өнөктөштөрүнө жардам бербей жатат деп айыптады:
Хоженттеги жардыруудан кийин, Тажикстан, 3-сентябрь, 2010.

- Тажикстандагы окуяны Өзбекстан ислам кыймылы өзүнө алды. Бул деген эл аралык террористтик уюмдар ачыктан-ачык кол салды дегенге барабар. Ушуга карабастан ШКУ жана ЖККУ сыяктуу уюмдардын Тажикстандагы окуя боюнча кайдыгер карап тургандыгы туура эмес. Буга чейин кабыл алынган жоболорго ылайык, мындай кырдаал пайда болгондо аталган уюмдар атайын билдирүү менен чыгышып, анан аскерий-техникалык көмөк көрсөтүү жагын карышы керек эле. Бирок андай болгон жок. Ошондуктан бул уюмдардын өнөктөш катары эч нерсеге жарабай тургандыгын мезгил өзү көрсөтүп жатат. Бул проблема жалгыз эле Тажикстандыкы эмес. Эгерде ШКУга жана ЖККУга мүчө мамлекеттер бул маселе бизди кыйгап өтөт деп турушуса алар терең жаңылышат. Ошондуктан чогуу чаран иш-аракет кылышса жакшы болмок.

Шанхай кызматташтык уюмуна Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана кийинчерээк Өзбекстан мүчө болуп кирген. Мындан сырткары Монголия, Индия жана Пакистан мамлекеттери уюмга байкоочу катары кабыл алынышкан.

XS
SM
MD
LG