Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Шайтан оюндар күчөдүбү?


Алдыдагы президенттик шайлоону утурлай «Таза шайлоо үчүн!» коомдук бирикмеси түзүлүп, үгүт процессине байкоо жүргүзүп атышканын жарыялашты. Алардын айтымында, Социал-демократтар менен «Ак шумкар» партиясы үгүт маалында жалган маалыматтарды таратышууда. Айрым серепчилердин баамында, шайлоо алдында шашылыш түзүлгөн мындай уюмдар кайсы бир талапкерлерди каралоону максаттаган саясий технология болушу мүмкүн.

“Таза шайлоо үчүн!” коомдук бирикмесин үч уюм биригип түзүшкөн. Негизги максаттары үгүт иштерине байкоо жүргүзүү жана таза шайлоо болушуна көмөктөшүү. Бул уюмга кирген “Кыргызстан студенттеринин альянсынын” төрагасы Төрөбек Пратовдун айтымында, аларды эч кандай мамлекеттик же эл аралык уюмдар каржылаган жок жана алар байкоо иштерин өз каражаттарына эле жүргүзүп атышат.

“Буга көп деле акча кетпейт. Биздин мүчөлөрүбүз бардык аймактарда болгондуктан телефон жана башка байланыш каражаттары аркылуу маалымат алышып турабыз. Ошонун негизинде мониторинг жүргүзөбүз”,- дейт Т.Пратов.

Ошондой эле эл президенттикке талапкерлердин ар бирине токтолуп, оппозиция тараптан жарышка аттанышкан Темир Сариев менен Алмазбек Атамбаевдерге азыноолак тоскоолдуктар уюштурулуп атканын, алар менен жолугушууга келген элдин саны абдан аз экенин, бирок алар көп эл келгенин айтып коомчулукка туура эмес маалымат берип жатышканын айтат:

- Бизде топтолгон маалыматтардын негизинде айтсам, талапкер Темир Сариев 20-июнда Баткен облусунда 20-30 шайлоочу менен жолугушкан. Бирок “Ак шумкар” саясий партиясы өз интернет сайтында миңден ашык эл келди деп жатышат. Алмазбек Атамбаев болсо 18-июнда өзүнүн алгачкы жолугушсун Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда өткөрдү. Социал-демократтардын айтымында жолугушууга 500 чамалуу адам келди. Бирок реалдуу маалыматтардын негизинде 150 чамалуу гана адам келгени белгилүү болууда. Кийинки талапкер Курманбек Бакиев өзүнүн үгүт ишин Талас облусунан баштады. Ал жолугушууга 7000 чамалуу адам катышты.

Талдоочулардын айтымында, Кыргызстанда чоң шайлоолор болор алдында ар кандай коомдук уюмдар көбөйүп, талапкерлер атайын иштелип чыккан технологиялар боюнча бири-бирин каралоо, беделин түшүрүү аракеттерин көрүп келишкен.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, жаңы пайда болгон “Таза шайлоо үчүн!” коомдук бирикмеси деле ошондой уюмдардын бири болушу ыктымал. Анткени мындай шайлоого мониторинг жүргүзүү үчүн кыйла чоң каражат сарпталат, андыктан булардын өздөрү демилге көтөрүп, өз каражаттарына байкоо жүргүзүп жатышына ишенүү кыйын:

- Албетте бул саясий технология. Азыр бийлик дагы, оппозиция дагы ар кандай технологияларды колдонуп жатышат. Адамдар ойлонушу керек. Эмнеге шайлоо алдында эле ар кандай коомдор, уюмдар көбөйүп кетти. Мониторинг жана байкоо иштерине абдан көп акча кетет. Ошол себептүү муну саясий технологдордун иши деп айта алабыз. Мурунтадан бери иштеп келаткан уюмдардын байкоосуна ишенсе болот. Ал эми мобундай жакында эле чыга калгандарына ишенүү кыйын.

Көпчүлүккө таанымал “Мен ишенбейм” кыймылынын активдүү мүчөлөрүнүн бири Мирзат Ажиевдин айтымында, жаңы түзүлө калган “Таза шайлоо үчүн!” уюмунун курамындагылар ага такыр тааныш эмес. Буга чейин алардын кайсы бир иш-чарага катышканын көрбөгөнүн, укпаганын айткан Мирзат Ажиев, бул уюмга кирген жаштар жөн гана саясий курал катары пайдаланылып жатышы мүмкүн экенине токтолду:

- Ачык айтсам, биз бул уюмдагыларды анча билбейбиз. Мурда деле булар активдүүлүгүн көрсөтүшкөн эмес. Чынында шайлоо алдында эле бириге калып, “таза шайлоо” деп чыгып атышканын кандайдыр бир денгээлде бийликтин ыкмасы деп эсептейбиз. Бул жаш балдардын мурда кандай иштерди кылышканын, эмне кылып жүрүшкөнүн мен билбейт экенмин.

“Таза шайлоо үчүн!” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү акыйкат шайлоону көздөшөрүн, ошол себептүү үгүт иштерине мониторинг жүргүзө башташканын жарыялашканы менен, аны кандай метод, кандай жол менен жүргүзүп атышканын тактап айта алышпады. Талдоочулардын баамында, каражатсыз жана кайсы бир методдорсуз мониторинг жүргүзүүгө мүкүн эмес. Андыктан, бардык эле шайлоого байкоо салган топтордун айткандарына ишенүүгө болбойт дешет.

XS
SM
MD
LG