Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Элдик курултайдын ураандары


Элдик курултай, Бишкек, 2010-жылдын 17-марты
Элдик курултай, Бишкек, 2010-жылдын 17-марты

Бишкекте өткөн бүгүнкү Элдик курултайда оппозиция лидерлери жана аймактардан келген өкүлдөр өлкө бийлигинин саясатын кескин сынга алышты. Жыйында президент бийликти узурпациялап, баласын бийликке алып келгени, өлкөдө толук үй-бүлөлүк бийлик орногону тууралуу сөздөр айтылды.

Роза Отунбаева, ЖКдагы СДП фракциясынын башчысы: “Өлкөдө ким-кимге баш ийээрин билбей, баарынын башы маң болду”

- Делегаттар, кагылайын калк, айланайын эл журт баарыбыз бул курултайга жүрөгүбүз ооруган үчүн жыйналдык. 8 жыл мурун деле бул бийлик өзүнүн жарандарына ок атабы, атпайбы деп күмөн ойдо турдук эле. Азыр деле ошондой күмөн ойдо турабыз. Калпычы прокурорлор Аксыдагыдай болуп бизди тарагыла деп, анан милициялар атып киреби, же жокпу деп аны да билбейбиз. Анткени бийликте ошол эле кишилер отурат да. Курманбек Бакиев ошондо премьер-министр эле. Дал ушул Бакиевдин кабинетинде, ошонун жетекчилигинде Акаевдин бийлигин сактап калыш үчүн Аксынын эллин басыш керек деген кишилер чогулган экен. Ошон үчүн Бакиев Аксыдагы киши өлтүргүчтөрдү жоопко тартам деген өзүнүн эң негизги антын бузду. Аларды жазалабай эле, эң жогорку мамлекеттик кызматтарга көтөрүп берди. Бакиев Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүнө азыр дагы таянып атат. Генерал Исмаил Исаковду так ошол кишилер соттоп берип отурат. Дал ошол үчүн Бакиевге УККнын башчысы Суталинов сыяктуу кишилер керек болуп турат.

Беш жыл мурун ал 24-март окуяларында Акаевдин бийлигине каршы чыккан кишилердин баарын аттырам деп убада бергенин баарыңар жакшы билесиңер. Бакиев болсо аны ишке тартып өстүрүп берди. Эми УКК жалаң оппозициянын артынан түшүп, куугунтук менен сөз тыңшагандан башка иши калбай, ошол убакта өлкөдө болсо аларга коргонуп алып эл аралык мафия өз билгенин кылып атат. Бакиевге И.Исаков, А.Атамбаев, Ө.Текебаев, А.Бекназаров сыяктуу өз пикири бар кишилер кереги жок. Хандарга кызмат кылбай, элине кызмат кылгысы келген кишилер кереги жок экендигин айдан ачык болуп турбайбы.

Бизге айтып атышат, силер оппозиция бийликтен түшүп калып эле Бакиевге таарынып калып ошон үчүн сындап атасынар деп. Ошентип айткандар иштин себеби менен натыйжасын түшүнбой атышат. Биз Бакиевдин үй-бүлөсүн чекесине чыккан чыйкан болгон үчүн өзүбүздүн оюбузду айтып, алардын оюна макул болбогон үчүн кызматтан кеткенбиз. Мына эми 24-март окуяларына туура 5 жыл болот. Бакиев революцияны майрамдаш керек деп заңгыраган уюштуруу комитетин түздү. Эмнени майрамдаганы атат? Революцияны ишке ашырган, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон Ошто, Жалал-Абатта, Чүйдө, Таласта, Бишкекте жанын тобокелге салып жүргөн кишилердин баары бүгүн Бакиевге каршы чыгып атса, ким менен майрамдаганы атат? Ошол кишилердин айрымдары киши колдуу болду, көбү чет өлкөгө кетти, дагы бир топтору түрмөдө отурушат. Калгандары жер-жерлерде ушул бийликке каршы революциялык комитеттерди түзүп атышат. Эмне үчүн ушундай болуп калды деп суроо бергенге силердин укугуңар бар. Эмне үчүн Акаевдин диктатурасын кулаткандан кийин биз алып келген бийлик андан да начар чыкты?

