Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Борбордук бийлик борпоң


Чек айылындагы элдин башына убайым түштү
Чек айылындагы элдин башына убайым түштү

Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү гезиттер өлкөнүн чек ара маселесин талкууга алган макалаларды да басты.

“Дело №... “ гезити Ноокендин Чек айылындагы чатактуу окуя тууралуу баяндап: “Кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна” дейре кеп болуп, анан коңшу мамлекеттин ээлигине өтүп кеткен алгачкы кыргыз айылы Чек болду окшойт. Өздөрүнүн каалоо-эрки жок эле бир заматта Өзбекстандын аймагында “жашап” калган кыргыз жарандары эми эмне болот? Эмне үчүн аларды коңшу Тажикстандан “өтүп” келип отурукташып жаткан тажиктердин ордуна жайгашытрууга болбойт?” деген суроо койду.

Бул окуяга Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев көз карашын мындайча билдирди.

М. Жураев: - Түштүктө туулуп-өсүп, түштүктүн көйгөйүн жакшы билген адам катары айтайын, менимче чегарадагы мындай абал эми ай сайын начарлайт. Себеби суу бөлүштүрүү маселесинде Кыргызстан бекем позицияны сактанарын билдирди. Күтүүсүз жагдайларга биз бөлөк тармактарда да туш болушубуз мүмкүн. Маселен Өзбекстан газын өчүрүп, автоунааларга чектөө кийирип салышы ыктымал. Кыргызстандын Камбар Ата ГЭСин куруп жатканы эле өзбек тараптын кыжырына тийүүдө. Биз качан болсо коргонуу жагына ыктайбыз. Мындан ары ар кандай жаңы жагдайларга даяр турушубуз керек.

“Дело №...” гезити андан ары “Өткөн дем алышта УККнын “Альфа” деп аталган жабык күч кызматынын бир офицерин жырткычтык менен өлтүрүп кетишти. Экөө оор жаракат алды. Бул көрүнүш акыркы айлардагы табышмактуу кылмыш окуяларынын тизмесин дагы толуктады” деп белгилеп, “альфанын жигиттери” кандуу окуянын алдында Бишкектин “Фараон” деп аталган түнкү клубунда Жеңиш Күнүн майрамдап олтурушканын, чатактын оту ошол жерден тутанып, анын биринчи кезеңи “Альфанын” жеңиши менен аяктап, экинчи кезеңи калаа четиндеги аскер бөлүгүнүн жанында уланганын кабарлаган. Мына ошондон кийин шаардык 4-ооруканага көөдөнү, курсагы тилинген, ур-тепкиге алынган 3 офицерди алып келишкен. Бирөө кансырап жатып жан берген. Аты – Максим Горохов. Калган экөөнүн аты - Таалайбек жана Артем. Гезит “Бул кандуу окуя кантип чыкты? Эмне үчүн чекисттер муну өтө эле жашырып-жаап жатышат?” деп суроо койгон.

Чек айлындагы чегара чатагын “Аргументы и факты в Кыргызстане” жумалыгы да жазып чыкты. Кыргыз тарап бул инцидентти провокациянын ачыктан ачык жасалган түрү деп эсептеп, өзбек тарапка буга укуктук баа берүүгө чакырган билдирүү талабы менен чыкса, Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилиги муну “тенденциялык билдирүү, ал өзбек-кыргыз чек арасындагы абалды татаалдаштырат жана баш-аламандыкка алып келет” деп баалаган.

Гезит бул боюнча айрым эксперттердин ойлорун ортого салганда Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов буларды айтты:

М. Ниязов: - Талаштуу аймактардагы мындай окуяны өзүнчө инцидент катары кароого болбойт. Кеп акыркы кездери Кыргызстандын чегара аймактарында улам күчөп бараткан опурталдуу жагдайлар тууралуу баратат. Республиканын ичиндеги, ошондой эле анын сыртындагы, атап айтканда чегараларындагы мындай чыңалуунун очогу – Борбордук бийликтин дармансыздыгында жатат. Жеткилең билимдин жана тажрыйбанын жоктугунан улам бул бийлик Кыргызстанды артка кайталбай турган чекке чейин жеткирди. Ошон үчүн биздин алдыбызда бүгүн мамлекетибизди сактап кала алабызбы деген маселе өзгөчө актуалдуу болуп турат.
Өзбекстан бизге эгемендикке ээ болгон күндөн тартып эле кыртышы сүйбөгөн саясатын жүргүзүп келүүдө. Анын мындай аракеттерине биз тараптан оперативдүү жана адекваттуу, бирок агессивдүү эмес жооп берилиши керек болучу. Коңшуларга акецентти эларалык укуктук нормаларды сактоо жагдайында коюу зарыл. Ал эми азыр бизде алтургай эларалык коомчулуктун алдына алып чыга турган өз жүзүбүз жок. Биз ушунчалык байкуш болуп бүттүк, биз менен эч кимдин эсептешкиси келбейт. Тышкы саясат деген өтө олуттууу курал, аны менен дайыма жана дыкат иштегенде гана жаза басуулар аз болот.

“Жалал-Абад дубанынын Ноокен районуна караштуу Чек айылы облус борборунан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал Өзбекстандын Пахатабад району менен чектешет. Ортодон канал өтөт. Каналдын берки өйүзү – кыргыздардын Чек айылы. Каналдын аркы өйүзү - өзбектердин Янги – Чек айылы. Бул эки айылда жашаган кыргыздар менен өзбектер эзелтен эле дос, тамыр болуп, ынтымакта жашап келишкен.

Бирок бүгүн кимдир бирөөгө бул ынтымактын ыркын кетирүү керек болууда. Чек ара талашы эки мамлекеттин ортосунда биринчи эле жолу болуп аткан жери жок. Ушу кезде талашын тактай турган 50дөн ашуун жерлер бар.

Мындан тышкары Кыргызстандын аймагында 50 миң адамдан турган Сох жана Шахимардан деп аталган эки өзбек анклавы, Өзбекстандын аймагында 600 адамдан турган кыргыз анклавы – Барак айылы бар.

Дүйнөлүк тажрыйбада мындай талаштуу жерлерге жайгаштырууга жол берилбестигине карабастан Сох анклавында өзбектердин куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү турат” деп жазды “Аргументы и факты в Кыргызстане” жумалыгы.

Гезит мындан тышкары “Жер майдаланган тыйын сыяктуу” деген тема алдында өлкөнүн агрардык тармагындагы маселелерди козгогон макалалар топтомун сунуш кылды. Кыргызстандын аялдар конгрессинин башчысы Замира Акбагышева кыргызстандык аялдардын ишкерлиги тууралуу интервью берди.

Ал эми “Айылдыктарды кантип коргош керек?” деген макалада элет жериндеги мал уурдоо маселеси жөнүндө сөз болот.

Бүгүн ошондой эле “Замандаш” деп аталган журналдын май айынын саны күркөлөргө түштү. Кыргызстандан алыста жүргөн эмгек мигранттарынын жашоо-турмушун, алардын азыркы абалын такай жазып келаткан журнал адаттагыдай эле бул ирет да тарых, тил, каада-салт, маданият жаатындагы баяндарга кенен орун берген.

Журналдын жаңы санында журналист Кемел Белеков: “Өз уркуң ким кыргызбай?” деген ат менен, кыргыз улутунун башаты, анын ишеними жагдайында кеп салган.

Журналист: “Адам баласы эч кимге кул болбоого тийиш. Жараткан кайсыл тилде кандай аталбасын, Алла, Аллах, Кудай, Будда, Теңир – кул ээси эмес, кул кармоочу да эмес, ал - адам баласынын колдоочусу, ишеним ээси. Ошон үчүн Жараткан! Мына ушундай ынанымды кармаганда гана кыргыз элинин келечек мууну кулчулук психологиядан биротоло арыла алат” деп жазат макаласынын “Эч качан эч кимге кул болбойлу” деген бөлүмүндө.

Журналда муну менен бирге эле социология илимдеринин кандидаты Топчугүл Шайдуллаеванын “Жип үзүлсө - жүк кулайт” аттуу публицистикалык баяны, башка кызыктуу материалдар арбын.

XS
SM
MD
LG