Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Апта окуясы: Президенттик шайлоого расмий камылга башталды


Президенттик шайлоону эмдиги жылга эмес, быйылкы жайга дайындоо аптадагы олуттуу окуя болду. Конституциялык Соттун чечиминен улам парламент келерки президенттик шайлоону 23-июлга белгиледи.

Жогорку Кеңештин жума күнкү жалпы сессиясы президенттик шайлоону 23-июлга белгиледи. Бул күндү сунуштоодо жалпы сессияга парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук комитети Конституциялык Соттун чечими менен негиздеди. Конституциялык Сот келерки президенттик шайлоо 25-октябрга чейин өтүшү керек деген деген тыянакка бейшемби күнү келген.

Ошол эле күнү президент Курманбек Бакиев жергиликтүү телеберүү аркылуу калкка чыгып, ага макул болгондугун билдирди:

- Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун суроо-талабын карап чыгып, жаңыдан шайланган Кыргыз Республикасынын президенти 2009-жылдын 25-октябрынан кеч эмес кызматка кириши керек деген чечимин кабыл алды. Бул кайра кароого жатпай турган акыркы чечим. Мен Конституциялык Соттун кандай чечими болбосун президент катары дагы, өлкөнүн жараны катары дагы аткара турганымды мурда эле айткамын.

Конституциялык Сот кандай чечсе ошого баш ийерин президент Бакиев 11-февралда журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында да алдын ала белгилеген болчу.

Конституциялык Сотто кароо зарылдыгын адегенде СДП фракциясы көтөрүп чыккан. Фракция азыр иштеп жаткан президент 2003-жылкы Баш мыйзам менен шайлангандыктан, ошол Баш мыйзамдын негизинде келерки шайлоого барышы керек деген көз карашын коомчулукка былтыр эле жарыялаган. 2003-жылкы Конституцияда президенттик мөөнөт беш жыл экендиги, мөөнөтү бешинчи жылга караганда, октябрдын акыркы аптасында келерки президенттик шайлоо өтөрү жазылган.

Мына ушуга таянып көтөргөн социал-демократтардын маселеси саясий чөйрөнүн бүйүрүн кызытып турган кезде ушул эле фракциянын мүчөсү Асылбек Жээнбеков өз атынан Конституциялык Сотко бир ай мурда кайрылган. Бул өз кезегинде президенттик шайлоо мөөнөтүн чукулдатууга себепчи болду.

Ошентип президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланышкан талаш күн тартибинен алынып, Конституциялык Соттун чечими канчалык негиздүү болду деген маселе бүгүн көп кырдуу талаштарга жем таштады.

Конституциялык Соттун чечиминин негизинде шайлоо күнүн аныктаган Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук комитети парламент чечимин төмөнкүдөй негиздеп жатат:

- Бардык шайлоого катышчу жарандарга бирдей шарт түзүш үчүн шайлоо төрт айдан кем эмес убакыттын ичинде белгилениш керек. Башкача айтканда шайлоо төрт айдан кийин болуш керек. Бул бир. Андан кийин бул шайлоонун жыйынтыгын БШК беш күндөн кийин чыгарат. Ал чыккандан кийин Конституциялык Сотко жөнөтүлөт мыйзамдуу, Конституциянын негизинде өттүбү деп. Корутундуну Конституциялык Сот жети күндүн ичинде берет. Корутунду чыккандан кийин шайланган киши бир айдын ичинде ошол президенттин ыйгарым укуктарына киришүү аземи болот. Бул мамлекеттик расмий өтө турган мыйзамдуу иш чара. Аны инагурация деп айтып жүрүшөт.

Анан бул жерде шайлоо бир тур менен эле өтпөй, эки тур болуп калышы мүмкүн. Андай болсо биринчи, экинчи турдун ортосу дагы эки жума болот. Анан аны дайындоо мөөнөтү, анын чыккан жыйынтыгы, башка бардык процедураларды эсепке алганда президент жаңы ишке киришкен датасы 25-октябрдан кеч эмес болушу керек. Ошондуктан биз укуктук жактан бул мөөнөттөрдүн бардыгын эске алып 23-июль күнүнө деп токтодук.

Мындай түшүндүрмөнү журналисттерге Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрага орун басары Автандил Арабаев берди.