Эмки бийлик элдик бийлик болот деп ким кепилдик бералат? Өлкөбүздө элдин бийлигин орнотуш үчүн, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылыш үчүн, акыйкаттык орношу үчүн, жарандарыбыздын эркиндиги менен укугу корголуш үчүн эмне кылышыбыз керек? Так ушул суроолорубузга жооп таап, чечим кабыл алышыбыз үчүн ата-бабаларыбыздан калган салт боюнча өлкөдөгү абалды талкуулаш үчүн Элдик курултайга жыйналып отурабыз. Бул бийлик президенттик жана парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалаганы аз келгенсип, Бакиевдер ушул парламент менен өкмөткө да ишенбей, болгон бийликтин баарын эрке баласы Максим Бакиевге тартып беришти. Премьер-министр, министрлер азыр эч нерсе чечпей калды. Коопсуздук Кеңеши, Улуттук гвардия деген конституциялык органдар бүтүн бойдон бузулду. Өлкөдө ким кимге баш ийерин билбей, баарынын башы маң болду. Президент Улуттук коопсуздук кызматын өзүнө мыйзамсыз түрдө баш ийдирип алды.

Ушул калп реформаны каражатты үнөмдөш үчүн өткөрүп атабыз деп айтышты эле. Антпей эле чиновниктердин саны азаймак турсун кайра көбөйүп кетти. Бакиевдер эми Кыргызстандын эллин, бүт мамлекетти мураскоруна өткөрүп бергиси келип атат. Булардын планы боюнча президентти эл шайлабай эле өзүнүн жакындары чечип койгусу келип атат. Элдик курултай буга кандай баа берет? Ушул реформа деген иш аракеттерин эл кандай баалайт? Биз ага кандай жооп беришибиз керек? Экинчи маселе, бул өлкөдө бийликтен башкача ойлогон кишилердин баарына каршы саясий-террордун күч алышы, акыркы жылдарда эле болуп өткөн окуяларды мисал келтирели, Балыкчыда эр жүрөк кармандар жарым жыл бою түрмөдө жатса да, күнөөнү моюнга албай койгонун барыбыз көрдүк. Ноокатта момун мусулмандар бийликтин кысымына кабылганын, тебелеп-тепселгенин көрдүк, Петровкада эч күнөөсү жок үч лидерибиз бир жылга жакын убакыттан бери сотун күтүп кыйналып отурганы да көз алдыбызда. Элдик генерал И.Исаков Бакиевдердин астына чөгөлөбөйм деп багынбай койгон үчүн кылмышкерлердин арасына камерага тыгылганына да күбөбүз.

Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы: “Бийликти таза күрөш менен жеңебиз”

- 2005-жылы марттын аягында Курманбек Бакиевге Оштун элдик губернатору Анвар Артыков келиптир. “Президент болдуңуз, эми эмне кылабыз деп кирдим Өмүрбек”, - дейт. Кирсем “Анвар, акча көп экен баарыбызга жетет”, - деди дейт. Анвар аке “мен ал элдин ишенимин мындан кийин кантип актайбыз, оор жүк, оор тарыхый миссия бизге жүктөлдү, кандай өлкөдө жашайбыз, кандай реформа кылабыз деп улуу максаттарды айтып, эмне кылып аны ишке ашырабыз деп деталдуу пландарын айтат го” дегем дейт. Президент болсо “акча көп экен барыбызга жетет” деп айтты дейт. Мынакей мүнөз, мына кандай максат менен келишкен. Экинчи мисал, К.Бакиев 2006-жылы парламентте “менин балам Максим талантуу, аны көралабагандар ушак чыгарат, ал чоң бизнесмен” деди.

Парламент текшерип, Кыргызстандын, Орусиянын салык инспекциясынан, юстиция министрлигинен сурады, М.Бакиевге катталган ишкана барбы, бар болсо ал канча салык төлөдү эле деп. Кыргызстандын салык инспекциясы бир тыйын салык төлөгөн эмес деди. Юстиция министрлиги бир ишкана жок, бир кишиге айлык төлөп иштеткен эмес деди. Бул эмнени билдирет? Президент Бакиев жакшы менен жамандын, арам менен адалдын айырмасын билбейт. Мындай кылмыштуулукту ууру кылмыштуулук дейт, мындай бизнести уруу бизнес дейт. Үчүнчү мисал, ошол эле сессияда Бакиев айткан: “менин туугандарымдын балдары бар, алар да келиш керек, буларды эмне мен багышым керкекпи”, - деп. Эмне үчүн аларды эл багыш керек, алардын эмне колу-буту жокпу. Миллиондогон адамдар өзүн-өзү багып атат, мамлекеттик чиновниктер дагы отурат, биз булардын үй-бүлөсүн багышыбыз керекпи. Мына анын баалуулугу, мына анын идеологиясы. Мына ушул идеологиянын кесепетинен бүгүн өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу орноду.

Бүткүл кыргыз экономикасы, кыргызстандыктардын баары бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Телеком, электр тармагы баары булар пайда алыш үчүн сатылып отурат, жүздөгөн миллион долларлык “Түндүк электрону” 3 млн. долларга сатты. Бул анын үч жумалык гана пайдасы. Өз шапкабызды өзүбүзгө кийгизип, бул баалуулуктарды алар чөнтөгүнө алып, Гуревич менен сыртка пулдаганы атат. Кечээ Данияр Үсөнов айтты, “Гуревичиңер ким, мен аны билбейм”,- деп. Гуревичке пенсионерлердин пенсиясын берди, ошонун чөнтөгүндө турсун, мамлекет шалтурук дейт Бакиев, биз башкаралбайбыз жеке менчикке бериш керек деп пенсиялык фонду Гуревичтин чөнтөгүнө салды, ушул бала жакшылап башкарат деди.

“Кыргыз алтынды”, аэропортту, бүтүндөй Кыргызстандын майлуу стратегиялык тармактарын ошолорго берди, ушулар башкарат деди. Аларды менин мурунку досум Мелис Эшимканов мактады. “Бул жаңы раса, силерге окшобойт карапайым кыргыздар, булар ак сөөк, силерден жогору турат, мына ушулар башкарат, ушулар силерди жакшы турмушка алып барат”, - деди. Мына “мактаган кыз тойдо осурат” дегендей, буларды биздин эгер чотубуз иштебесе, биздин мыйзамыбыз иштебесе Италиядан куйругу чыкты. Италияда Гуревич мафиянын бухгалтери болуп чыкты. Мафия деген сөз италиялыктарча бул үй-бүлө дегенди билдирет экен. Демек бизге мафиялык башкаруу бийлиги келди. Биз муну жокко чыгарышыбыз керек. Италияда мафияны “Козаностра” деп, бул биздин ишибиз дейт экен.

Биздин ишибиз таза, биздин ишибизди, жолубузду аксылыктар менен алайлыктар көрсөтүп жатышат. Биз ушундай таза жолдо, таза күрөш менен бул бийликти жеңебиз.

Темир Сариев, “Ак шумкар” партиясынын төрагасы: “Жүрөгүбүздөгү азаттыкты өчүрө албайт”

- Чындыгы жок жашоо болбойт. Чындык качан болот? Чындык мыйзам иштегенде болот. Мыйзамды ким иштетет? Мыйзамды бийлик иштетет. Бийликти ким түзөт? Бийликти эл түзөт. Кыргыз эли эгемендүүлүктүн ээси, бийликтин бирден-бир булагы деп жазган биздин Конституцияга. Карабайсыңарбы турмуштун кызыгын, Бакиев 2005-жылы элдин мүдөөсү менен, элдин талабы менен ушул бийлик алмашканда элге таянып келген. А бүгүн элден коркуп митинг өткөрбөйм деп, аянтты бербейм деп, стадионду бербейм деп элдин сөзүн уккандан коркуп турат. Эгерде бийликтин элге ишеними жок болсо ал бийлик алсыз, ал бийликтин аброю, сөзүнүн күчү, кылган иши элдин алдына чыгын айтайын деген сөзү жок болот. Мына бул жерге эл кылкылдап эмне үчүн келип отурат, кылаар жумушу жок үчүн келип олтурабы. Жок, жүрөгү ооруп, ичи ачышып чыдай албай келип олтурат.

