Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Тарых Таластан башталабы?


Бүгүн жарык көргөн өкмөттүк “Кыргыз туусу” гезити Талас шаарында өтө турган Элдик революция кыймылынын жыйыны тууралуу ооз ачпаса, “Ачык саясат” жана “Аалам” гезиттери негизги кабарларын ушул жыйынга байланышкан маалыматтарга арнаган...

“Ачык саясат” гезити “Сариевди садага чапкысы келгендер кимдер?”, “Куугунтуктун курмандыктары” деген макалаларды жана Азимбек Бекназаровдун “Ревкомдун машинеси өрттөлдү”, Топчубек Тургуналиевдин “Мени Таластан чыгып кет” дешти” деп айткандарын 1-бетине алып чыкты. Эми ичин барактап көрөлү. Гезит чакан кабарларынын биринде, бийлик тараптан 10 күн мурда түшүрүлгөн “десанттар” революция активисттеринин артынан аңдып, дубандагы тургундарды элдик жыйынга келтирбөө айла-амалын жүргүзүп жатканын, Ревкомдун Талас шаардык штабынын башчысы Муктар Шералиевдин машинасын өрттөп кетишкенин маалымдады.

Гезит мындан тышкары алдыдагы дагы бир жыйын – 29-ноябрда өтө турган “элдик курултай” тууралуу айрым саясатчыларга суроо салганда ЖК депутаты Роза Отунбаева, “Бул жөнүндө эчтеке билбейм” деп, ЖК депутаты Кабай Карабеков, “Азыркы биригүүнү мен биримдик деп эсептебейм” деп, саясатчы Аликбек Жекшенкулов, “29-ноябрда суук болуп калгандыгына байланыштуу кандайдыр бир имаратта өткөрсөкпү деп ойлонуп атабыз. Эгер андай болсо элдин саны азыраак болуп калат го” деп, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова, “Андан көрө бийлик менен оппозиция сүйлошүүлөрдү жүргүзүп, элди кыйнабай, ич ара келишимге келсе жакшы болсо болмок” деп, “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Булекбаев, “Жеке өзүм “Курманбек Салиевич, криминалдашкан үй-бүлөңүз менен бирге кыргыз элине бир жакшылык кылып, өз ыктыярыңыз менен кетиңиз” деп талап койгону турам” деп, “Акыйкат” жаштар кыймылынын лидери Максатбек Жолдошбеков, “Курултайды кыргыз коомчулугунун арасынан суурулуп чыккан жаштар да колдойт. Бирок курултай биздин жашообузду түп тамырынан бери өзгөртүп жиберерине көзүм жетпейт. Анткени оппозициянын арасында саяысый туруксуздугу чегинен ашкан саясатчылар бар” деп, “Ала Тоо плюс” программасынын алып баруучусу Гүлзаада Медералиева, “Үмүтүм зор болгон менен ишенимим жок, себеби, эл көтөрүлүп чыгарына көзүм жетпейт. Анткени, акыркы күндөрү эл жарык өчсө деле, азык-түлүк кымбаттаса деле, кара башыл адамдар жоголуп жатса деле унчукпай, кайдыгер болуп кетти. Мындай кайдыгерлик менен элдик курултай өз максатына жетерине ишеним аз” деп жооп берген.

“Аалам” гезитинин атайын кабарчысы Күнболот Момоконовдун баяндамасы боюнча, Таласта элдин айбаты, деми күчтүү, бирок ал бийликке да, оппозицияга да нааразы. Учурда эл менен сүйлөшүп жалгыз Т. Тургуналиев жана ревкомдун Талас боюнча координатору Р. Нурматова жүрөт. А. Бекназаров мына-мына келет деп жатат. Тешерилбеген маалыматтарга караганда Талас шаарына 250 ОМОН түшүрүлүп, жергиликтүү күч органдары күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү деп айтылат. Ушул эле маалыматтын жанына Талас шаардык Ички иштер башкармасынын начальниги, полковник Кадырбек Жаркыналиевдин билдирүүсү да басылган. Аны айтуусунда Талас тынч. Эч кандай күтүүсүз окуяларга жол берилбейт. Элдик жыйын күндүзгү саат 12ден 3кө чейин борбордук стадиондо өтөт. Ал эми Муктар Шералиевге тиешелүү машинанын өрттөнүп кеткени чын, бирок ал атайын кимдир бирөөлөр тарабынан эмес, техникалык себептерден улам өрттөнүп кеткен. Экспертизанын бүтүмү ушундай. 250 ОМОН түшүрүлүптүр деген жалган. Жыйын тынч, мыйзам чегинде өтөт.

Ушул эле гезит аркылуу “Энергетика тармагы канча муундардын эмгегинен, азап-тозогунан жаралган жалпы Кыргызстандын калкынын байлыгы. Байлыгы гана эмес экономиканын, өндүрүштүн, кыбыр эткен кыймылдын рычагы. Негизи бул тармакты сатууга мен каршымын. Аба менен суу кандай керек болсо электрэнергиясы бизге ошондой керек. Эгер бул тармак жеке менчикке өтсө, жаңы кожоюндар эртең эле “каалайсыңарбы, жокпу, ар бир киловаттка 5 сомдон төлөгүлө” десе, элдин көргөн күнү эмне болот?” деп айтты “кыргыз энергетикасынын атасы” аталган аксакал энергетик Жамалбек Түлөбердиев.

“Кыргыз туусу” гезити Кыргызстандын мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун деректири, профессор Асанбек Ажыбековдун жайыттардын көйгөйүнө арналган маектешүүсүн окурмандарга сунуш кылды. Адистин айтымында мурдагы совет дооруна караганда малдын саны кыскарган. Бирок мындан улам деле жайыттарды пайдалануу абалы жакшырып кеткен эмес. Маселен, мал менчикке өткөндөн баштап жакынкы жайыттар гана тепселе берип, алыскы жайыттар пайдаланылбай калган. Мындан улам жайыттардын чөбү үстү-үстүнө чирип, көң болуп, өзүнөн өзү өрттөнүп кеткен учурлары кездешүүдө. Жакынкы жайыттар эрозияга учурап, жылдан жылга түшүмдүүлүгү азайып жатса, алыскы жайыттарды уулуу чөптөр басууда. Ошондуктан жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну айыл өкмөттөрүнүн карамагына өткөрүп берүү керек.

Гезиттин ушул эле санына Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жумановдун Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган дин боюнча жакшы мыйзам кабыл алып бергенине ыраазы болгон каты президент К. Бакиев менен ЖК төрагасы А. Тагаевге багышталып жарык көрдү...

XS
SM
MD
LG