Бирок президенттик шайлоо күнүн аныктоо боюнча кабыл алынган чечимдер ириде эле маселенин алгачкы демилгечиси социал-демократтарды ынандырган жери жок. Фракция төрагасынын орун басары Иса Өмүркулов жума күнү парламентте сүйлөгөн сөзүндө Конституциялык Сот баш мыйзамга төп эмес чечим кабыл алды деп сындады:

- Конституциялык Соттун элде баркы кетип атканы ушунда. Мурунку Конституциялык Соттун жолун бул Конституциялык Сот да ээрчип баратат. Мурунку Конституциялык Сот улам-улам референдум өткөзүп, улам туура деп, улам-улам шайлоого алып барып, Акаевди он беш жыл башкарткан. Бул Конституциялык Соттун дагы биринчи эле принципиалдуу чечими дагы мыйзамсыз болуп чыкты деп айтам. Себеби ал Конституцияда октябрдын эң акыркы жекшембиси деп жазылып турат. Болду. Андан башка жазуу жок. Конституциялык Сот ошону эле аныктап коюшу керек болчу. Тилекке каршы андай болбой калды.

Фракция башчысы Бакыт Бешимовдун көз карашында, мындай чечим кабыл алгандан кийин Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй шайлоо октябрдын акыркы аптасына белгиленбей калгандан кийин муну мөөнөтсүз шайлоо деп эсептесе да керек.

Президент Курманбек Бакиевдин таламын коргогон “Ак жол” фракциясы баштаган саясатчылар президент Конституциялык Соттун чечимине макул болуу аркылуу оппозициянын талаптарына жооп кайтаргандыгын белгилеп жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрага орун басары, Конституциялык Соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова билдирди:

- Президенттин мөөнөтү бир жылга жакын кыскарып атат. Күнмө-күн эсептей келгенде. Президент дагы кечээки сөзүндө Конституциялык Соттун бул чечимин колдогонуна байланыштуу мен ага дагы ынанып атам. Ал киши өзүнүн оппоненттеринин ар кандай ыкмалар менен бийликке тырмышып атат деген дооматынан кутулуп атат. Мындай нерсе мурда, эсиңиздерде бар, биздин шартыбызда болгон эмес. Экинчи нерсени да айтып кетейин, оппозиция президенттин азыркы аткарып аткан иштерине өзүнүн позициясын айтып атканда эртерээк шайлоо өткөнүн эңсеп аткан болчу. Ага да жооп берип атат деп ойлоп атам.

Чолпон Баекова жетектеп турган мезгилде Конституциялык Сот президенттик мөөнөттөр боюнча кабыл алынган көптөгөн чечимдер коомчулукта катуу сынга кабылган. Президенттик мөөнөттөрдү жасалма узартуунун арты мурдагы президент Аскар Акаевдин бийликтен күч менен кетишин шарттаган негизги себептерден болгону белгилүү.

Ушуну эстеткен оппозиция азыр ошол эле тагдырды кайталабоонун жолдорун азыркы бийлик унутпашы керектигин айтып чыгышты. Мындай пикирин “Азаттык” менен “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев бөлүштү:

- Эч кандай мыйзам бузуулар болбош керек да, бардыгы Конституцияга шайкеш келиши керек. Тилекке каршы Конституциялык Сот 25-октябрдан кеч эмес өткөрүлүп, президент шайлансын десе, булар 23-июлга коюп атат. Бул болсо жайында, эл жокто административдик ресурсту колдонуп туруп, шайлоо өткөрөбүз дегени. Мунун аягы чоң чыр менен бүтүшү мүмкүн. Муну бүгүн ошо Жогорку Кеңеште отурган депутаттар дагы, бийлик да түшүнүшү керек.

Ал эми “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдиргенине караганда, жаңы дайындалган президенттик шайлоо деле мыйзамдын жетегинде эмес, бийликтин кызыкчылыгына ылайык жүргөнү калды:

- Жай айларында бардык өлкөлөрдө эле саясий активдүүлүк төмөн болот. Эс алуунун убагы дегендей. Жылуу учур. Ошол убак тандалды. Ал убакты тандаганга эч кандай негиз жок. Бул алиге чейин Конституциялык Сот бийликтин буйругун аткарып келаткандыгынын далили. Ал эми шайлоого даярдыктар төрт-беш айдан бери эле жүрүп жаткан. Азыркы Жогорку Кеңеш январда шайлоо Кодексине бир топ так эмес нормаларды, өзгөртүүлөрду киргизип, азыр төрт айдан мурун каалаган күнгө кое алышат. Ошентип булар бейшемби күнгө коюшту.