“Азаттык” радиосун өчүрүп койсо болот, кнопка колунда, “Би-Би-Сини” уктурбай койсо болот, жөн гезиттерди жаап кечеки “Форум” гезитине окшоп баарын камап койсо болот, бирок кыргыздын жүрөгүн жаба албайт. Жүрөгүбүздөгү азаттыкты өчүрө албайт, бийлик билиш керек - эл чечет, элдин толкуну чечет, элдин талабы чечет.

Бакиев “мен курултай чакырып атам, ошол жерде эң орчундуу маселелерди карайм” деп айтып отурат. «Ак шумкар» партиясы 23үндө биз 5 талап менен чыгып отурабыз, ошол күнү чечилсин, ошол чечимдерди кабыл алып, президент ошол күнү кол койсун деп. Ал кандай талаптар? Биринчиси, “Түндүк электро” менен “Кыргызтелекомдун” сатылышы мыйзамсыз, ал элдик менчикке кайтарылып берилсин. Экинчи талап, тарифтерди Данияр Үсөнов деген асмандан алып 1 сом 50 тыйындан койду. Бул мыйзамсыз. Өз ордуна алып келип койсун. Сууну мыйзамсыз сатып атышат, энергияны уурдап атат, ошолордун аттары айтылып атат бул жерде. Мен кайталабайын. Алардын баары тең жоопко тартылсын.

Үчүнчүсү, жакын баласы, бир туугандары мыйзамсыз мамлекеттик кызматтан кетсин. Ошол президент мыйзамсыз түзгөн мамлекеттик органдар жоюлсун. Ал кайсы органдар? Борбордук агенттик, мамлекеттик министрлик дагы башка президенттин астында түзүлгөн мыйзамсыз органдар. Төртүнчүсү, президент Конституцияга өзгөртүү киргизип, «Ак жолго» берип, алар биринчи окууда колдоп отурат. Ал өзгөрүү Кырыгызстанды үй-бүлөлүк башкарууну мыйзамдаштыруу деп табабыз биз. Ошон үчүн анны чакыртып алышы керек.

Бешинчи талабыбыз, бул жерде баарыңар көтөрүп турган генерал Исмаил Исаковду мыйзамсыз соттоду, ал бошотулсун. Балыкчы окуясында таламын талашып, өз укугун талашкан балдар мыйзамсыз соттолду. Алар бошотулсун. Дагы Петровкада кыргыздын келечегин коргойбуз деген жигиттерди калп жалаа менен соттойбуз деп атат. Ал сот токтотулсун. Мына биз ушул беш талап менен 23-мартта филармонияда Ынтымак курултайы өтөт дейт, ошонун астына митингге чыгып атабыз. Мен өз колум менен Бишкек мэри Түлөевге алып бардым катты, алар сотко берип чыгарбайбыз дейт. Бирок биз чыгабыз. Биз ошол жерге барып өзүбүздүн талабыбызды бергенге эч ким бөгөт кое албайт. Сөзүмдүн аягында айтаарым урматтуу кыргызстандыктар, урматтуу мекендештер, кылым карыткан кыргыз тарыхында кандай гана оор учурлар болгон эмес. Билесиңер, мына азыр тарых жөнүндө көп жазылып, көп айтылып жүрөт. Кытай менен канча кармаштык, калмак менен канча кагыштык, бирок майышкан эмеспиз, сынган эмеспиз. Улут катары Ала-Тоону мекендеп, Ысык-Көлдү, Алайды, Арпаны сактап келген кыргыз эли, кыргыз элинин азаттыгын эч ким сындыра албайт. Жеңиш биздики болот.

XS
SM
MD
LG