Ошентип оппозицияны азыр добуш берүүнүн иш күнгө, анын үстүнө жай саратанга дайындалышы ого бетер тынчсыздандырып, административдик ресурстарды пайдаланууга эң оңой учур деп жатат.
Анткен менен президенттик шайлоо мөөнөтү дайындалары менен эле саясий чөйрөдө келерки президент ким болот деген маселе күн тартибине чыкты. “Ак жол” партиясынын катарындагы саясатчылар азыр президент Курманбек Бакиевдин талапкердиги кайра көрсөтүлөрүн ачык-айкын эле айта башташты. Анын үстүнө 11-февралдагы маалымат жыйынында Курманбек Бакиев өзү дагы келерки президенттик шайлоого барарын "Барамын. Себеби Конституциянын негизинде укугум бар. Мен ошол укугумду пайдаланышым керек" деп жарыялаган болчу.

Бакиев ошол эле маалымат жыйынында президенттикке талапкер бир топ азаматтар бар экенин кыйыткан. Бирок азыркы президент шайлоого барарын ачыктап турган кезде анын тилектештердин арасынан кимдир бирөө ага атаандаш болом деп суурулуп чыгары күмөн.

Мыйзам боюнча президенттик шайлоого катышаар-катышпасын, кимди сунуштаарын же колдоорун саясий партиялар өздөрүнүн кезексиз курултайларында аныкташы керек. Мындан тышкары Бириккен оппозиция бир күч болуп президенттик шайлоого барыш ыктымалдыгын да жокко чыгарган жери жок.

Бул тууралуу Темир Сариев буларды белгиледи:

- Бизде ошол оппозициялык күчтөрдүн, партиялардын арасында шайлоого бирдиктүү күч болуп баруу деген түшүнүк бар. Ал эми конкреттүү талапкерлер жөнүндө жакынкы келечекте сүйлөшөбүз.

БЭКтеги башка лидерлер президенттикке талапкерди аныктоо багытындагы кеп-кеңештер 27-мартка белгиленген нааразылык акцияларынан кийин башталарын айтып жатышат. Мунун себебин Өмүрбек Текебаев төмөнкүдөй негиздеди:

- Шайлоо бийликтен кетирүүнүн, бийлик алмаштыруунун эң ыңгайлуу учуру. Демек алдыдагы митинг актуалдуу болуп калат.

Талапкер болуш ыктымалдыгы бар, оппозициядагы төбөсү көрүнгөн лидерлерден айырмаланып өзүн конструктивдүү оппозицияда санаган “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун президенттик шайлоого катышуу ниети жок. Муну "Азаттыкка" берген интервьюсунда Бакиевдин тандемдеши, салмактуу саясатчылардын бири деп эсептелген, алтымыштан ашып бараткан “Темир Феликс” өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн керек деп негиздеди.

Ошентип, президенттик шайлоо күнү жарыялангандан кийинки коомчулуктун бүйүрүн кызыткан дагы бир маселе келерки президенттик шайлоого азыр бийликте турган Курманбек Бакиевге тең ата талапкер тууралуу маселе болууда. Маселен, талдоочу Жамгырбек Бөкөшовдун пикиринде, бийликке тап берип турган оппозициянын күчүн баалабай коюуга да болбойт. Ошол эле мезгилде президенттик жарышка коомчулукка азыр белгисиз саясатчылардын бири суурулуп чыгышы да ажеп эмес.

Ал эми саясат таануучу Марат Казакбаевдин болжолунда, президенттик жарышка экиден ашпаган талапкер чыгып, алардын бири оппозициядан болушу мүмкүн. Талдоочу бул үчүн оппозициядагы саясатчылар жеке дымактарын токтотуп, бир талапкерди чыгарууга эркин жыйнашы керек.

Келерки президенттик шайлоого расмий камылгалар ушинтип өтүп бараткан аптада башталды. Бирок айрым талдоочулар 23-июлда, бейшемби күнү өтөөрү күтүлүп жаткан бул шайлоо мезгил өткөндөн кийин дагы бир соттук териштирүүлөргө жем ташташы толук ыктымал деп болжошууда. Буга биринчиден, 2003-жылкы Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй президентитк шайлоо иштеп жаткан президенттин мөөнөтүнүн бешинчи жылында, октябрь айынын акыркы жумасына эмес, андан эрте мөөнөткө белгилениши түрткү болушу мүмкүн. Экинчи себеп катары президент Курманбек Бакиевдин президенттик кызматта Конституцияда көрсөтүлгөндөй беш жыл эмес, төрт гана жыл иштешин айтышууда. Бул өңдүү талаштар Баш мыйзамдын кайра жазылышын шарттайт дегендер да саясий чөйрөдө жок эмес.

Март ыңкылабынан кийин мурдагы президент Аскар Акаевдин ордуна келген Курманбек Бакиевди кыргызстандыктар президенттик кызматка биринчи жолу 2005-жылдын 10-июлунда шайлашкан. Бакиев президент болгону Конституция үч ирет алмашты.

Өлкө башчылыгына ким татыктуу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG